Бишкекте Гейдар Алиев жана Низами Гянжеви атындагы мектептер ачылат
Үстүбүздөгү жылдын 11-12-октябрында Азербайжандын президенти Илхам Алиев Кыргызстанга мамлекеттик сапары менен келет. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады. Расмий маалыматка караганда, сапар алкагында эки өлкөнүн башчылары Садыр Жапаров менен Илхам Алиев эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.
Өлкө лидерлери эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин, ошондой эле аны мындан ары өнүктүрүүнүн жана натыйжалуу өз ара аракеттенүүнүн келечегин талкуулайт. Сапардын жүрүшүндө Мамлекеттер аралык кеңештин биринчи жыйынын өткөрүү да пландалууда.
Мындан тышкары, Бишкекте “Кыргызстан-Азербайжан достугу” сейил багынын, Гейдар Алиев жана Низами Гянжеви атындагы жалпы билим берүү мектептеринин ачылышы болот.
Президент Садыр Жапаров быйыл апрелде Бакуга расмий сапар менен барган. Бишкек кыргыз-азери мамилесин чыңдап, алака-катышты күчөтүүгө кызыкдар экенин билдирген.
Кыргызстан менен Азербайжандын соода жүгүртүүсү 100 млн. доллардын айланасында. Буга чейин соода-инвестициялык кызматташтыкты күчөтүү демилгеси улам көтөрүлүп, бирок натыйжа болбой келген.
Бишкек Бакудан мунайзаттарын алып, ага жеңил-өнөр жай товарлары менен айыл чарба азыктарын сатууну көздөйт. (КЕ)