Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Октябрь
2022

Новости за 28.10.2022

Эркин ЖМКлар президентке кайрылды

Azattyk.org 

Кыргызстанда бир катар ЖМК, активисттер, таанымал инсандар "Азаттыкка" тилектештик билдирип, сөз эркиндигин коргогон акция өткөрдү. Эркин медиалардын жетекчилери президент Жапаровго кайрылды. Орусияда кармалган жарандык активист Орозайым Нарматова менен Илгиз Шаменов Москвадан Бишкекке жеткирилди.

#Күч чындыкта: “Азаттыкка” тилектештик акциясы

Azattyk.org 

Кыргызстандагы эркин медиа каражаттары кысымга каршы #күччындыкта #силавправде хэштегдери менен масштабдуу маалыматтык өнөктүк баштады. Өлкөдөгү 20дай медиа үч саат бою сайттарына эч бир кабар жазбай, анын ордуна “Жаңылык чыкпайт. Жалпыга маалымдоо каражатына кысым күчөдү” деген текст жарыялашты.

Ирандын мунай тармагынын жумушчулары иш таштоого кошулат

Azattyk.org 

Ирандын мунай секторунда туруктуу эмгектенген жумушчулар 29-октябрга пландалган иш таштоого кошулат. Бул акция ансыз да эл аралык санкциялардан жабыркап келаткан, бирок киреше алып келүүгө кудуреттүү мунай тармагына дагы бир сокку болушу ыктымал. Иш таштоо өкмөткө каршы көтөрүлүшкө чыккандарга тилектештик иретинде өткөрүлүүдө. Бир айдан ашык убакыттан бери Иранда митинг, демонстрациялар тынчыбай жатат. Элдин нааразылыгына сентябрдын ортосунда Тегеранда хижаб кийүү эрежесин бузду деген шылтоо менен кармалып... Читать дальше...

“Азаттык”: демократияны эске салган эл аралык реакциялар

Azattyk.org 

АКШнын Мамлекеттик департаменти жана Евробиримдик Кыргызстанда "Азаттык" сайтынын эки айга бөгөттөлүшүн айыптады. Human Rights Watch (HRW) жана “Журналисттерди коргоо комитети” (CPJ) сыяктуу эл аралык уюмдар да кыргыз бийлигинин аракетин сынга алууда.  Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги чек арадагы жаңжал тууралуу материалга шылтап радионун веб-сайтын убактылуу жапкан. Радионун жетекчилиги сюжетке коюлган дооматка макул болгон эмес. “Кысым активисттерден кийин эркин басма... Читать дальше...

Мамбетжунус Абылов эки айга камалды

Azattyk.org 

"Кемпир-Абадды коргоо" комитетинин мүчөсү жана уюштуруучусу Мамбетжунус Абылов эки айга камалды. Бишкектин Биринчи май райондук соту анын бөгөт чарасын бүгүн, 28-октябрда карап, ушундай чечим чыгарды. Бул тууралуу адвокат Майрамбек Жумабеков "Азаттыкка" билдирип, кийин бул маалыматты райондук соттон дагы ырасташты. Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы Абыловго карата Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси (“Массалык башаламандык уюштурууга даярдануу”) менен иш козголгонун тактаган. Ал ИИМдин Тергөө башкармалыгына суракка чакырылып... Читать дальше...

Жанар Акаев: Эркин медиаларды жабуу аракети донорлор менен мамилеге таасирин тийгизет

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештеги “Альянс” фракциясынын лидери Жанарбек Акаев Кыргызстанда эркин медиаларды жабуу аракети эл аралык каржы донорлору менен мамилени суутуп, бир катар долбоорлордун токтошуна алып келиши мүмкүн экенин айтты. Бул тууралуу ал 28-октябрда фракциянын жыйынында билдирди. “Эл аралык медиаларды жабуу келечекте Дүйнөлүк банк, Эл аралык валюта фонду, Азия өнүктүрүү банкы сыяктуу эл аралык финансы институттарынын бизге масмилесин өзгөртүшү мүмкүн деген кооптонуу бар. Ошондуктан “Азаттык” сыяктуу... Читать дальше...

