Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Октябрь
2022

Новости за 31.10.2022

Сохко байланыштуу жашыруун протоколдун бетин ачкан журналист

Azattyk.org 

“Массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөн” деген шек менен камалган жыйырмадан ашык саясатчы, активисттердин арасында журналист жана саясий серепчи Айданбек Акматов да бар. Ал сот залында Кемпир-Абад маселеси талкууланган жыйынга журналист катары катышканын билдирди. Айданбек Акматов 24-октябрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен 20-декабрга чейин борбордогу №1 тергөө абагына камалды. Ички иштер министрлиги (ИИМ) “Айданбек Акматов бир катар саясатчы, активисттер менен жапырт... Читать дальше...

Беларуста нааразылыкка катышкан үч оппозиционер абакка кесилди

Azattyk.org 

Минск шаарынын Фрунзе районунун соту оппозицонерлер Артур Смаляков менен Диана Чернушинаны эки жылга, Андрус Асмалоскомду үч жылга кести. Алар эки жыл мурда президенттик шайлоонун жыйынтыгын жасалмалоого жана авторитардык башкаруучу Александр Лукашенконун алтынчы мөөнөткө шайланышына каршы митингдерге катышканы үчүн кармалган эле. Өлкөнү 1994-жылдан тарта башкарып келген Александр Лукашенко 2020-жылы августта болгон президенттик шайлоодо жеңүүчү деп жарыяланган. Оппозиция добуш берүүнүн жыйынтыгын тааныган эмес. Читать дальше...

Кыргызстан-БАЭ: уставдык капиталы 100 миллион долларлык биргелешкен холдинг ачуу макулдашылды

Azattyk.org 

Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) өкмөттөрү биргелешкен холдинг компаниясын түзүүнү макулдашты. Бул тууралуу президенттин маалыматтык саясат кызматы кабарлап, аталган ишкана Кыргызстанда ачыларын белгиледи. Макулдашууга президент Садыр Жапаров менен БАЭнин президенти Мухаммед бин Заед Аль Нахайяндын 31-октябрда Абу-Даби шаарындагы сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы боюнча жетишилген.  Маалыматка караганда, холдингдин уставдык капиталы 100 миллион доллар, инвестициялык капиталы 1 миллиард... Читать дальше...

Талас: убактылуу кармоочу жайдагы өлүмдүн чоо-жайы иликтенүүдө

Azattyk.org 

Талас облустук ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайында асынып алган адамдын өлүмү боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу 31-октябрда "Азаттыкка"облустук милициянын басма сөз катчысы Динара Сарногоева билдирди. Анын сөзүнө караганда, Талас шаарынын 28 жаштагы тургуну Кылмыш-Жаза кодексинин 37-122-беренеси ("Кылмыш жасоого аракеттенүү, адам өлтүрүү")  менен шек саналып кармалган. 31-октябрь күнү 13:30 чамаларында убактылуу кармоочу жайдан өзү кийип жүргөн футболкага асынып каза болгон. Читать дальше...

Иранда журналисттин сөөгү жашыруун көмүлгөнү белгилүү болду

Azattyk.org 

Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусу (IRGC) "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун Иран кызматынын кабарчысы Реза Хагигатнеджаддын сөөгүн Шираз шаарынын жакасына жашыруун көмүп салганын анын үй-бүлөсүнө кабарлады. 30-октябрда ирандык журналист Ахмад Батеби Твиттердеги баракчасында Реза Хагигатнеджаддын мүрзөсү делген жердин видеосун жарыялап, "белгилүү журналисттин сөөгү уурдалгандан бир жума өткөндөн кийин, бийлик аны үй-бүлөсүнө кабар бербей, акырын көмүп салган".деп жазат. 45 жаштагы... Читать дальше...

Таланты таалим болгон төкмө

Azattyk.org 

Залкарлар чыйырын улаган кыргыз эл артисти Замирбек Үсөнбаев “Азаттык” менен ой бөлүштү. Бишкекте Сталиндик репрессиянын белгисиз калган каармандары эскерилди. Таластагы балдар интернатынын имаратына башка лицейдин көчүп келиши талаш жаратты. Жалал-Абад шаарындагы жаңы базар маселеси. "Данисте" берүүсүнүн кезектеги чыгарылышын ушул баяндар түзөт.

Тармактык комитет Кемпир-Абаддын суусун кош башкаруу боюнча макулдашуу долбоорун жактырды

Azattyk.org 

Кемпир-Абад суу сактагычынын суусун биргелешип башкаруу тууралуу кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык макулдашуусунун долбоорун Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитети 31-октябрда көпчүлүк добуш менен жактырды. Добуш берүү учурунда депутаттар Адахан Мадумаров, Чыңгыз Айдарбеков жана Нуржигит Кадырбеков маселенин каралышына каршылык көрсөтүп, жыйындан чыгып кетишти. Комитеттин мүчөсү Адахан Мадумаров макулдашуунун долбоорунда Кыргызстанга Өзбекстан тараптан бир топ татаал шарттар коюлганын "Азаттыкка" билдирди... Читать дальше...

