Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Октябрь
2022

Новости за 22.10.2022

Кемпир-Абад: Өзгөндөгү жүрүш, Бишкектеги акция

Azattyk.org 

22-октябрда Өзгөн районундагы Кызыл-Октябрь айылынын жүздөй тургуну Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу жөө жүрүшкө чыгышты. Алар колдоруна “Кемпир-Абад калсын!”, “Кемпир-Абад берилбесин!” деген жазууларды, Кыргызстандын желегин көтөрүп, суу сактагычка жакын аймактагы айылдарды кыдырышты. Ушул эле күнү Бишкектин Горкий паркында жыйырмадай адам Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга берилишине каршы акция өткөрүштү.

Чек ара: дүрбөткөн маалыматтар, кезектеги жолугушуу

Azattyk.org 

Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара башчылары жана эки өлкөнүн чектеш облустарынын жетекчилери жолугушту. Жыйында чагымчылдыкка жана туура эмес маалыматтардын тарашына жол бербөөнү талкуулашканы кабарланды. 21-октябрда өткөн жолугушууга чейин эки мамлекеттин чек ара кызматтары бири-бирин чагымга айыптаган эле. Жолугушуу Кыргызстан менен Тажикстандын Чек ара кызматынын башчылары Уларбек Шаршеев менен Ражабали Рахмоналинин жетекчилиги астында өттү. Анда тараптар чек арадагы чагымчыл аракеттердин алдын алуу... Читать дальше...

Бишкекте Кемпир-Абад маселеси боюнча акция өттү

Azattyk.org 

Бишкектин Горкий паркында жыйырмадай адам кыргыз-өзбек чек ара келишиминдеги Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча кыргыз бийлигинин позициясына каршы акция өткөрүштү. Алар бардык саясий күчтөрдү биригип, Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстанга өтүшүнө каршы турууга чакырышты. Ушул эле күнү Өзгөндүн Кызыл-Октябрь айылынын тургундары Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу жөө жүрүш өткөрүштү. Алар суу сактагычка жакын жайгашкан айылдарды кыдырышты. Бүгүн, 22-октябрда Президент Садыр Жапаров “Кабар” маалымат агентигине маек куруп... Читать дальше...

Жалал-Абад: жаңы базарда эл аз, соода солгун

Azattyk.org 

Жалал-Абад шаарындагы жаңы ачылган муниципалдык базарда соода жакшы болбой, жер-жемиштер чирип жатканын көрүүгө болот. Соодагерлер жергиликтүү бийлик берген убадасына туруп, кичи автобустарды базарга чейин каттатып, борбордук базардагылардын муниципалдык катарын толук көчүрүп келишин талап кылышууда. Айрым соодагерлер он күндөн бери эч нерсе сатпай, аларман жок отурат. Бийлик базар ишке кирип кетсе казынага 45 миллион сом түшөт деп болжоп жатат. Базар менен үй-бүлөсүн баккандар, насыя төлөгөндөр чыдамдары кетип жатканын айтышууда.

Пикир үчүн камакка алуу кооптуу коңгурообу?

Azattyk.org 

Бишкек шаарынын тургуну Twitter социалдык тармагындагы билдирүүсү үчүн бир жылга эркинен ажыратылды. Бул окуя коомчулук үчүн кооптуу коңгурообу? "Эже-сиңдилердин" бул берүүсүндө ушул суроого жооп издейбиз.

Кыргыз-казак чек арасында аскердин башына ок тийгени кабарланды

Azattyk.org 

21-октябрда кыргыз-казак чек арасындагы “Чалдыбар” өткөрмө бекетинде келишимдик негизде кызмат өтөп жаткан 21 жаштагы аскердин башына ок тийип, Кара-Балта шаарындагы ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу Кыргызстандын Чек ара кызматы маалымдады. Учурда аскер эсине келе элек, анын абалы оор деп бааланууда. Алдын ала маалымат боюнча, курал кылдатсыздыктан улам атылып кеткен. Бул окуя боюнча Бишкек гарнизонунун Аскер прокуратурасы иштеп жатат. Бул окуя боюнча чек арачынын жакындарынан комментарий алууга мүмкүн боло элек. Читать дальше...

