Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Октябрь
2022

Новости за 29.10.2022

Сталиндик репрессиянын курмандыктары эскерилди

Azattyk.org 

29-октябрда "Ата-Бейит" мемориалдык комплексинде сталиндик репрессиянын курмандыктарын эскерген “Аттарын кайтаруу” акциясы өттү. “Эсимде” изилдөө аянтчасы уюштурган иш-чара катаал доордун курмандыгы болуп, ысымдары тарых бетинен чийилип калган адамдарды кайра тактоону көздөйт.

Улуттун дөөлөтүн жазган Жалил Садыков

Azattyk.org 

Эл акыны, Гимндин сөзүнүн авторлорунун бири Жалил Садыковдун көзү тирүү кезинде ал-акыбалын сурап, үйүнө бат-бат каттап турчумун. Бир жолу учурашайын деп кирсем Жалил агай маанайы суз отурган экен. “Бул парламенттин депутаттарынын кыларга иши жокпу? Эми Гимндин текстин өзгөртүүнүн кандай зарылдыгы бар? Депутаттар поэзия окубаса, аны кайдан түшүнмөк эле? Илгери орто кылымда Чыгыш жылдызы Омор Хаям чындыкты жазганы үчүн өкүмдарга жагалданган, поэзияны түшүнбөгөн кошоматчылар ырдан кыйкым издеп, Омордун атасынын көзүн ойдурган. Читать дальше...

Эл аралык спорттук медиа бирикмеcи "Азаттыктын" сайтынын бөгөттөлүшүнө кабатыр

Azattyk.org 

Эл аралык спорттук медиа өкүлдөрүнүн бирикмеси (AIPS) Кыргызстанда "Азаттык Медианын" сайтынын бөгөттөлүшүнө тынчсыздануусун билдирди. Бирикменин сайтына жарыяланган билдирүүдө "Азаттык" өзүнүн ишмердүүлүгү аркылуу өлкөдө спорттун өнүгүүсүнө салым кошуп келатканы айтылат. "AIPS уюмуна "Азаттыктын" Эмил Чекиров жана Гүлжан Турдубаева аттуу эки кабарчысы мүчө. Алар Астанада 2019-жылы өткөн Күрөш боюнча Дүйнө чемпионатын чагылдырган. Бул чемпионатта Айсулуу Тыныбекова  кыз-келиндер күрөшүнөн дүйнө чемпиону болгон. Читать дальше...

Кемпир-Абад: абактагы айымдарды бошотуу өтүнүчү

Azattyk.org 

Бишкек шаарындагы Биринчи май райондук соту 29-октябрда экс-депутат, жарандык активист Орозайым Нарматованын бөгөт чарасын карап, аны эки айга камакта калтырды. Мунун алдында Нарматова кыргыз милициясынын өтүнүчү менен Москвадан кармалып, Бишкекке жеткирилген. Ал арада ондогон активисттер, укук коргоочулар Кемпир-Абад иши боюнча кармалган аялдарды бошотуу өтүнүчү менен бийликке кайрылды. Орозайым Нарматовага Кылмыш кодексинин 36-278-беренеси (массалык башаламандык уюштурууга даярдык) менен кылмыш... Читать дальше...

Кемпир-Абад: Абыловду эки айга каматкан чечим

Azattyk.org 

"Кемпир-Абадды коргоо" комитетин түзүүнүн демилгечиси жана буга байланыштуу оппозициялык жыйынды уюштурган саясатчы Мамбетжунус Абылов камалды. Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы тергөөнүн купуя сырын себеп кылып, Абыловго коюлуп жаткан айыптоонун төркүнү тууралуу маалымат берген жок. Уюштуруучуга ташталган укурук Экс-элчи, мурдагы өзөчө кырдаалдар жана жарандык коргонуу министри Мамбетжунус Абыловду 27-октябрда Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгына суракка алып кетишкени кабарланган. Читать дальше...