Кемпир-Абад: камакка алынгандар 26га жетти

Azattyk.org 

Кыргызстанда "массалык башаламандык уюштурууга даярданды "деген шек менен камакка алынгандардын саны 26га жетти. Өткөн апта соңунда Орусияда жүргөн оппозициячыл активисттер Орозайым Нарматова менен Илгиз Шаменов Бишкекке алып келинсе, мурдагы элчи Мамбетжунус Абыловдун үйү тинтилген соң камакка алынды. Алар Бишкектеги №1 тергөө абагында эки ай камакта болмокчу. Укук коргоочулардын маалыматы боюнча, жалпысынан соңку иш боюнча 28 адам шектүү катары өтүп жатат. Алардын ичинен кармалгандардын... Читать дальше...



Асеин Исаев элчилик кызматынан бошотулду

Azattyk.org 

Асеин Исаев Кыргызстандын Индиядагы жана Бангладештеги элчиси кызматынан бошотулду. Тийиштүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Асеин Исаев Кыргызстандын Индиядагы элчиси болуп 2019-жылдын башында дайындалган. Ал 2015-жылдан бери Кыргызстандын Бельгия, Нидерланд, Люксембург жана Франциядагы элчиси, НАТО менен ЮНЕСКОдогу туруктуу өкүлү болуп иштеп келген.  (КЕ)

"Которуштуруп айдоо деген жок". Таласта төө буурчак түшүмү азайды

Azattyk.org 

Таласта ушу тапта дыйкандар төө буурчактын акыркы түшүмүн жыйноодо. Быйыл анын баасы жакшы болгону менен түшүм аз дейт фермерлер. Мунун себебин жер арыктап, которуштуруп айдоо сыяктуу ыкмалар колдонулбай жатканы менен түшүндүрүшүүдө. Экинчи жагынан төө бурчак айдоого кеткен чыгымдар да көбөйгөн. "Башка ыкмага өтпөсөк, жөн эле чыгаша боло баштадык" Талас облусунда калктын 80 пайызы төө буурчак айдайт. Өрөөндөгү элдин негизги турмуш-тиричилиги дагы ушуга байланышкан. "Быйыл айдап-себүү башталган учурда күйүүчү майлар кымбат болду. Читать дальше...

Министрлер кабинети Кара-Буура районуна Чыңгыз Айтматовдун ысымын берүүнү сунуштады

Azattyk.org 

Министрлер кабинети айрым райондор менен айылдардын аталышын өзгөртүп, өлкөнүн белгилүү инсандарынын ысымын ыйгарууга багытталган мыйзам долбоорун сунуштады. Буга байланыштуу документ Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланды. Анда мыйзам долбоору мамлекеттик кызыкчылыктарды, тарыхый, улуттук өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен, улуттук идеологияны чыңдоого жана жарандарды патриоттук духта руханий тарбиялоону жакшыртуу максатында иштелип чыкканы белгиленген. "Ушул Мыйзам долбоору Кыргызстандын эл жазуучусу... Читать дальше...

Түрк инвестициялык фондунун кеңсесин Кыргызстанда ачуу зарылдыгы айтылды

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети 31-октябрда Түрк инвестициялык фондун түзүү жѳнүндѳ макулдашуунун долбоорун талкуулап, бир добуштан жактырды. Фонд боюнча экономика жана коммерция министринин орун басары Айнура Усенбекова маалымат берди. Анын айтымында, фонддун уставдык капиталы 500 млн. долларды түзөт. "Кыргызстандын үлүшү 70 миң доллар. Үч жылдын ичинде республикалык бюджеттин каражатынан төлөнөт. Бул фонд түрк тилдүү мамлекеттерде артыкчылыктуу... Читать дальше...

Иранда акцияга чыккан студенттер куугунтукту токтотууну талап кылышты

Azattyk.org 

Эс алуу күндөрү күч кызматтары нааразылыкка чыккандарды ок атып, көздөн жаш агызуучу газ менен кууп тараткан соң Ирандагы бир катар университеттердин студенттери окуу жайлардын кампустарында отуруп, нааразылык акцияларына кошулду. Алар колуна плакаттарды кармап, ураандарын улам кайталап жатышат. Чогулгандар каршылыктарга катышкан башка студенттерди окуу жайдын жетекчилери тарабынан куугунтуктоону токтотууну талап кылышууда. Ислам революциясынын сакчылар корпусу (IRGC) мунун алдында окуу жайларда билим алгандарга катуу эскертүү берип... Читать дальше...

