Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Октябрь
2022

Армения менен Азербайжандын лидерлери Прагада жолукту

0
Армения менен Азербайжандын лидерлери Прагада жолукту

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян менен Азербайжандын президенти Илхам Алиев Прагада жолугуп, Европа Биримдигинин жарандык миссиясын өздөрүнүн чек ара тилкелерине жөнөтүүгө макулдук беришти. Бул тууралуу Европа Кеңеши кабарлады.

Кездешүүгө Франциянын президенти Эммануэл Макрон жана Европа Кеңешинин төрагасы Шарль Мишель да катышты.

Европа Биримдигинин жарандык миссиясы өз ишин ушул айдын аягында баштайт деп күтүлүүдө. Кабарда айтылгандай, алар чек арада эки айча болот. Алардын изилдөөсү чек араны делимитациялоо боюнча комиссиянын Брюсселде өтө турган отурумдарында келтирилет.

Өткөн айда талаштуу Тоолуу Карабактан тутанган чыр армян-азербайжан чек арасындагы чатакка алып келген. Армения чек арадагы кагылышууда 207 киши курман болгонун же дайынсыз жоголгонун билдирди. Азербайжандын бийлиги соңку кагылышта 79 аскерин жоготконун кабарлаган.

Эки өлкө 2020-жылы Тоолуу Карабак аймагын талашып, катуу кагылышкан. Анда Армения төрт миңдей, ал эми Азербайжан үч миңдей жаранын жоготкону айтылган. Жаңжалда Азербайжан Тоолуу Карабактагы мурда Армения көзөмөлдөп турган бир нече районду жана Шуша шаарын кайтарып алган.

Көп өтпөй Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Азербайжандын президенти Илхам Алиев жана Орусиянын президенти Владимир Путин аталган чөлкөмдө ок атышууну токтотуу тууралуу келишимге кол коюшкан.

Ага ылайык, Армения менен Азербайжан макулдашууга кол коюлганга чейин өз аскерлери ээлеп турган аймактарды башкарып турмак болгон. Кесилишкен тилкени Орусиянын тынчтык орнотуучу күчтөрү кайтарып жатат.

Армения менен Азербайжан Тоолуу Карабакты талашып алгач 1980-жылдары согушкан. Жикчил аймактагы 1988-1994-жылдардагы согушта 30 миңдей адам өлгөн, 100 миңден ашуун адам качкын болгон же жер которгон. (ErN)




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Рафаэль Надаль

Определился соперник Надаля в первом круге «Мастерса» в Риме






Габулов назвал единственного топ-тренера в чемпионате России

16 мая в 11:00 состоится вебинар «Организация работы контрактной службы и комиссий по 44-ФЗ в 2024 году»

Парк «Пехорка» признали самым посещаемым в Подмосковье за неделю

Начались переговоры Путина с Пашиняном