Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Октябрь
2022

Новости за 14.10.2022

Путин: кыргыз-тажик чек арасын чечүүдө Москвадагы карталарды көтөрөбүз

Azattyk.org 

Орусиянын президенти Владимир Путин Кыргызстандын жана Тажикстандын президенттери менен Астанада өткөн үч тараптуу жолугушуу конструктивдүү болгонун билдирди. Бул тууралуу орус лидери 14-октябрда Казакстандын баш калаасында өткөн маалымат жыйында айтты. Ал жолугушууда аскердик аракеттердин жанданбашы үчүн бардык чараларды көрүү тууралуу макулдашылганын кошумчалады. Ошондой эле эки тарап качкындардын үй-жайына кайтып баруусуна бардык аракеттерди көрүшөрүн билдирди. - Эки тарап тең маселени чечүүнүн... Читать дальше...

Эркин медиа: эки митингдин айырмасы

Azattyk.org 

Эркин медиага байланышкан эки митингдин айырмасы жана максаттары кандай? Фейсбук, Твиттер жана Инстаграмда эң кызуу талкуу жараткан посттор жана реакциялар.

"Укуктук мамлекетте деструктивдүү аракеттер кабыл алынбайт"

Azattyk.org 

Президенттик администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайыр Орунбеков 13-октябрда бир топтун эркин медианын жабылышын талап кылган акциясынан кийин «Азаттыктын» суроолоруна жооп берди. - 13-октябрда "Азаттыктын" кеңсесинин алдында 40тай адам митинг өткөрүп, андагы кызматкерлердин коопсуздугуна коркунуч жараткан чакырыктар да жасалды. Мындай окуяга кандай укуктук баа берилиши керек? - Укуктук мамлекетте “өрттөйм” деген коркутуулар жана башка деструктивдүү аракеттер кабыл алынбайт. Читать дальше...

Баткенге илек-илек кайтып келди

Azattyk.org 

Жоголуу коркунучунда турган ак илек-илектер акыркы жылдары Баткендин айылдарын байырлап, саны өсүүдө. Окумуштуулар Кыргызстандын аймагына кайтып келе баштаган бул сейрек куштарга шарт түзүп кармап калуу зарылдыгын айтууда.

Путин мобилизация эки жумада жыйынтыкталарын билдирди

Azattyk.org 

Орусиянын президенти Владимир Путин жакынкы эки жуманын аралыгында мобилизация жыйынтыкталарын билдирди. Бул тууралуу ал Казакстандын баш калаасы Астанада өткөн маалымат жыйында айтты. Анын сөзүнө караганда, 21-сентябрдан бери аскерге 220 миң киши тартылган. Орус бийлиги жалпысынан 300 миң киши мобилизация болорун билдирген. Путин ошондой эле мобилизацияга тартылгандардын 16 миңи фронтто экенин кошумчалады. Буга чейин күзүндө мобилизация болгондордун арасында мерт кеткендер катталганы расмий жарыялана баштады. Читать дальше...

Исаев: Коррупциялык кылмыштардын бетин ачкан медиалар коомго керек

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Канатбек Исаев “Азаттык”, “Клооп”, “Кактус Медианын” жабылышын талап кылгандардын акциясы боюнча пикирин билдирди. Ал Фейсбук баракчасына жазган билдирүүсүндө "сөз эркиндигин сактап калуу мамлекеттин, элдин келечеги үчүн өтө маанилүү" деп белгилеген.  "Азаттык", "Клооп", "Кактус Медиага" каршы митингди чектен ашкан кадам деп эсептейм. Мамлекеттин чыныгы душмандары  коррупционерлердин бет кабын сыйрып, кылмышын иликтеп жаткан бул маалымат каражаттары коом үчүн абдан керектүү. Читать дальше...

Factcheck.kg: ЖМК жөнүндө мыйзам Орусиядан көчүрүлгөн

Azattyk.org 

Factcheck.kg сайты президенттин администрациясы иштеп чыккан “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзамы дээрлик толугу менен Орусиянын ушундай эле мыйзамынын көчүрмөсү экенин жазды. Аталган редакция тексттин уникалдуулугун текшере турган кызматты колдонуп, эки мыйзамдагы окшоштук 66 пайыздан 100% чейин түзөөрүн белгилеген. "Документте кезиккен 53 беренеде окшоштук 66%дан 100%га чейин түзгөн. Белгилей кетүүчү жагдай, айрым гана беренелерде окшоштук салыштырмалуу аз болгон: №1 – 66%, №33 – 65%, №4 – 71%. Читать дальше...

