Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Октябрь
2022

Новости за 12.10.2022

Астанада Жапаров, Путин жана Рахмондун жолугушуусу болот

Azattyk.org 

Казакстандын борбору Астана шаарында эртең, 13-октябрда Кыргызстан, Орусия, Тажикстандын президенттери Садыр Жапаров, Владимир Путин жана Эмомали Рахмондун үч тараптуу жолугушуусу болот. Анда кыргыз-тажик чек арасындагы көйгөйлүү маселелерди талкуулоо пландалууда. Бул маалыматты президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев "Азаттыкка" ырастады. Маалыматка караганда, биргелешкен жолугушуу Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек ара маселелерин чечүүгө көмөк көрсөтүүгө даярдыгын билдирген... Читать дальше...

Шахтадагы адам өмүрүн алган кырсыкты комиссия иликтейт

Azattyk.org 

Ала-Бука районундагы Иштамберди кениндеги Full Gold Mining компаниясынын шахтасында болгон кырсыкты иликтөө үчүн мекемелер аралык комиссия түзүлдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. Алтын казган шахтада эки киши газга ууланып каза тапкан.  Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Экологиялык жана техникалык коопсуздук кызматына алтын кен шахтасындагы газга уулануунун себептерин талдап чыгууну тапшырган.  Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл... Читать дальше...

Садыр Жапаров иш сапары менен Казакстанга барды

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 12-октябрда иш сапары менен Казакстандын борбору Астана шаарына барды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлады. Расмий маалыматка караганда, мамлекет башчысы Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешмеге мүчө мамлекеттердин VI саммитине, Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин (КМШ) мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына жана "Борбор Азия + Орусия" мамлекет башчыларынын саммитине катышат. Бул эл аралык иш-чаралар 12-14-октябрда Астана шаарында өтөт. Читать дальше...

"Ар кимдин үйүндө мусапырбыз". Курулушту күткөн баткендиктер

Azattyk.org 

Баткендин тургундары Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы акыркы куралдуу кагылышта талкаланган үйлөрдү куруу иштери кечигип жатканын айтып арызданышууда. Бул маселе парламентте да көтөрүлүп, социалдык объектилерди калыбына келтирүү баштала электиги айтылды. Жергиликтүү эл суук түшсө тууган-туушкандарыныкында көчүп конуп жүрүү оор болорун, ушундан улам курулушту тездетүүнү суранды. Өкмөт турак жайлар пландалган мөөнөттө бүтөт деп убада берип жатат. Курулушу баштала элек үйлөр Баткен... Читать дальше...

Ноокаттын бузулган жолу оңдоло элек

Azattyk.org 

Ош - Баткен - Раззаков жолунун 47-чакырымын оңдоо иштери ушул жылдын жаз айларында башталганы менен аягына чыкпай турат. Жергиликтүү тургундар мындан улам бир топ ыңгайсыздыктар жаралганын айтып нааразы болушууда.

Финансы министрлиги мугалимдердин айлыгы кыскарбаганын билдирди

Azattyk.org 

Финансы министрлиги жаңы окуу жылынан баштап мугалимдердин айлык акысы кыскарды деген маалыматтар чындыкка дал келбесин билдирди. Министрликтин айлык акыларды анализдөө башкармалыгынын башчысы Иса Бакиров 12-октябрдагы маалымат жыйында айлыктардын кандай тартипте бөлүнөрүн түшүндүрдү. "Учурда минималдык базалык ставканын көлөмү - 7040 сом. Бул 2021-жылы Улуттук статистика бекиткен Кыргызстандагы жашоо минимумунун өлчөмү. Өлкөдөгү эң төмөнкү айлык акы да ушул өлчөмдө. Мугалимдердин айлык акысы - категориясына жараша ставка менен бөлүнөт. Читать дальше...

Нурланбек Азыгалиев Жогорку Кеңештин вице-спикери болуп шайланды

Azattyk.org 

Депутат Нурланбек Азыгалиев Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары болуп шайланды. 12-октябрда парламенттеги жашыруун добуш берүүдө анын талапкерлигин 81 депутат колдоду. 9 бюллетень жараксыз болуп чыкты. Парламенттеги "Элдик" депутаттык тобунун мүчөсү Нурланбек Азыгалиев Жогорку Кеңешке бир мандаттуу №11 Жайыл шайлоо округунан шайланып келген. Ушул жылдын башында вице-спикерликке анын талапкерлиги сунушталып, тийиштүү добуш ала алган эмес. Бул кызматты ээлеп келген депутат Улан Примов бүгүн... Читать дальше...



