Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Октябрь
2022

Финансы министрлиги мугалимдердин айлыгы кыскарбаганын билдирди

0
Финансы министрлиги мугалимдердин айлыгы кыскарбаганын билдирди

Финансы министрлиги жаңы окуу жылынан баштап мугалимдердин айлык акысы кыскарды деген маалыматтар чындыкка дал келбесин билдирди. Министрликтин айлык акыларды анализдөө башкармалыгынын башчысы Иса Бакиров 12-октябрдагы маалымат жыйында айлыктардын кандай тартипте бөлүнөрүн түшүндүрдү.

"Учурда минималдык базалык ставканын көлөмү - 7040 сом. Бул 2021-жылы Улуттук статистика бекиткен Кыргызстандагы жашоо минимумунун өлчөмү. Өлкөдөгү эң төмөнкү айлык акы да ушул өлчөмдө. Мугалимдердин айлык акысы - категориясына жараша ставка менен бөлүнөт. Биз мугалимдердин айлыгын эсептеген жаңы үлгүдө бир ставка 18 саат деп бекиткенбиз. Бул минималдык базалык ставканын көлөмүнө - 7040 сомго барабар. Мындан тышкары жаңы үлгүдө коэффициент (мугалимдин билим даражасына, окуткан предметине жараша өлчөнөт -ред), мугалимдин эмгек стажы кошулат, дептер текшергени үчүн 1270 сом, класс жетекчи болгону үчүн 1400 сом. Мына ушулардын баарын кошкондо мурда 18 саат менен 15 миң сом алып жүргөн мугалим жаңы модель менен 24 миң сомдун тегерегинде алат. Бул 80% көп. Ал эми эмне себептин айлыкты мугалимдер аз алып жатканын Билим берүү жана илим министрлигинен сураш керек", - деди Бакиров.

Билим берүү жана илим министрлиги мурдараак мугалимдердин айлык акысы сентябрь айында өзгөрүүсүз калганын маалымдап, бирок жаңы окуу жылында мугалимдерге 1,5 ставкадан ашык иштөөгө уруксат берилбесин эскерткен.

Мугалимдердин айлык акысы президенттин быйыл, 28-марттагы жарлыгы менен көтөрүлгөн. Ага ылайык, бюджеттен каржыланган жалпы билим берүү тармагынын кызматкерлеринин айлык акысы 1-апрелден тартып 50-80% чейин көбөйтүлгөн. Анын ичинде педагогдуку 80%, административдик башкаруу кызматкерлериники 50%, техникалык жана кенже кызматкерлердин айлык акысы 80% көбөйдү.

Кыргыз өкмөтү мамлекеттик кызматкерлердин айлыгын көбөйтүү максатында бюджеттен 26 млрд. сом кошумча бөлгөн. Анын 16 млрд. сому билим берүү тармагына кетти. Азыркы маалымат боюнча, дарыгердин айлыгына 50%, маданият чөйрөсүндө иштегендердин акчасына 80% кошулду.

Интернеттеги социалдык түйүндөрдө мугалимдер сентябрь айы үчүн мурункудан аз айлык алганына нааразылыктар айтылууда. (ZKo)




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
WTA

WTA огорчила Елену Рыбакину после турнира в Мадриде






Сильный ветер в Москве повалил 11 деревьев

В день инаугурации Путина на Красной площади задержали громко молящегося брокера

МИД счел антироссийским отзыв посла ФРГ из России после обвинений в кибератаках

Проведение Международного авиационно-космического салона в городе Жуковский в 2024 года отменено