Эл аралык мунапыс уюму Ирандагы акцияларда 23 бала өлтүрүлгөнүн билдирди

Azattyk.org 

Эл аралык мунапыс уюму 14-октябрда билдиргендей, Иранда өткөн айда болгон каршылык акцияларында 23 бала өлтүрүлгөн. Уюм тараткан маалыматка караганда, 22 жаштагы Махса Амининин абакта каза болушуна байланыштуу тутанган ири толкундоолордо жалпысынан эки жүздөн ашуун адамдын өмүрү кыйылган. Он күндөн ашуун уланган каршылык акцияларында мерт кеткен балдардын арасында үч кыз, 20 эркек болгон. 11-17 жашка чейинки балдардын көбүн коопсуздук күчтөрү атып өлтүрүшкөн, ал эми үч кыз менен бир баланы өлгүчө сабашкан. Читать дальше...



Залкарлар чыйырын улаган Замирбек Үсөнбаев

Azattyk.org 

Быйыл Кыргыз Республикасынын эл артисти, белгилүү төкмө акын Замирбек Үсөнбаев 70 жашка толду. Анын мааракесин утурлай республикалык деңгээлдеги бир топ иш-чаралар пландалган. Август айында эл аралык кыргыз-казак айтышы өтсө, алдыда Үсөнбаевдин чыгармаларын аткаруучулар арасында сынак өтөт. Анын байге фонду үчүн 1 млн. сом байге каралган.

Сөз эркиндигин коргоого чакырган жүрүш

Azattyk.org 

Бишкекте жарандык коом, журналисттер жана юристтер “Азаттык”, “Клооп”, “Кактус Медиа” жалпыга маалымдоо каражаттарына чабуулду айыптап, жүрүшкө чыгышты.

Кемпир-Абад маселесин көтөрүп жүргөн келин 30 саатка коомдук иштерге тартылды

Azattyk.org 

Социалдык түйүндөр аркылуу Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча маселе көтөрүп жүргөн Каныкей Аранова Бузуулар кодексинин негизинде жазага тартылганын бүгүн 14-октябрда Ош облустук ички иштер башкармалыгы билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, Өзгөн районунун Кара-Таш айыл аймагынын тургуну, 35 жаштагы Аранова “Куршаб айылында көчөдөгү жарандарды жана кызматтык милдетин аткарып жаткан бийлик өкүлдөрүн шылдыңдап, жеке аброюна шек келтирип мазактаган сөздөрдү айтканы үчүн Бузуулар кодексинин 126-беренеси... Читать дальше...

Жалган маалыматтан коргоо мыйзамын өзгөрүү сунушталууда

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин депутаттар тобу «Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун иштеп чыгышты. Долбоор парламенттин сайтына коомдук талкууга коюлду. Анда азыркы мыйзам “демократиялык баалуулуктарга терс таасирин тийгизип, жалпы коомубуздун башын бириктирүүгө зыян келтириши мүмкүн” экени белгиленди. Ошону менен катар, демилгечи депутаттардын пикиринде, мыйзамдын азыркы редакциясында карама-каршылыктар жана коррупциялык коркунучтар бар, себеби... Читать дальше...

“ПолитКлиника”: Оштогу Орусиянын консулдугу жайгашкан имарат депутат Нарматовага таандык

Azattyk.org 

Ош шаарындагы Орусиянын консулдугу жайгашкан имарат Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматовага таандык экенин 14-октябрда “ПолитКлиника” медиасы жазып чыкты. “Орусиянын Ош шаарындагы консулдугу К.Бобулов 77 дарегинде жайгашкан. Бул консулдуктун расмий сайтында дагы көрсөтүлгөн”, - деп билдирди басылма. Иликтөөчү журналисттер Орусиянын дипломатиялык консулдугу имаратты 2009-жылдан бери ижарага аларын аныкташкан. "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин маалымат базасынан алынган расмий документтердин сүрөтү кошо жарыяланды. Читать дальше...