Кыргызстандын 7 миллионунчу жараны октябрда төрөлөрү күтүлүп жатат

Azattyk.org 

2022-жылы Кыргызстан калкынын саны жети миллион адамга жете турганын Улуттук статистика комитети билдирүүдө. Статком эл жана турак жай фондун каттоонун алдын ала жыйынтыктарын алгандан кийин өлкөнүн калкынын жалпы санын тактоо боюнча иштерди жүргүздү. Маалыматта айтылгандай, Кыргызстандын калкы 1-октябрга карата 6 миллион 995 миң адамга жетти. Ал эми өлкөнүн 7 миллионунчу жараны 20-октябрда төрөлөт деп күтүлүүдө. "Улуттук статком Кыргызстандын Санариптик өнүктүрүү жана Саламаттык сактоо министрлигинен... Читать дальше...

Зомбулукту актоо артындагы коркунуч

Azattyk.org 

Коомдук ишмер, тарыхчы Алмаз Кулматовдун блогу. Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт. Соңку он жылдыкта өзүн "исламчыл" атаган топтор радикалдашып баратканын байкоого болот. Күнүгө жана ар бир окуяда алардын деми сезилип турат. Коомдук, маданий, саясий турмушта, албетте, экономикалык маселелерде динге жамынган радикал күчтөрдүн таасири барган сайын артууда. Коом кайда баратканын аңдай элек, беймаалым. Терең изилдөө биздин өлкөдө жокко эсе. Аналитиктердин пикири сейрек жарыяланат... Читать дальше...

Аба ырайы: күн ачык болот

Azattyk.org 

13-октябрда Кыргызстандын аймагында жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн 3...8, күндүз 21…26; Талас жергесинде түнкүсүн -2...+3, күндүз 17…22; Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 6…11, күндүз 21…26; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 2...7, күндүз 15...20; Нарын облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз 15…20; Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -6...-11, күндүз -1...+4 градуска чейин жогору болот. Читать дальше...

Ирандагы нааразылык акцияларында өлгөндөрдүн саны 200дөн ашты

Azattyk.org 

Норвегиянын борбору Осло шаарында жайгашкан “Ирандагы адам укуктары” (IHR) уюму Иран Ислам Республикасындагы нааразылык акцияларында күч кызматкерлеринин колунан кеминде 201 адам өлгөнүн маалымдады. Бул тууралуу мекеме 12-октябрда билдирди. Мерт болгондордун 23ү балдар. Жалпы курмандыктардын 93ү Систан жана Белужистан провинциясынын Захедан шаарында өлтүрүлгөнү айтылды. Каза болгондордун көбү Ирандын батыш тарабындагы Күрдистан аймагына туура келет. Акцияларда жүздөгөн адам жараат алып, миңдегени камалды. Читать дальше...

Чек ара жаңжалында үйсүз калгандарга ижара үчүн 200 миң сомдон берилет

Azattyk.org 

14-17-сентябрь күндөрү кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда үй-жайынан ажыраган Баткен облусунун тургундарына убактылуу батир ижарасы үчүн 200 миң сомдон берилет. Ал атайын эсепке түшкөн каражаттан алына турганын финансы министринин орун басары Жибек Дүйшеева бүгүн, 12-октябрдагы маалымат жыйынында билдирди. "Жалпы 420 үй-бүлө деп эсептелген. Буларга убактылуу жашоочу турак жай ижарасынын акысына жалпы 49,6 млн. сом бөлүндү. Ал эми жаңжалда жабыркагандар үчүн берилүүчү кенемте өзүнчө каралган". Читать дальше...

"Тажикстанга көмүр сатылбай калды". Сүлүктүдөгү абал

Azattyk.org 

Кыргызстандын Улуттук статистика комитети 2022-жылы Тажикстанга көмүр экспорттолбогонун маалымдады. Тараптардын жыл ичиндеги соодасынын көлөмү жети эсеге азайган. Чек арадагы келишпестиктен улам муздаган кыргыз-тажик алакасы Сүлүктү шаарындагы өндүрүлгөн көмүрдүн экспорттук багытын кыйла өзгөрткөн. Учурда Сүлүктү көмүрү көбүнчө коңшулаш Өзбекстанга сатылууда. Сүлүктүдөгү көмүр кенинде иштеген Жунус Олжобаев былтыр апрелдеги кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан кийин Тажикстан менен соода токтогонун айтууда. Читать дальше...

