Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Октябрь
2022

УКМК Баткенде чек арачылар тийиштүү каражаттар менен толук камсыздалганын билдирди

0
УКМК Баткенде чек арачылар тийиштүү каражаттар менен толук камсыздалганын билдирди

Кыргызстандын Чек ара кызматы кыргыз-тажик тилкесиндеги бөлүктөр тийиштүү материалдык каражаттар жана азык-түлүк менен толук камсыз кылынганын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) билдирди. Мекеменин басма сөз кызматы 8-октябрда билдирүү таратып, социалдык түйүндөрдө чек арачылар камсыз кылынбаганы тууралуу маалымат тарап жатканын, анын баары чындыкка дал келбей турганын белгиледи.

“Кыргыз-тажик чек арасында жайгашкан бөлүктөр жана өткөрмө бекеттери материалдык каражаттар менен нормага ылайык 100% камсыздалган. Чек ара кызматынын Баткен облусундагы башкармалыгынын жеке курамы кышкы жана жайкы аскер кийими жана жеке коргонуу каражаттары менен толук камсыз болгон. Чек ара кызматынын өзгөчөлүгүн эске алуу менен чек ара бөлүктөрүндө тамак-аш азыктарынын 2023-жылдын июнуна чейинки кору бар. Тез бузулуучу азыктардын кору ар үч ай сайын жаңыланып турат. Бардык чек ара тозотторунда тийиштүү көлөмдө көмүр жана отун бар”.

Сентябрдын ортосунда кыргыз-тажик чек арасында болгон каргаша учурунда Баткенге жардам катары Бишкекте, Ошто жана республиканын башка аймактарында элден чогултулган гуманитардык жардам арасында чек арачы аскерлер үчүн да кийим-кече, тамак-аш, техникалык каражаттар топтолуп, жөнөтүлгөн. (RK)




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Андрей Рублёв

«Титул, которым я горжусь больше всего»: Рублёв одолел Оже-Альяссима и выиграл второй турнир серии «Мастерс» в карьере






Лукашенко: Минск не будет рисовать никаких линий, мгновенно ответит на агрессию

Видели смерть, но не разучились смеяться. Советские режиссеры-фронтовики

"Мир квартир": новостройки подешевели в трети крупнейших городов РФ

Будущая площадь Гагарина и Ленинский проспект. 6 июня 1960 г. Москва