Сөз эркиндигин жактаган жаштар

Azattyk.org 

Соңку аптада 25тей саясатчы жана жарандык активист кармалды. Ага удаа эле эркин медиага каршы митинг жана сөз эркиндигин колдогон жөө жүрүш өттү. Бул окуялар жаштарга, алардын маанайына кандай таасир этти? Жаштардын үнүн "Азаттык плюстан" угуңуз.



Талас: балдар интернатынын камтама кылган тагдыры

Azattyk.org 

Бакай-Ата районундагы Чалдыбар мектеп-интернатында тарбияланган балдардын жакындары бул мекеме жабылуу коркунучунда турарын айтып, кабатыр болууда. Анткени бул имаратка Талас районунда жайгашкан "Манас" лицейинин окуу жамааты дагы көчүп келген. Эки мекеменин окуучуларынын бир жерде билим алып жатышы ата-энелер менен лицейдин мугалимдеринин нааразылыгына себеп болууда.

Адвокат Канат Хасанов дайыма барган кафеден тыңшоочу аппаратты тапканын билдирди

Azattyk.org 

Адвокат Канат Хасанов кафеде өзү отурган жерден үн жаздыруучу аппарат тапканын билдирди. Бул тууралуу жактоочу "Азаттыкка" өзү кабарлады. Аппарат адвокат көп каттаган кафелердин биринде, диванга жашырылып койгон жерден табылган. "Мен бир жылдан бери бир эле кафеге барып, бир орунда отурам. Дайыма жолугушуулар ушул жерде өтөт. Мен принципиалдуу түрдө кайсы бир түзүмдүн кызматкерлери камерага жаздырып жатканын билип туруп ушул жерге отурам. Бирок менин жашыра турган эч нерсем жок. Өз позициямды түз эфирлерде ачык айтып келем. Читать дальше...

Москвада кармалган Орозайым Нарматова Кыргызстанга алып келинди

Azattyk.org 

Москвада кармалган жарандык активист, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Орозайым Нарматова Кыргызстанга алып келингенин анын жакындары "Азаттыкка" билдирди. Бул маалыматты "Манас" эл аралык аба майданындагы өздүк булактар дагы ырастады. 27-октябрда Орозайым Нарматованы Москвада полиция кармап кеткени кабарланган. Кийин анын жакындары экс-депутатты 26-октябрдын түнү үйүнөн кармап кеткенин билдиришкен. Алар сүрөткө тартып алган документке караганда, Нарматова Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин... Читать дальше...

Евробиримдик өкүлү "Азаттык" сайтынын жабылышына тынчсыздануусун билдирди

Azattyk.org 

Евробиримдиктин адам укуктары боюнча атайын өкүлү Эймон Гилмор Кыргызстандагы саясатчылар менен активисттердин камалышына жана "Азаттык" сайтынын эки айга бөгөттөлүшүнө терең тынчсыздануусун билдирди. Бул тууралуу ал Твиттерге жазды. Гилмор Кыргызстандын бийлиги фундаменталдуу эркиндикти сыйлоо жаатында алган өз милдеттенмелерин аткырыш керек экенин эске салды. Буга чейин бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар, АКШ Мамдепартаменти, америкалык сенаторлор "Азаттык" сайтынын бөгөттөлүшүн айыптаган билдирүүлөрдү тараткан. Читать дальше...

Америкалык сенаторлор "Азаттык" сайтынын бөгөттөлүшүн айыптады

Azattyk.org 

АКШ Сенатынын Эл аралык карым-катнаштар боюнча комитетинин жетекчиси, сенатор Жим Риш "Азаттык" сайтынын эки айга бөгөттөлүшүн сынга алды. Ал бул тууралуу Твиттерге жазды. Сенатор кыргыз өкмөтү "Азаттык" сайтын эки айга жабуу менен сөз эркиндигине басым кылып жатканын сынга алып, сөз эркиндигин жана адам укуктарын сыйлоого чакырды.   Конгресстин өкүлү, сенатор Бен Кардин дагы Кыргызстанда "Азаттык" сайтынын бөгөттөлүшүнө тынчсыздануусун билдирген. "Кыргызстанда "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун... Читать дальше...