NASA Жерди куткаруу үчүн астероиддин багытын өзгөрттү

Azattyk.org 

АКШнын Аэронавтика жана космосту изилдөө боюнча улуттук башкармалыгы (NASA) астероиддин Жерге урунуу коркунучунан куткаруу боюнча машыгуу багытындагы миссия ийгиликтүү аяктаганын маалымдады. Бул боюнча агенттиктин басма сөз жыйыны 11-октябрдын кечинде түз көрсөтүлдү. DART (Double Asteroid Redirection Test) – астероиддердин багытын өзгөртүү боюнча тарыхтагы биринчи долбоор. Анын аппараты былтыр ноябрда Калифорниядагы базадан космоско учурулган. Ал Жер планетасынан 11 миллион километр алыстыкта... Читать дальше...

Илхам Алиевдин мамлекеттик сапары жыйынтыкталды

Azattyk.org 

Азербайжандын президенти Илхам Алиевдин Кыргызстандагы эки күндүк мамлекеттик сапары бир катар социалдык мекемелерди кыдыруу менен аяктады. Бүгүн 12-октябрда азери өлкөсүнүн башчысы президент Садыр Жапаров менен бирге Бишкек шаарындагы №20 гимназия мектебине Азербайжандын мурдагы жетекчиси Гейдар Алиевдин ысымын ыйгаруу салтанатына катышты. Бул мектептин эски имараты быйыл жергиликтүү казынанын эсебинен толук оңдолуп, жанына үч кабат заманбап имарат курулду. Ошондой эле бүгүн Илхам Алиев Көк-Жар конушундагы жаңы мектептин ачылышына катышты.

Жасалма акча сатууга шек саналган эки жаран кармалды

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 10-октябрда Бишкек шаарында 5 700 АКШ доллары өлчөмүндөгү жасалма акчаны сатууга аракет кылган А.С.А. жана С.У.С. аттуу жарандар кармалганын билдирди. Мекеменин басма сөз кызматы кабарлагандай, шектүүлөр ал акчага криптовалюта (электрондук акча) сатып алууну көздөшкөн. Маалыматка ылайык, бул иш боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 233-беренеси ("Акчаны жана баалуу кагаздарды жасалмалоо") боюнча кылмыш иши козголуп, кармалгандар УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Читать дальше...

Сот "Ансар Групп" кооперативинин Ош шаардык жетекчисин үй камагына чыгарды

Azattyk.org 

Ош шаардык соту 11-октябрда "Ансар Групп" кооперативинин "Алдамчылык" боюнча шек саналып, кармалган республикалык жетекчиси Ш. Э. жана Ош шаары боюнча жетекчиси С. Анын бөгөт чарасын карады. Сот чечими менен кооперативдин республикалык жетекчиси делген Ш. Э. бир айга камалды. Ош шаардык жетекчиси үй камагына чыгарылды. Ош шаардык ички иштер башкармалыгы (ШИИБ) 9-октябрда "Ансар Групп" кооперативинин эки жетекчиси Ошто адамдарга үй алып берүүнү убада кылып, бирок аны аткарбай жүргөн деген шек менен кармалганын маалымдаган. Читать дальше...

"Акнет" иши боюнча сотто айыпталуучулардын бири көрсөтмөсүн өзгөрттү

Azattyk.org 

"Акнет" интернет провайдери боюнча мекеменин мурдагы эсепчи-кассири Ирина Лященко тергөөдө берген көрсөтмөсүнөн баш тартты. Ал "Акнеттин" негиздөөчүсү Кубан Ажимудиновго каршы басым астында көрсөтмө бергенин 11-октябрда Биринчи май райондук соттогу отурумда айтты. Сот Адылбек Эсенбаев айыпталуучунун 2019-жылы берген көрсөтмөлөрүнүн айрымдарын окуп берди. Ага ылайык, Лященко "Акнет" компаниясында көмүскө эсеп жүргүзүлүп, алар отчеттук документтерде чагылдырбай келгенин айтып, тергөөнүн кагаздарына кол коюп берген. Читать дальше...

Новости России
Москва

Шапки женские вязаные на Wildberries, 2024 — новый цвет от 392 руб. (модель 466)


Парламентте Акылбек Жапаров катышкан "өкмөттүк саат" өтөт

Azattyk.org 

20-октябрда Жогорку Кеңеште Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун катышуусу менен “өкмөттүк саат” жыйыны өтөрүн бүгүн 12-октябрда парламент төрагасы Нурланбек Шакиев билдирди: “Буюрса кийинки жуманын бейшемби күнү эртең мененден кечке чейин ушул жерде толук бир күн “өкмөттүк күн” өткөрүүнү сүйлөштүк. Ошол жерде бюджет, Баткен, Кумтөр, кышка даярдык, ушул суроолордун тегерегинде Министрлер кабинети менен чогуу жыйын курабыз”. Бүгүнкү отурумда бир топ депутат өкмөт башчынын парламентке барышын талап кылышкан болчу. Читать дальше...

