Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Октябрь
2022

Али Токтакунов "Азаттыктын" алдындагы акцияны "ууру митинг" деп атады

0
Али Токтакунов

“МедиаХаб” коомдук фондунун жетекчиси Али Токтакунов бүгүн, 13-октябрда Бишкекте көз карандысыз медиаларга каршы чыккан акцияны “Ууру митинг” деп атап, ага бетин плакат, беткап жана кара көз айнек менен жапкандар катышканын айтып чыкты.

“Чындыкты айтып, өзүнө ишенген адам эч качан жаап-жашырынбайт. Көзүңө тике карайт, мизбакпайт. Бул кыргыздын мүнөзү. А булар турушу менен эле арам ойлуулардын айдакчысы экенин далилдешти. Демек "Азаттык", "Клооп", "Кактус" баштаган журналисттер дагы бир уурунун сары изине түшкөн экен. Демек журналисттер чын сүйлөп, коррупционерлердин уурдаган акчасы сиңбей аткан экен. Демек журналисттер чек ара сыяктуу талылуу маселени унуттурбай жазып, элдин таламын талашып аткан экен”, - деп жазды Токтакунов “Фейсбуктагы” баракчасына.

Ал "Азаттыктын" Ютубда 1,8 миллион, Инстаграмда 2,3 миллион, орусчасынын 950 миң катталуучусу бар экенин, “мамлекеттик бир дагы медианыкы буга караандабай” турганын, бул элдин кимге ишенгенинин көрсөткүчү экенин белгиледи.

“Мындай статистиканын жанында бир ууч бузуку топтун кыйкырыгы шоона эшпейт”, - деди ал.

13-октябрда Бишкекте “Азаттык Медианын” кеңсесинин алдына 40тан ашык киши чогулуп, “Азаттык”, “Клооп”, “Кактус” жалпыга маалымдоо каражаттарынын (ЖМК) жабылышын, бейөкмөт уюмдардын ишинин чектелишин талап кылышты.

Алар аталган медиалар туура эмес маалымат берип жатат деген пикирин билдирип, чет элдик агенттер жөнүндөгү мыйзам тез арада кабыл алынышы керектигин айтышты.

Акцияда өзүн Илимбек Исраилов деп тааныштырган катышуучу 2015-2017-жылдары Бажы кызматынын төрагасынын орун басары болгон, 2020-жылы октябрь айында бийлик алмашкандан кийин коррупцияга барганын моюнуна алып камалып чыккан Райымбек Матраимовду колдоо акцияларына чыгып жүргөнү менен белгилүү.

“Азаттык” радиосу ага чейин Матраимовдун тиешеси бар жемкорлук иштери тууралуу бир катар иликтөөлөрдү жарыялаган.

Журналисттер акциянын катышуучуларын видеого, сүрөткө тарталы десе баары бетин жаап, эмне талап менен турганы тууралуу суроолорго жооп берүүдөн баш тартышты.

12-октябрда Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев депутат Надира Нарматова "Клооп", "Азаттык" жана “Кактус” ЖМКларын жабуу тууралуу кол топтоп жатканын билдирген. Нарматова өзү бул сөздөрдү четке кагып, алар эч негизсиз экенин айтып чыккан. (RK)




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
ATP

Двенадцать казахстанских теннисистов поднялись в рейтинге ATP






Андрей Воробьев в День Победы поздравил ветерана Клавдию Мальцеву с днем рождения

Дептранс Москвы: три серьезные аварии произошли в ночь на 9 мая из-за непогоды

Посол США Трейси: американские и советские солдаты сражались бок о бок

На Красной площади пошел снег во время парада Победы