Балбан кыздардын Бишкектеги жаңы ордосу
Кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук кураманын кубанычы чексиз. Үч кабаттан турган комплексте үч күрөш килеми бар жана 30 кыз бир учурда машыга алат. 35 адамга ылайыкташкан жатакана, машыгууга керектүү шаймандар жана 3-4 орундуу конок бөлмөлөрү, тамактануучу, жуунчу жайлар да каралган.