Укук коргоочу Камил Рузиевди актаган өкүмдү облустук сот жокко чыгарды

Azattyk.org 

Ысык-Көл облустук соту жергиликтүү укук коргоочу Камил Рузиевди "Документтерди жасалмалоо" беренеси боюнча айыптуу деп таап, 80 миң сом доо айып салды. Бул чечими менен облустук сот укук коргоочуну актаган Каракол шаар сотунун чечимин жокко чыгарды. Каракол шаардык соту 12-августта Камил Рузиевди "ишинде кылмыштын курамы жок" деген негизде актаган. Ага карата кылмыш ишин токтотуу тууралуу жергиликтүү жана эл аралык уюмдар дагы кайрылуу таратышкан. Шаар сотунун чечимине каршы болгон прокуратура облустук сотко кайрылган. Читать дальше...

Ала-Бука: Алтын кенинде ууланган 10 бейтап үйүнө чыгарылды

Azattyk.org 

11-октябрда Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы алтын кендеринин биринде иске ууланып, ооруканага түшкөн 10 адамдын абалы канааттандырарлык. Алар баары тең дарыгерлердин көзөмөлүнөн өтүп, жардам алган соң үйүнө чыгарылды. Бул тууралуу 12-октябрда аймактык оорукананын жетекчисинин орун басары Өмүралы Жээнтаев “Азаттыкка” билдирди. "Ооруканага иске ууланып жалпы 11 адам түшкөн. Алардын бири жолдо үзүлүп кеткен экен, түз эле өлүкканага жиберилген. Калган 10 бейтаптын алтоо биринчи жардам алгандан кийин кеткен... Читать дальше...

Жогорку Кеңештин вице-спикери Улан Примов ордун тапшырды

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин депутаты Улан Примов вице-спикерлик ордун бошотуу ниетин бүгүн 12-октябрда парламенттин жалпы отурумунда билдирди. Депутат бул кадамын жаңы шайланган төрага менен бир фракциядан болгону үчүн деп түшүндүрдү. "Биз жаңы төрага менен бир фракциядан болгонубуз үчүн моралдык жоопкерчиликтен улам вице-спикерликтен кетүүнү чечтим", - деди Примов. Айрым депутаттардын сунушу менен жаңы вице-спикерди шайлоо түштөн кийин өтө турган болду. Улан Примов Жогорку Кеңештин 6-7-чакырылыштарындагы депутаты. Читать дальше...

Баткен: Калыбына келтирүү иши солгун жүрүп жатканы, ички миграция күчөгөнү айтылды

Azattyk.org 

Баткенде кыргыз-тажик чек арасында болгон соңку каргашада талкаланган үйлөр жана имараттар, үй-жайын таштап чыгууга мажбур болуп, азыр ар кайсы жактарда убактылуу жашап жаткандар маселеси 12-октябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында көтөрүлдү. Депутат Камила Талиева социалдык объектилерди калыбына келтирүү иши солгун жүрүп жатканын белгилеп, буга тендер өткөрүү талабы себеп экенин айтты: “Иш солгун жүрүп жатат. Үйлөрдү куруу иши башталды. Ал эми социалдык объект болгон мектеп, бала бакча, айыл өкмөт имараты боюнча тендер баштала элек али. Читать дальше...

Депутат камактагы активисттин ишине киришүүгө чакырды

Azattyk.org 

Камакта жаткан активист Ырыс Жекшеналиевдин маселесине «парламент киришүүсү керек» деген сунушун бүгүн 12-октябрда Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов парламенттин жалпы жыйынында айтты. Депутат алгач Свердлов районунун акиминин орун басары Руслан Бекназаров тууралуу ал боюнча акыйкат чечим кабыл алуу зарылдыгын белгилеп, Жекшеналиевди да айтты. Ал 19 гана жашта экенин кошумчалап, аны камакта кармоо уят экенин кошумчалады: «Бул деген жаш бала да. Жаш эмес, бир топко барып калган адамдар да адашып жатат. Читать дальше...


Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
WTA

WTA озвучила Елене Рыбакиной условия для становления второй ракеткой мира






Эксперты назвали 11 бюджетных способов покрасить яйца на Пасху без химии

Десятки тысяч нижегородцев написали «Диктант Победы»

Выставка «Россия» на ВДНХ – личное впечатление

Главу Гагаузии пытались допросить в аэропорту Кишинева после возвращения из Москвы