Илгиз Шаменов 20-декабрга чейин камалганы кабарланды

Azattyk.org 

Бишкектин Биринчи май райондук соту 29-октябрда жарандык активист Илгиз Шаменовдун бөгөт чарасын карап, аны эки айга камакка алуу чечимин кабыл алганы кабарланды. Шаменовдун жакын тарапташынын "Азаттыкка" билдиришинче, жарандык активист 20-декабрга чейин №1 Тергөө абагында кармалат. Шаменовдун бөгөт чарасы каралган соттук отурум жабык өткөнү айтылууда. Райондук сот азырынча маалымат бере элек. Илгиз Шаменов Москвадан Бишкекке 28-октябрда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, жарандык активист Орозайым Нарматова менен чогуу жеткирилген. Читать дальше...

Орозайым Нарматова эки айга камалганы кабарланды

Azattyk.org 

Бүгүн, 29-октябрда Бишкек шаарындагы Биринчи май райондук соту жарандык активист, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Орозайым Нарматованын бөгөт чарасын карап, эки айга камоо чечимин чыгарганы кабарланды. Бул тууралуу "Азаттыкка" "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын мүчөсү Улан Канат уулу билдирди. Анын айтымында, Нарматова Бишкектеги №1 Тергөө абагында кармалат. Райондук сот экс-депутаттын бөгөт чарасынын каралганы тууралуу маалымат бере элек. 27-октябрда Орозайым Нарматованы Москвада полиция кармап кеткени кабарланган. Читать дальше...

Чакан медиаларга шык берген "Медиакоон" форуму

Azattyk.org 

Бишкекте "Медиакоон: эркиндик үчүн" форуму өттү. Теңчиликти, жарандык активдүүлүктү, саясий сабаттуулукту жайылткан медиа долбоорлорлорду колдогон иш-чарага Өзбекстан жана Казакстандын медиа өкүлдөрү да катышты.

30-октябрда тоолордо кар жаайт

Azattyk.org 

30-октябрда түнкүсүн Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, тоо этектеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Күндүз Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде катуу жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн 1...6... Читать дальше...

Баткен: эвакуацияланган 4 миң адам үйүнө кайта элек

Azattyk.org 

Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку куралдуу кагылышууда Баткен облусунда эвакуацияланган 4 миңден ашуун киши үйүнө кайтып бара элек. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлагандай, алардын 278и убактылуу кабыл алуу жайларында, калган 3725 адам башка жарандардын үйлөрүндө жашап жатат. 14-17-сентябрдагы кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан улам 136 770 адам эвакуацияланган. Кыргызстандын айылдарынан 661 турак жай зыян тарткан. Анын 423ү жашоого жараксыз болуп калган, 238 үйдү оңдоого муктаж. Кыргыз-тажик... Читать дальше...

Жарандык коомдун өкүлдөрү президентке кайрылышты

Azattyk.org 

Ондогон бейөкмөт уюмдар, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, жарандык активисттер камакка алынган аял активисттерди бошотууну талап кылып президент Садыр Жапаровго, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге, баш прокурор Курманкул Зулушевге кайрылуу жолдоп, кол топтой баштады. "Наш Век", "Достоинство", "Кыргызстандын жашылдар партиясы", "Кылым шамы" укук коргоо уюму баштаган ондогон уюмдар, жарандык активисттердин кайрылуусунда кармалган активист аялдар адам укугун коргоодо жана жарандык коомду өнүктүрүүдө... Читать дальше...

1-ноябрдан тарта COVID-19га байланыштуу өзгөчө режим алынат

Azattyk.org 

Кыргызстанда 1-ноябрдан тарта коронавирус инфекциясына байланыштуу өзгөчө абал режими алынат. Бул чечимге Миристрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгонун өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. Өзгөчө абал режими 2020-жылдын 22-мартында өлкөдө массалык оорулардын алдын алуу боюнча ыкчам чараларды көрүү максатында киргизилген. Ага чейин Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирус оорусун пандемия деп жарыялаган. Саламаттык сактоо министрлиги учурда COVID-19 инфекциясы боюнча эпидемиологиялык абал туруктуу... Читать дальше...


Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
WTA

Мирра Андреева замыкает год // 16-летняя российская теннисистка успешно стартовала на крупном турнире WTA в Мадриде






Редкий формат загородного жилья появится в Покровском-Стрешнево

Лучших внутренних тренеров компаний наградили в Москве

Московские психологи рассказали, как родителям успокоиться перед экзаменами у ребенка

Московские проекты победили в Международном профессиональном конкурсе НОПРИЗ на лучший проект – 2023