Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Октябрь
2022

"Илимдеги кыздар" долбоору менен 30 миң кыз билим алды

0

Бишкекте 8-октярбда кыздардын эл аралык күнүнө карата "Кыргызстан кыздарынын заманы" аталышындагы иш-чара өттү. Анда кыздардын илим жана технологиядагы жетишкендиктери көрсөтүлгөнүн ЮНИСЕФтен билдиришти.

Бул программанын максаты - кыздардын жетишкендиктерин, илимий табылгаларын көрсөтүү менен коомчулукту кыздардын билимине инвестиция салууга чакыруу экени маалыматта айтылат.

"Кыргызстандын кыздарынын заманы" деп аталган сынакка "Илимдеги кыздар" долбоорунан 300 кыз катышты.

ЮНИСЕФ 2020-жылы башталган "Илимдеги кыздар" программасынын алкагында өлкө боюнча 30 000 кыз илим жана технология жаатында (STEM) билим алган. Кыздар IT инженериясы, математика, химия, технология, илим жана спутник куруу менен алектенишкен.

Мындан тышкары 444 кыз Жалпы республикалык тестирлөөгө даярдоо курстарын окуп, Кыргызстандын, чет өлкөлөрдүн окуу жайларына өткөн. Алардын 34% бюджеттик бөлүмгө кабыл алынганы, окууга өткөн кыздардын жарымынан көбү техникалык адистиктерди тандашканы баяндамада айтылат.

ЮНИСЕФ уюмунун “Илимдеги кыздар” долбоорун “Роза Отунбаеванын демилгелери” эл аралык коомдук фонду Борбор Азиядагы Америка университети жана “Балдарды коргоо борбору” коомдук бирикмеси менен бирге ишке ашырууда.

STEM деген аталыш илим, технология, инженерия жана математика деген сөздөрдүн англисче аталышынын баш тамгаларынан куралган.(ZKo)




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Анастасия Павлюченкова

Павлюченкова официально аккредитовала на турнир в Риме двух своих собак






Песков: сложности в отношениях РФ и Армении есть, но не стоит их преувеличивать

Погиб и похоронен… в двух местах

МИД рекомендовал россиянам учитывать риски при планировании поездок в Мексику

«Россия непобедима». Ветеран Иванцов рассказал о войне и боевом братстве