Депутат Айдарбеков дипломатиялык рангынан ажыратылды

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин депутаты Чыңгыз Айдарбеков Атайын жана ыйгарым укуктуу элчи дипломатиялык рангынан ажыратылды. Бул тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун мамлекет башчынын басма сөз кызматы кабарлады. “Бул чечим Айдарбеков Кыргыз Республикасынын жакынкы бир катар чет өлкөлөрдөгү чет өлкө мекемелеринин (элчиликтердин) кызматкери кезинде дипломат деген жогорку наамды дискредитациялаган жагдайлар ачылгандыгына байланыштуу кабыл алынган”, - деп айтылат маалыматта. Бирок кандай жагдайлар экени маалыматта айтылган эмес. Читать дальше...



Аба ырайы: айрым аймактарда жаан жаайт

Azattyk.org 

22-октябрда өлкөнүн айрым аймактарында жаан-чачын болот. Тоолуу райондордо жаан карга айланат. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы күндүз айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге жетиши мүмкүн. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн 5...10, күндүз 8…13; Талас жергесинде түнкүсүн 1...6, күндүз 7…12; Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 5…10, күндүз 14…19; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 1...6, күндүз 10...15; Нарындын өрөөндөрүндө түнкүсүн 0...-5, күндүз 10...15; Бийик тоолордо түнкүсүн -8…-13, күндүз -1…+4 градус. Читать дальше...

Кытай: Коммунистик партия уставын өзгөртүүгө макул болду

Azattyk.org 

Ишембиде Кытайдын Коммунистик партиясынын XX съезди өттү. Анда делегаттар партиянын уставын өзгөртүүнү колдошту жана партиянын борбордук комитетинин мүчөлөрү кайра шайланды. Саясий бюронун Туруктуу комитетинин мурдагы жети мүчөсүнүн төртөө кайра тандалган жок. Алардын арасында Кытайдын премьер-министри Ли Кэцяна дагы бар. Азыркы лидер Си Цзинпин сүйлөөр алдында Кытайдын мурдагы лидери Ху Цзиньтао залдан чыгарылды. Серепчилердин баамында, бул өзгөртүүлөр 69 жаштагы Си Цзинпиндин бийлигин бекемдөө... Читать дальше...

Таласта милиция кызматкеринин өлүмү иликтенип жатат

Azattyk.org 

Таласта облустук ички иштер башкармалыгынын каржы бөлүмүнүн башчысы, подполковник М.А. аттуу кызматкердин өлүмү боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат. Бул маалыматты "Азаттыкка" 22-октябрда облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди. Мекеменин маалыматына ылайык, 21-октябрда 50 жаштагы кызматкердин башына ок тийип, ооруканага жеткирилген. Саат 20:10 чамасында жандандыруу бөлүмүндө каза болгон. Кызматкер 14-октябрдан бери ден соолугуна байланыштуу жумушка чыкпай жүргөнү, бул боюнча оорукананын аныктамасы бар экени айтылат. Читать дальше...

Бишкекте коомдук ишмер Шералы Назаркуловду эскерүү иш-чарасы өттү

Azattyk.org 

Бүгүн, 22-октябрда Бишкектеги Улуттук тарых музейинде Аксы окуясынын 20 жылдыгына жана коомдук ишмер, укук коргоочу, маркум Шералы Назаркуловдун 70 жылдыгына карата эскерүү иш-чарасы өттү. Ага Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев катышканын парламенттин басма сөз кызматы билдирди.  Эскерүү иш-чарасында алгач фотокөргөзмө уюштурулуп, Аксы окуясы жана Шералы Назаркулов тууралуу тасма көрсөтүлдү. Шакиев Аксы окуясында үй-бүлөлүк башкарууга каршы, сөз эркиндиги үчүн чыккан элдин үнүн демократия чакырыгы катары кароо керек экенин белгиледи. Читать дальше...