Алтын кошулмасын сыртка ташууга тыюу салынды

Azattyk.org 

Кыргызстанда казылган алтын рудасын жана курамында алтын, күмүш, жез, коргошун жана башка баалуу түстүү металлдар бар кошулмаларды өлкөдөн ташып чыгарууга тыюу салынат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун жарлыгы чыкты. 2023-жылдын 1-майынан тарта Кыргызстандын аймагындагы кендерден казылган алтын рудасын жана курамында алтын кошулмасы бар концентраттарды чет өлкөлөргө чыгарып, эркин экспорттоого убактылуу тыюу салынды. Жарлыкка ылайык Кыргызстандын аймагынан казылган алтын рудасын жана курамында... Читать дальше...

Министрлик "Азаттык Медиа" мекемесинин каттоо документтерин текшерди

Azattyk.org 

27-октябрда Кыргызстандын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин адистери "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесине келип, "Азаттык Медиа" мекемесинин каттоо тууралуу документтерин толугу менен текшерип, көчүрмөлөрүн алып кетишти. Бул тууралуу "Азаттык Медиа" мекемесинин жетекчиси Айзада Касмалиева билдирди. "Биздин каттоо документтерибизди текшерип, баарынын көчүрмөлөрүн алып кетти. Мындан тышкары 28-сентябрдан 28-октябрга чейинки "Азаттык Медиа" тарабынан даярдалган бардык ТВ... Читать дальше...

HRW уюму "Азаттыктын" сайтынын бөгөттөлүшүн сындады

Azattyk.org 

Эл аралык Human Rights Watch уюму 26-октябрда "Азаттык Медианын" сайтынын эки айга жабылышын сындаган билдирүү таратты. Уюмдун Борбор Азиядагы иликтөөчүсү Сыйнат Султаналиева Кыргызстан көз карандысыз медианы кысымга албай, колдоого тийиш экенин билдирген. "Жаңжалдын эки тарабынын тең үнүн берүү - бул стандарттык журналисттик тажрыйба. Мындай негиз менен "Азаттыкты" бөгөттөө - Кыргызстандагы эркин журналистиканы көзөмөлдөө жана цензураны күчөтүү далалаты. Бул өлкөнүн эл аралык коомчулук алдында адам укуктары... Читать дальше...

Журтташтар: "Азаттык" биздин үнүбүз!

Azattyk.org 

Дүйнөнүн булуң-бурчунда жашаган кыргызстандыктар "Азаттыктын" сайтынын эки айга жабылышына байланыштуу пикирлерин социалдык тармактарга жазып жатышат. Германия, Италия, Орусия жана Түркияда жашап, иштеген мекендештер Кыргызстанда сөз эркиндигинин келечегине балта чабылганын, чет жактагы мигранттардын көйгөйү "Азаттык" үналгысы аркылуу тийиштүү мамлекеттик органдарга жетип турганын белгилешүүдө. 24 жаштагы Калыгул Жунушбеков ушул тапта Германиядагы SAP SE компаниясында каржы жаатында эмгектенет. Читать дальше...

ЖМК редакторлору эркин медиаларга кысымды токтотуу боюнча президент Жапаровго кайрылышты

Azattyk.org 

Кыргызстандагы маалымат каражаттарынын негиздөөчүлөрү жана башкы редакторлору мамлекет башчы Садыр Жапаровго, Жогорку Кеңешке, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевге, баш прокурор Курманкул Зулушевге, ички иштер министри Улан Ниязбековго жана маданият, маалымат, спорт жана жаштар министри Алтынбек Максутовго кайрылуу жолдошту. Отуздан ашуун редактор кол койгон кайрылууда Кыргызстанда соңку кездерде көз карандысыз журналисттерге жана маалымат каражаттарына кысым күчөп жатканы белгиленген... Читать дальше...

