Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Октябрь
2022

УКМК чек арада табылган аскердин сөөгү ДНК-экспертизага жөнөтүлгөнүн билдирди

0
УКМК чек арада табылган аскердин сөөгү ДНК-экспертизага жөнөтүлгөнүн билдирди

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы "2022-жылдын 14-17 сентябрында кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылыштан кийинки ыкчам-иликтөө иш-аракеттеринин жүрүшүндө бронежилет кийген аскер кызматкеринин денесинин калдыктары табылгандыгын" кабарлады.

Расмий маалыматта сөөктүн 90 пайызы жабыркагандыктан, анын тек-жайын дароо аныктоо мүмкүн болбой жатканы айтылды.  Аталган мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалыматта табылган сөөк дайынсыз болуп жаткан лейтенант Дастан Анарбековго таандык болушу мүмкүн.

"Анарбековдун туугандары соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы менен макул болбогондугуна байланыштуу тиешелүү иликтөө органдары тарабынан каза тапкан адамдын өздүгүн аныктоо жана анын туугандары менен туугандык байланышы бар экендигин аныктоо максатында генетикалык-экспертиза - ДНК-тест өткөрүүгө Казакстандагы лабораторияга керектүү материалдар жөнөтүүгө даярдалды. ДНК-тесттин жыйынтыгы каза тапкан аскер кызматкердин ата-энесине жана жакын туугандарына маалымдалат. Ошону менен бирге генетикалык экспертизанын жыйынтыгы чыкканга чейин лейтенант Дастан Анарбековду издөө иш-аракети улантылат", - деп айтылат маалыматта.

Мындан мурдарак Жогорку Кеңештин депутаты Марат Мураталиев Баткенде куралдуу кол салуу маалында дайынсыз жоголгон жоокер Дастан Анарбековдун апасы бийлик өкүлдөрү менен бир канча күндөн бери жолуга албай жатканын билдирген.

21 жаштагы Дастан Анарбеков Аскер институтун аяктап, Баткен облусуна жөнөтүлгөн. Ал 17-сентябрдан бери дайынсыз болуп жатат. Буга чейин жоокердин жакындары жардам сурап президентке жана Улуттук коопсуздук комитетине кайрылышкан.

16-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында кан төгүлгөн окуяны Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги "Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы" деп атаган. Тажикстан күнөөнү Кыргызстанга оодарды.

Кыргызстан кол салуудан бери дегенде 63 жаранынан айрылды, алардын кыркы аскер кызматкери. Жараат алгандардын расмий эсеби 200гө жакындады.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арада 41 жараны каза тапканын, 200гө чукулу жаракат алганын билдирди. "Озоди" радиосу өз булактарына таянып, 74 кишинин тизмесин жарыялады, жергиликтүү жашоочуларга шилтеме берип тажик айылдарында да дүкөн, турак жайлар өрттөлүп, талкаланганын жазды.

Бул маалыматты башка көз каранды эмес булактан тактоо мүмкүн эмес болууда. (КЕ)




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Арина Соболенко

Швентек и Соболенко устроили триллер за престижный трофей






ТАСС: президент Кубы планирует посетить Россию и принять участие в Параде Победы

Politico называет арест замминистра обороны Иванова посланием и пишет о "кошельке Шойгу"

В пасхальных богослужениях в Москве приняли участие 2 млн верующих

Минтруда Таджикистана тоже призвало граждан воздержаться от поездок в Россию без надобности