Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Октябрь
2022

Ташиев кыргыз-өзбек чек арасында Кыргызстанга өттү делген жерлерди атады

0
Ташиев кыргыз-өзбек чек арасында Кыргызстанга өттү делген жерлерди атады

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев кыргыз-өзбек чек арасы боюнча келишимдин долбооруна ылайык, Кемпир-Абад суу сактагычы жайгашкан 4485 гектар Өзбекстанга өтүп, анын ордуна Ош жана Жалал-Абад облустарынан жалпысынан 18 миң гектардан ашуун жер алына турганын айтты. Соңку макулдашууларга ылайык, Кыргызстандын картасы 15 миң 806 гектарга кеңейет. Бул тууралуу ал бүгүн, 10-октябрда Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйында маалымат берип жатып билдирди.

Атайын кызматтын башчысы Кемпир-Абаддагы сууну сегиз адамдан турган кыргыз-өзбек биргелешкен ишканасы көзөмөлдөй турганын айтты. Суунун деңгээлин 908 горизонттон 900гө түшүрүүдө 1246 гектар жер бошоп, аны жергиликтүү тургундар колдонсо болорун кошумчалады. Эгерде суу агып кете турган болсо, анда анын жерине Өзбекстан ээлик кылып кала берет.

Ташиев кабарлаган Кыргызстанга өттү делген жерлер:

Гавасай 12 872 гектар,

Көк-Серек 105 гектар,

Баястан 212 гектар,

Унгар-Тоо 35 гектар,

Кара-Белес 25 гектар,

Ак-Таш 100 гектар (Кара-Суу району),

Шарихан каналынын башталышынан 19,5 гектар (жерди эки тарап бири-бири менен алмашты).

Өзгөн жана Сузак райондорунда 1000 гектар.

Ташиев бул чечимге кол коюлса, анда Кыргызстандын картасы 15 806 гектарга көбөйө турганын билдирген.

Кыргыз-өзбек чек арасын тактоо иштери боюнча маселе Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинде каралып жатат. Жыйынга сүрөт, аудио, видео тартууга тыюу салынган. Ташиев кыргыз-өзбек чек арасы боюнча келишимдин долбоорун жабык кароонун себептерин айтып, жашыруун маалыматтар айтыла турганы менен түшүндүргөн. Айрым депутаттар жыйындын башында буга нааразылыгын билдирип, макулдашуу боюнча документтер толук эместигине, отурум тууралуу кеч кабар берилгенине нааразы болушту.

Кыргыз бийлиги кыргыз-өзбек чек арасын тактоо иштери аяктап калганын жарыялаган. Апта башында негизи документтерде Анжиян суу сактагычы деп жүргөн, Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча нааразылыктар чыккан. (КЕ/AiB)




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Андрей Рублёв

Рублёв стал победителем «Мастерса» в Мадриде






Столичная компания к 9 мая оцифровала свыше 550 тысяч ...

В Подмосковье река Осетр предоставлена для гидромелиорации земель

Лидеры Армении, Белоруссии и Узбекистана прибыли с визитом в Москву

Политолог Маркелов: США намеренно не пустили дипломатов на инаугурацию Путина