Дайырбек Орунбеков "Азаттыкка" каршы акция боюнча пикирин билдирди

Azattyk.org 

Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков "Азаттык Медианын" кеңсесинин алдында экстремисттик билдирүүлөр жасалган акцияга байланыштуу пикирин билдирди. "Укуктук мамлекетте “өрттөйм” деген коркутуулар жана башка деструктивдүү аракеттер кабыл алынбайт. Ошол митингге чыккандар да, тилекке каршы, өлкөбүздөгү сөз эркиндигинин көрсөткүчү. Ошондуктан дагы бир жолу кайталайм – сөз эркиндиги бул оюңа келгенди айтып, башкалардын укугун тебелөө эмес. Бул коом алдындагы чоң жоопкерчилик" деп жооп берди. Читать дальше...

"Азаттык" журналисттерин коркуткан окуя боюнча милицияга кайрылды

Azattyk.org 

“Азаттык Медиа” мекемеси 13-октябрда Бишкектеги кеңсесинин алдында уюштурулган акциянын катышуучусунун журналисттерди коркутуп-үркүткөнү боюнча милицияга кайрылды. Бишкек шаарынын Ленин райондук милициясынын башчысы Бактыбек Нарчаевдин атына 14-октябрда жазылган арызда Илимбек Исраилов аттуу жаран "кийинки келгенде күч колдонууга чейин барып, имаратка бензин чачарын" айтканы, журналисттерди опузалап, “Азаттык”, “Клооп” жана Кактус Медиа" басылмаларынын дарегине тикелей коркутуу жасаганы белгиленет. Читать дальше...

Президент Жапаров чек арадагы талашты тынч жол менен чечүү керектигин айтты

Azattyk.org 

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин негизги жана өзгөрүүсүз принциби - ага мүчө өлкөлөрдүн ортосундагы достук, ынак коңшулук жана өз ара пайдалуу кызматташтык мамилелерин мындан ары өнүктүрүү жана чыңдоо экенин айтып, чек арадагы талаштуу маселелерди тынчтык жана дипломатиялык жол менен чечүү зарыл экенин кайталады. Бул тууралуу мамлекет башчы, бүгүн 14-октябрда Казакстандын борбору Астана шаарында өткөн КМШ Мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынында сүйлөп жатып билдирди. Читать дальше...

2023-жылы КМШ уюмуна Кыргызстан төрагалык кылат

Azattyk.org 

Казакстандын борбору Астана шаарында бүгүн, 14-октябрда Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ) мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынында соода-экономикалык, маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө, коопсуздук жаатында интеграциялык байланыштарды мындан ары да өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө багытталган бир катар документтерге кол коюлду. Ага ылайык, КМШга төрагалык кылуу Кыргызстанга өтүп, кеңешменин 2023-жылдагы жыйыны Бишкек шаарында өтмөй болду. Мындан сырткары Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигин... Читать дальше...

Cөз эркиндигинин колдогон жүрүш өттү

Azattyk.org 

Кыргызстанда жарандык коом, медиа өкүлдөрү "Азаттык", "Кактус Медиа", "Клооп" маалымат агенттиктерине чабуулду айыптап, жүрүшкө чыгышты.

Аба ырайы: күн жылуу болот

Azattyk.org 

15-октябрда Кыргызстандын аймагында жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн 5...10, күндүз 22…27; Талас жергесинде түнкүсүн 1...6, күндүз 21…26; Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 7…12, күндүз 23…28; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 3...8, күндүз 14...19; Нарын облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз 14...19; Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -6...-11, күндүз 1...6 градуска чейин жогору болот. Читать дальше...

Новости России
Москва

Жёсткие экологические требования решат инновационные энерготехнологии


Машинелерге милдеттүү видеокаттоо орнотуу жөнүндө мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду

Azattyk.org 

Ички иштер министрлиги (ИИМ) "Жол кыймылы жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизип, ар бир автоунаага видеокаттоо (видеорегистратор) орнотууну милдеттендирүүнү көздөөдө. Бул тууралуу мыйзам долбоору 14-октябрдан тарта коомдук талкууга коюлду. Министрлик видеокаттоо орнотуу коомдук коопсуздукту чыңдоого жана айдоочулардын тартибин күчтөндүрүүгө шарт түзөрүн билдирүүдө. "Жол эрежесин бузгандарды аныктоого жана жол кырсыктарынын себебин талдоого жол ачылат, айдоочулардын жоопкерчилиги көтөрүлөт жана өлкөдө кылмыштуулуктун азаюусуна шарт түзүлөт"... Читать дальше...

