Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Октябрь
2022

Быйыл Кыргызстанга 200 миңге чукул орусиялык жаран келди

0
Быйыл Кыргызстанга 200 миңге чукул орусиялык жаран келди

2022-жылдын башынан бери Кыргызстанга 192 258 орусиялык жаран келди. Анын ичинен 1631 адам Кыргызстандын жарандыгын алууга арыз берген. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинин калкты каттоо департаментинин башчысы Нурсултан Сардарбеков бүгүн, 11-октябрда маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтуусунда, быйыл Кыргызстанга келгендердин жана жарандык алууга арыз бергендердин саны көбөйдү.

"Быйыл тогуз айда Кыргызстанга келген орусиялыктардын саны былтыркы тогуз айдагы көрсөткүчтөн 30% көп. Былтыр тогуз айда Орусиянын 385 жараны кыргыз жарандыгын алууга арыз берип, 226 адам жарандык алса, быйыл 1631 адам арыз берип, анын ичинен 603 киши кыргыз жарандыгын алды", - деди Сардарбеков.

Президент Садыр Жапаровдун 23-сентябрдагы жарлыгы менен 1790 адамга (1433ү чоңдор, 357си балдар) Кыргызстандын жарандыгы берилген. Президенттин басма сөз кызматы алардын көбү тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздар экенин билдирген. (ZKo)




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
ATP

После победы в Мадриде Рублев поднялся с 8-го на 6-е место в рейтинге ATP






Сервис по оповещению об ухудшении погоды запустили в Подмосковье

Какие новые инструменты используют агентства при работе с фармрынком

Спрос на новостройки Петербурга со стороны жителей городов-миллионников вырос более чем в 1,5 раза

Теплая погода вернется в Тульскую область лишь во второй половине мая