Кыргызстан менен Армения Москвага таарындыбы?
Кыргызстан өз аймагында Жаматтык коопсуздук келишим уюмунун аскердик машыгуусун өткөрүүдөн да, Тажикстандагы машыгууга катышуудан да баш тартты. Бишкек 130дан ашуун кишинин өмүрүн алган кыргыз-тажик чек арасындагы каргашалуу окуяны улай Москва үстөмдүк кылган бул блоктун жол-жоболорун өзгөртүүнү сунуш кылды. Кыргызстан эмнеге нааразы? Азербайжан менен утур-утур согушкан Армения да уюмга бир топ доомат артып, атүгүл бул өлкөдө ЖККУдан чыгуу чакырыктары жаңырууда.