Төө-Ашууда жүк ташуучу автоунааларга чектөө киргизилди

Azattyk.org 

Бурганактап жааган кардан улам, Бишкек-Ош жолундагы Төө-Ашууда жол кыймылына чектөө киргизилди. Ага ылайык, жүк ташуучу автоунаалар Чүйдүн Сосновка айылынан ары өткөрүлбөй, убактылуу токтотулууда. Транспорт жана байланыш министрлиги чектөөлөр күн ачылганча уланарын билдирди. Ашуудагы жолдорду №9 жол оңдоо ишканасы кардан тазалап, кум-шагыл сээп жатканы кабарланды. Аба ырайынын бузулушунан улам айдоочуларга машинелердин ортосунда 500 метр аралыкты сактоо сунушу берилди. ZKo)

"Азаттыктын" банктагы эсеби эч кандай түшүндүрмөсүз бөгөттөлдү

Azattyk.org 

"Азаттык Медиа" мекемесинин "Демирбанктагы" эсебине бөгөт коюлганын 31-октябрда банктан билдиришти. Банктын өкүлдөрү бул тууралуу телефон аркылуу оозеки ырастап, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен (УКМК) билдирме алышканын айтышты. "Демирбанк" азырынча "Азаттык Медиага" расмий түшүндүрмө бере элек. УКМКнын басма сөз кызматы "Азаттыктын" эсебине байланыштуу маалыматты тактоо керек экенин айтып, расмий кат жиберүүнү сурады. 26-октябрда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты... Читать дальше...

Кемпир-Абаддын суусун кош башкаруу келишиминин долбоору комитетте жабык каралууда

Azattyk.org 

Кемпир-Абад суу сактагычынын суусун биргелешип башкаруу тууралуу кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык макулдашуусунун долбоору ушул тапта Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитетинде жабык каралууда. Аталган макулдашуунун долбоорун комитеттин бүгүн, 31-октябрдагы жыйынына Айыл чарба министрлиги алып келди. Депутат Ырысбек Атажанов келишимдин долбоорун жабык кароону сунуштаганын дагы бир депутат Адахан Мадумаров сынга алды. Ал келишимде эч кандай мамлекеттик сыр жоктугун белгилеп, аны ачык талкууга коюуну талап кылды.

АӨБ Кыргызстандын бюджетин колдоого 50 млн. доллар насыя берет

Azattyk.org 

Азия өнүктүрүү банкы (АӨБ) Кыргызстандын бюджетин колдоого 50 млн. доллар насыя бөлөт. Тиешелүү макулдашуу Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин 31-октябрдагы жыйынында каралды. Тармактык комитет Кыргызстан менен Азия ѳнүктүрүү банкынын ортосундагы кредиттик жана гранттык макулдашуунун долбоорун талкуулады. Жыйында белгилүү болгондой, каражат өлкөнүн соода жана инвестициялык атаандаштыкка жөндүмдүүлүгүн арттыруу, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү... Читать дальше...

Сот департаменти 5,5 млн. сомдук чыгымды төлөгөнү кабарланды

Azattyk.org 

Жогорку соттун Сот департаменти санариптик жабдыктарды сатып алуудагы мамлекетке келтирген чыгымын толук төлөгөнүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет кабарлады. Маалыматка ылайык, 2020-жылы мамлекеттик органдарды санариптештирүү долбоорунун алкагында өлкөнүн сот тармагына жалпы 42 миллион 835 миң 250 сомдон ашык суммага техникалар сатылып алынган. УКМК санариптик жабдыктардын баасын кымбат көрсөтүү фактысын аныктап, кылмыш ишин козгогон.  "Иликтөөнүн жыйынтыгында Жогорку соттун Сот... Читать дальше...

"Бул жашоомо жалаң сүйүү тиленгем..." Өмүрдөн эрте кеткен Кадырбек

Azattyk.org 

24 жашында оорунун айынан акка моюн сунган Кадырбек Аблабеков адабиятка бармактайынан аралашкан, келечегинен көптү үмүттөндүргөн жаш акын эле. Жакындары Кадырбек оорудан каза тапканын 23-октябрда билдирди. Ага 2021-жылы курч мүнөздөгү лейкемия деген диагноз коюлган. Кадырбек эл аралык "Нурборбор" чыгармачылык академиясынын алдында түзүлгөн​ “Жаңы толкун” адабий ийримин 2017-жылдан бери жетектеп жүргөн. “Клубдун борбордогу ар бир чогулушуна Токмоктон келип турчу. Анан өзүнүн мектебине жаш акындарды алып барып да ыр кечелерди уюштурчу. Читать дальше...

