АКШнын Мамдепартаменти “Азаттыктын” сайтынын эки айга бөгөттөлүшүн айыптады
АКШнын Мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Нед Прайс Кыргызстандын бийлигинин "Азаттык Медианын" сайттарынын ишин эки айлык мөөнөткө жабуу чечимин айыптаган билдирүү таратты. Бул тууралуу пикирин ал Твиттердеги баракчасына жазды. “АКШ “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун кыргыз кызматы – “Азаттык” радиосунун веб-сайтын Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн бөгөттөгөнүнө терең тынчсызданууда. Бул көз карандысыз маалымат каражаттарына жана жарандык коомго кысымды күчөткөн өкмөттүн бир катар аракеттеринен кийин болуп жатат. Читать дальше...