Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Октябрь
2022

Султанбаев комитет отурумундагы тыюулар тууралуу маалымат берди

0
Султанбаев комитет отурумундагы тыюулар тууралуу маалымат берди

Президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде кыргыз-өзбек чек арасы, Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча келишимдер каралып жаткан жыйында телефон жана видео камера колдонууга тыюу салынышы тууралуу маалымат берди. 

Ал жыйын ачык өтүп жатканын, анда катышуучуларга чектөө коюлбаганын, бирок видеого тартууга жол берилбесин, бул тууралуу мамлекет башчыга 9-октябрда тиешелүү органдардын жетекчилери маалымат беришкенин айтты.

Кыргыз-өзбек чек арасын тактоо иштери боюнча маселе бүгүн, 10-октябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинде каралып жатат. Жыйынга телефон алып кирүүгө, сүрөт, аудио, видео тартууга тыюу салынган.

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев 10-октябрда Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында кыргыз-өзбек чек арасы боюнча келишимдин долбоорун жабык кароонун себебин "жашыруун маалыматтарга байланыштуу" деп түшүндүрдү. Ташиев чек ара тууралуу документтер эки өлкөнүн президенттери кол койгондон кийин ачыкка чыга турганын белгиледи.

Жапаров 9-октябрда “Кабар” агенттигине курган маегинде кыргыз-өзбек чек арасы, Кемпир-Абад маселеси тууралуу суроолорго жооп берген. Анда ал талаш жерлердин дээрлик 99% Кыргызстанга өткөнүн билдирген. Ошондой эле 10-октябрда парламент комитетиндеги жыйынды ачык өткөрүү тууралуу буйрук бергенин айткан.

Кыргыз бийлиги кыргыз-өзбек чек арасын тактоо иштери аяктап калганын жарыялаган. Апта башында негизги документтерде Анжиян суу сактагычы деп жүргөн, Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча нааразылыктар чыккан.(ZKo)




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
ATP

Двенадцать казахстанских теннисистов поднялись в рейтинге ATP






Песков: сложности в отношениях РФ и Армении есть, но не стоит их преувеличивать

МИД рекомендовал россиянам учитывать риски при планировании поездок в Мексику

«Россия непобедима». Ветеран Иванцов рассказал о войне и боевом братстве

Погиб и похоронен… в двух местах