Новости России
Москва

Новый транспортный хаб начали строить Казахстан, РФ и Китай


Ирандын бийлиги "Эркин Европа/Азаттыктын" кабарчысынын сөөгүн жашыруун көмгөнүн билдирди

Azattyk.org 

Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусу (IRGC) "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун Иран кызматынын кабарчысы Реза Хагигатнеджаддын сөөгү Шираз шаарынын жакасына жашыруун көмүлгөнүн анын үй-бүлөсүнө кабарлады. Бийлик өкүлдөрү журналисттин атасына уулунун сөөгү көмүлгөн жердин сүрөтүн көрсөткөн. Аны “Фарда” радиосу да жарыялады. 45 жаштагы саясий баяндамачы Реза Хагигатнеджад "Фарда" радиосунун кабарчысы болуп 2019-жылдан бери иштеп келе жаткан. Ал 17-октябрда Берлиндеги "Шарите" ооруканасында өсмө оорусунан (рак) каза болгон. Читать дальше...

"Азаттык" радиосу жаңы веб-сайт түзгөн жок

Azattyk.org 

“Азаттык Медиа” мекемеси жаңы веб-сайт түзгөн жок. “Азаттык” радиосу көз карандысыз журналистикага ишенген башка уюмдарга маалыматты бөлүшкөнгө тоскоол боло албайт. Андыктан Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин соңку дооматы негизсиз экенин белгилейт. 29-октябрда кечки саат 18:55те аталган министрлик "Азаттык Медиага" эскертүү кат жолдогон. Министрдин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу кол койгон катта "Азаттык Медианын" сайттарына эки айга бөгөт коюу чечимине карабай, башка IP даректер... Читать дальше...

Түштүк Кореяда тебелендиде калып мерт болгондор 154кө жетти

Azattyk.org 

Түштүк Кореяда Хэллоуин күнүн белгилөөгө чогулгандар арасында пайда болгон тыгындан кийин ооруканага жеткирилген дагы үч адам каза болуп, жалпы курмандыктар 154кө жетти. Корей бийлиги жабыркаган калган 149 адамдын 33ү оор абалда экенин билдирди. Окуя 29-октябрда өлкөнүн борбор калаасы Сеулдун Итхэвон районунда болгон. Каза тапкандардын 20 чактысы чет өлкөлүктөр, алардын төртөө орусиялыктар экени аныкталды. Жергиликтүү басылмалардын маалыматына караганда, тыгын 100 миңдей адам чогулган окуя учурунда... Читать дальше...

Кыргызстанда бир аптада 53 адам коронавируска чалдыкты

Azattyk.org 

24-30-октябрь күндөрү Кыргызстанда 53 адам коронавирус жуктурганы лабораториялык жактан тастыкталды. Анын ичинен 14 бейтап ооруканага жаткырылды, 39у үйүнөн дарыланууда. Бул тууралуу Cаламаттык сактоо министрлигинин оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти билдирди. Маалыматка караганда, өлкөдөгү бардык аймактар жашыл зонада. Жыл башынан бери өлкөдө 21 миң 704 адам коронавируска чалдыккан. Анын ичинде 19 миң 697 (90,7 %) учур лабораториялык түрдө... Читать дальше...

Аба ырайы: жаан-чачын болбойт

Azattyk.org 

1-ноябрда Кыргызстандын аймагында жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши мүмкүн. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн -1...+4, күндүз 11…16; Талас жергесинде түнкүсүн -1...+4, күндүз 11…16; Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 0…5, күндүз 12…17; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2...+3, күндүз 6...11; Нарын облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз 8…13; Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -12...-17, күндүз -3...+2. ​Бишкекте жаан-чачын болбойт. Читать дальше...

Акылбек Жапаров: эски ыкма менен иштеген жетекчилерге чара көрүлөт

Azattyk.org 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 31-октябрда Баткенде жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана тургундар менен жыйын өткөрдү. Өкмөттүн басма сөз кызматынын билдиришинче, анда Жапаров эски ыкма менен иштеген жетекчилерге чара көрүлөрүн эскертти. "Өткөн жылы сиздер менен Бишкекте жолукканда тапшырмалар берилген. Иш талаптагыдай жүрбөй жатат. Кадрларды аттестациялоо жана ротациялоо болду. Бирок эки жылдан бери ишиңиздерде жылыш байкалбай жатат, мурдагыдай эле эски ыкма менен иштеп жатасыздар... Читать дальше...


Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
WTA

Мария стала соперницей Азаренко на турнире WTA в Мадриде






Сильный дождь в Москве и Подмосковье показали на видео

За первый квартал 2024 года количество самостроя в ЗелАО снизилось на 34 процента

Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует: Клиентская служба «Рязанский - Некрасовка» в ЮВАО г. Москвы с 27 апреля меняет адрес

Суд приостановил корпоративные права Demanor в отношении УК «Азбуки вкуса»