Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Октябрь
2022

Көк-Таш - Ак-Сай жолундагы көпүрөнүн курулушу аяктады

0
Көк-Таш - Ак-Сай жолундагы көпүрөнүн курулушу аяктады

Баткен районундагы Көк-Таш - Ак-Сай жолундагы көпүрөнүн курулушу бүткөрүлүп, унааларга жол ачылды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникация министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, көпүрөнү "Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасынын №2 жол тейлөө башкармалыгы курган.

Министрликтин маалымат кызматы буга чейин "16-сентябрда Баткен районундагы Көк-Таш – Ак-Сай – Тамдык автожолунун жетинчи чакырымындагы Дача – Чайхана тилкесинде Ак-Суу дарыясына курулган көпүрөнү тажик аскерлери жардырган" деп билдирген.

20-сентябрда транспорт жана коммуникация министринин орун басары Таабалды Тиллаев тажик тараптын кол салуусу учурунда жардырылган көпүрө убактылуу калыбына келтирилип, кыймыл кайра жанданганын маалымдаган.

Быйыл 14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында кан төгүлгөн окуяны Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги "Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы" деп атаган. Анын алдында Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги ушундай эле мазмунда айыптаган билдирүү жарыялаган.

Кыргызстан 62 жаранынан айрылды, алардын элүүдөйү аскер кызматкери экени айтылды. Ар кандай жараат алгандардын саны 200гө жакындады. Чек арадагы кыргыз айылдарынан коопсуз жайларга убактылуу көчүрүлгөндөр 140 миңден ашып, учурда алардын көбү үйлөрүнө кайтышты.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арада 41 жараны каза болгонун билдирген. "Озоди" өз булактарына таянып каза болгон 74 кишинин тизмесин чыгарды. (КЕ)




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Андрей Рублёв

На кураже: Рублёв пробился в финал «Мастерса» в Мадриде, Медведев снялся из-за травмы






Президент ДР Конго объяснил британцу, почему в Африке любят Россию

Ульяновск вошел в топ-5 городов по дистанционному трудоустройству в МТС

Захватывающий фестиваль K-POP танцев CoverLand прогремел в ТРЦ «Нора»

XXIII республиканский пасхальный фестиваль «Золотые купола» стартовал в Якутии