Кыргызстандын Москвадагы элчиси Орусиянын Тышкы иштер министрлигине чакырылды
Кыргызстандын Москвадагы элчиси Гүлнара-Клара Самат Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Андрей Руденконун кабыл алуусунда болгонун аталган өлкөнүн ТИМнин сайты жазды.
Жолугушууда тараптар эки өлкөнүн мамилесин жана Жамааттык коопсуздук кызматташтык уюмундагы (ЖККУ) кызматташтыгын талкуулашты.
"Орусия менен Кыргызстандын бүгүнкү геополитикалык катаал шарттагы союздаш мамилесинин мааниси тууралуу сөз болду" деп жазылган маалыматта.
Кыргызстандын элчилиги азырынча бул жолугушуу тууралуу маалымат бере элек.
10-октябрда Кыргызстан ЖККУнун Тажикстанда өтүп жаткан аскердик машыгуусуна катышпасын билдирген. Коргоо министрлиги тараткан маалыматта “Биз мурдараак ЖККУнун “Рубеж-2022” аскердик машыгуусуна катышууну пландаганбыз. Бирок азыр андан баш тартууну чечтик. Бул Кыргызстандын позициясы”, - деп айтылат.
Мындан тышкары Кыргызстан 2022-жылдын октябрь айында Кыргызстанда өтөрү белгиленген ЖККУнун "Бузулбас боордоштук -2022" машыгуусун өткөрүүдөн да баш тартуу чечими кабыл алынганын кабарлаган. ЖККУнун тынчтык орнотуучу күчтөрүнүн командалык-штабдык машыгуусу 10-14-октябрда Балыкчынын жанындагы “Эделвейс” полигонунда өтмөк.
1992-жылы негизделген ЖККУнун курамында алты өлкө Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстан бар.(ZKo)