Кытайда Компартиянын съездин утурлай жүздөгөн уйгурлар камалган

Azattyk.org 

Кытайда 16-октябрда башталып, 10 күнгө созулган Кытай Коммунисттик партиясынын ХХ съездин утурлай Шинжаңда жүздөгөн уйгурлар камалган. Бул тууралуу "Эркин Азия" радиосу ишенимдүү булактарына жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө таянып жазды. Маалыматка караганда, уйгурларды кармоо июль айында эле башталган. Ал эми октябрда Шинжаң аймагына кирип-чыгууга тыюу салынган. "Эркин Азия" радиосу жазгандай, айрым булактар 2 миңдей киши кармалганын айтып беришкен. Ысымын атабаган полиция өкүлдөрү "кооптуу... Читать дальше...

АКШнын Мамдепартаменти Иран бийлигин журналисттин сөөгүн кайтарып берүүгө чакырды

Azattyk.org 

"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун Иран кызматынын кабарчысы Реза Хагигатнеджад сөөгү Ислам революциясынын сакчылар корпусу (IRGC) тарабынан уурдалышын Мамдепартамент "жийиркеничтүү" деп атады. Иран бийлигин Резанын сөөгүн тез арада анын үй-бүлөсүнө өткөрүп берүүгө чакырды. "Резанын сөөгүн Иранга, кичи мекени Ширазда көмүү үчүн жеткирилген учурда IRGC уурдап кеткени тууралуу маалыматты жийиркенүү менен кабылдадык. Хагигатнеджаддын сөөгүн алып кетүү - Иран бийлиги өзүнүн кылмыштарын ашкерелеген... Читать дальше...

CPJ уюму "Азаттыктын" сайттарынын бөгөттөлүшүн “чектен чыккан цензура” деп атады

Azattyk.org 

“Журналисттерди коргоо комитети” (Committee to Protect Journalists - CPJ) эл аралык укук коргоо уюму "Азаттык Медианын" сайттарынын ишинин бөгөттөлүшүн “чектен чыккан цензура” деп атады. Уюм 27-октябрда тараткан билдирүүсүндө "Кыргыз бийлиги бөгөттөөнү тез арада токтотуп, аткаминерлерге алар үчүн ыңгайсыз репортаждарды чыгарбоого чексиз мүмкүнчүлүк берүүчү мыйзамды жокко чыгаруусу зарыл” деп белгиледи. «“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун кыргыз кызматынын сайтын бөгөттөө – бул маанилүү ЖМКга карата... Читать дальше...

Медиакоомчулук "Азаттыкка" тилектештик акциясын баштады

Azattyk.org 

Кыргызстандагы эркин медиа каражаттары кысымга каршы #күччындыкта #силавправде хэштегдери менен масштабдуу маалыматтык өнөктүк баштады. 28-октябрда өлкөдөгү медиа каражаттары бир учурда саат 9.00дөн 12.00гө чейин бир дагы жаңылык чыгарбайт. Бул аралыкта кабарлардын ордуна “Жаңылык чыкпайт. ЖМКга кысым күчөдү” деген текст чыгып турат. Ошону менен катар эле маалымат каражаттары күн бою мамлекеттик органдардын пресс-релиздерин чыгарбайт. "Кыргызстандын маданият жана маалымат министрлиги “Азаттыктын”... Читать дальше...


Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
WTA

Самсонова победила Осаку и вышла в третий круг турнира WTA 1000 в Мадриде






На месте старых складов в Улан-Удэ построят тренировочный комплекс для коммунальных служб

Суд арестовал сотрудника ДПС — он за взятку отпустил убийцу байкера из Люблино

Путин скоро шокирует всю элиту, вытащив мощный козырь — Хазин

В Москве строители-мигранты напали на защитников детской площадки