Трюдо: Кыргызстандын келечегин өз эли гана тандайт
АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысынын милдетин аткаруучу Элизабет Кеннеди Трюдо Кыргызстанга иш сапары менен келип, бир катар мамлекеттик кызматкерлер, жарандык коомдун өкүлдөрү жана журналисттер менен жолукту. Ал Бишкекте "Азаттыкка" эксклюзивдүү маек курду.