Кемпир-Абад: Өзгөндөгү жөө жүрүш уланууда

Azattyk.org 

Бүгүн, 22-октябрда Ош облусунун Өзгөн районундагы Кызыл-Октябрь айылдарынын тургундары Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу жөө жүрүшкө чыгышты. “Азаттыктын” кабарчысы жеринен маалымдагандай, 100дөй киши колдоруна “Кемпир-Абад калсын!”, “Кемпир-Абад берилбесин!” деген жазууларды, Кыргызстандын желегин көтөрүп бара жатышат. Алар Кемпир-Абад суу сактагычына жакын аймактагы айылдарды кыдырышарын айтышты. 21-октябрда дагы Өзгөндө ушундай жөө жүрүш өткөн болчу. Анда айрым тургундар Бишкекке чейин барарын айтышкан. Читать дальше...

Президент кыргыз-өзбек чек арасы боюнча түшүндүрмө берди

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров “Кабар” маалымат агентигине маек куруп, анда кыргыз-өзбек чек ара маселеси боюнча түшүндүрмө берген. Жапаров Кемпир-Абад суу сактагычынын айланасындагы маселелерге кеңири токтолуп, чагымчылдар элге туура эмес маалымат берип жатканын билдирди. “Биринчиден, Кемпир-Абадды биз берген жокпуз. Тетирисинче, алып атабыз. 1960-жылдардан бери плотинаны алар башкарып келди. Эми мындан ары плотинаны башкарууда 50/50 пайыз кылып биргелешкен ишкана түзүп, чогуу башкарабыз деп келиштик. Читать дальше...

Балыкчы-Кочкор темир жолун орусиялык ишкана менен бирге куруу талкууланды

Azattyk.org 

Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече темир жол долбоорун орусиялык “РЖД Интернешнл” ишканасы менен бирге ишке ашыруу талкууланды. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” ишканасы маалымдады. Маалыматка ылайык, 21-октябрда “Кыргыз темир жолу” ишканасынын жетекчилиги менен “Россия темир жолу” (РЖД) холдингине кирген РЖД Интернешнл” инженердик компаниясынын жетекчилигинин ортосунда талкуу өттү. Анда долбоорду ишке ашыруудагы маселелер талкууланганы айтылат. Бирок, кенен маалымат жазылган эмес. Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече... Читать дальше...

Мамлеттик ипотекалык компания үй курууну пландап жатат

Azattyk.org 

Мамлекеттик ипотекалык компания (МИК) өзү турак үйлөрдү курууну пландап жатат. Бул тууралуу парламенттеги “Альянс” фракциясынын 21-октябрда өткөргөн көчмө жыйынында белгилүү болду. Жыйында ишкананын жетекчисинин орун басары Тилек Жээмбаев өз алдында башкаруу органдары менен 300 гектар жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө сүйлөшүү жүрүп жатканын маалымдады. Учурда бир гектар жерге компания өз каражаты менен турак жай курууну пландап жатат. Расмий маалыматка ылайык, ипотекалык компания иш жүргүзө баштаган... Читать дальше...

Баткенде курман болгондордун жакындарына 1 млн. сомдон берилет

Azattyk.org 

Баткендеги соңку каргашада каза болгон жарандардын ар биринин үй-бүлөсүнө 1 млн. сомдон, жараат алгандарга 100-200 миң сомдон берилет. Бул тууралуу өкмөттүн сайтында кабарланды. Анда аскер жана укук коргоо органдарына дагы материалдык жардам көрсөтүлөрү айтылат. Бирок, кимдерге жана өлчөмү айтылган эмес. Буга чейин 20-октябрда президент Садыр Жапаров чек ара маселесине байланыштуу өткөргөн жабык жыйында Баткендеги соңку каргашада каза болгон аскер кызматкерлеринин ар биринин үй-бүлөсүнө 1,2 миллион... Читать дальше...


Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
WTA

Самсонова победила Осаку и вышла в третий круг турнира WTA 1000 в Мадриде






Эксперты дали советы по выбору идеального района для семейной жизни в Москве

Десятки тысяч нижегородцев написали «Диктант Победы»

Путин скоро шокирует всю элиту, вытащив мощный козырь — Хазин

Более 1,2 тысячи горожан получили квартиры по реновации для людей с ОВЗ