Кыздарды өсмөгө каршы эмдөө бир айдан кийин башталат

Azattyk.org 

Кыргызстанда өспүрүм кыздарды жатын моюнчасынын рагына каршы эмдөө 14-ноябрда башталарын бүгүн 14-октябрда Саламаттык сактоо министрлиги билдирди. Жалпысынан 11-14 жаштагы 200 миңден ашуун кызды камтуу пландалууда. Ракты козгоочу папиллома вирусуна каршы вакцинаны сатып алууга эл аралык уюмдар жардам берүүдө. Эмдөөнүн бул түрү дүйнөдө 2006-жылы башталган. Бүгүнкү күнгө карата папиллома вирусуна каршы вакцина 112 өлкөнүн эмдөө боюнча улуттук календарына кирген. Кыргызстандын улуттук календарына ылайык... Читать дальше...

Президент Жапаров КМШ Мамлекеттеринин башчыларынын саммитине катышууда

Azattyk.org 

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 14-октябрда Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине (КМШ) мүчө-мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышууда. Иш-чара Астана шаарындагы Конгресс-борбордо өтүп жатат. Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, чогуу сүрөткө түшкөндөн кийин өлкө лидерлери тар курамдагы жолугушуу залына киришти. Маалыматка ылайык, КМШга мүчө мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынында Шериктештик алкагындагы актуалдуу маселелер талкууланып... Читать дальше...

Бишкекте сөз эркиндигин коргоого арналган жүрүш уюштурулду (видео)

Azattyk.org 

Бишкекте сөз эркиндигин коргоого арналган жүрүш башталды. Анын уюштуруучуларынын бири, блогер Атай Бейшенбек жөө жүрүштүн максаты тууралуу маалымат берип жатып ар бир адамдын конституциялык укугун чектөөгө жол берилбеши керектигин, “Азаттык”, “Клооп” жана “Кактус” басылмаларынын жабылышын талап кылган акция мыйзамсыз болгонун белгиледи: “Акцияда бетин жаап алган, мыйзамга дал келбеген чакырыктарды таштаган учурларды көрдүк. Бирок бийлик аларга чара көрбөгөнү суроо жаратат. Биз жалпыга маалымдоо каражаттары гана эмес... Читать дальше...

Чек арада күйгөн үйлөрдүн 400дөн ашууну Баткен районунда экени айтылды

Azattyk.org 

14-17-сентябрдагы кыргыз-тажик чек арасында куралдуу кол салуудан Баткен облусунда 640 турак жай жабыркаган. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарбасынын жетекчисинин орун басары Жолдошбек Абдыраев 14-октябрда маалымат жыйынында билдирди. Жабыркаган 640 үйдүн 21и - Баткен шаарында, 444 үй - Баткен районунда, 175 үй Лейлек районунда. Кыргыз-тажик чек арасында сентябрда болгон кандуу окуядагы кыйроолордон Кыргызстан тарткан зыяндын суммасы 8-8,5 миллиард сомдон (100... Читать дальше...

Ирандын башкы судьясы демонстранттарга катаал чара көрүүнү буйруду

Azattyk.org 

Ирандын башкы судьясы демонстранттарга катаал чара көрүүнү буйруду. Ирандын сот бийлигинин башчысы Голамхоссейн Мохсени Эжеинин: "Мен сотторго негизги демонстранттарга, башаламандыктын катышуучуларына ырайым жоктугун, катаал өкүмдөрдү чыгарууну тапшырдым" деген сөзүн мамлекеттик ИРНА агенттиги жазды. Буга чейин сотторду демонстранттарга каршы чара көрүүгө руханий лидер Аятолла али Хаменеи да чакырган. Иранда адеп-ахлак полициясы хижабсыз жүргөнү үчүн кармап кеткен 22 жаштагы Махса Амини үч күндөн кийин каза болгон. Читать дальше...


Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
WTA

Свёнтек разгромила Кырстю и вышла в 1/8 финала турнира WTA-1000 в Мадриде






От Розановой до Боголюбова. «Культура» о самых интересных выставках мая

Образовательный комплекс в ЖК «Тетрис» Красногорска готов на 40%

В Москве на Портале поставщиков провели более 150 тысяч закупок с начала года

Митап с дизайнером "Амбассадор бренда: кто это и как начать сотрудничество"