Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Октябрь
2022

600дөн ашуун адам "Санарип көчмөн" макамын алуу үчүн кайрылганы айтылды

0
600дөн ашуун адам

Кыргызстанда 600дөн ашуун чет элдик жаран "Санарип көчмөн" макамын алуу үчүн кайрылды.

Бул тууралуу 11-октябрда эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев маалымат жыйында билдирди. Кайрылгандардын арасында Азербайжан, Молдова, Орусия жана башка өлкөлөрдүн жарандары да бар. 

Учурда 182 адам каттоодон өткөн, калгандарынын документи текшерилип жатат.

Президент Садыр Жапаров апрелде "санарип көчмөндөр" үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча тескемеге кол койгон.

Анда IT-чөйрөсүндө иштеген заманбап, чыгармачыл жана жогорку квалификациялуу адистерди, инвесторлорду жана ишкерлерди тартуу, жаңы ишканаларды ачуу, инновациялык долбоорлорду жана экономиканын жогорку технологиялык тармактарын өнүктүрүүнү көздөй турганы белгиленген.

Август айынын соңунда Министрлер кабинети чет өлкөлүк жана жарандыгы жок адамдардын Кыргызстанда иштешине шарт түзгөн "Санарип көчмөн" ("Digital nomad") макамын ыйгаруу тууралуу убактылуу жобону бекиткен.

Экономика жана коммерция министрлигинин билдиришинче, мындай макам алгандар Кыргызстанда жашаган жеринде каттоого турбастан, иштөөгө уруксат кагаздары жок виза албастан кирип-чыгышына, жүрүшүнө мүмкүндүк берет. Жеке идентификациялык номер (ЖИН) жөнүндө маалыматты камтыган документтер талап кылынбайт.

Эксперттер IT-адистерди Кыргызстанга тартуу өлкө экономикасы үчүн маанилүү экенин белгилеп жатышат. (КЕ)




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Андрей Рублёв

«Титул, которым я горжусь больше всего»: Рублёв одолел Оже-Альяссима и выиграл второй турнир серии «Мастерс» в карьере






Самокатчик в Москве наехал на девочку и сломал ей нос

Метеоролог Позднякова: Значимое повышение температуры произойдет в Москве во второй половине мая

В Подмосковье женщину задержали за использование рабского труда шести человек

Певица Глюкоза трогательно поздравила дочь в день ее 17-летия