Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Октябрь
2022

Исаев: Коррупциялык кылмыштардын бетин ачкан медиалар коомго керек

0
Исаев: Коррупциялык кылмыштардын бетин ачкан медиалар коомго керек

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Канатбек Исаев “Азаттык”, “Клооп”, “Кактус Медианын” жабылышын талап кылгандардын акциясы боюнча пикирин билдирди. Ал Фейсбук баракчасына жазган билдирүүсүндө "сөз эркиндигин сактап калуу мамлекеттин, элдин келечеги үчүн өтө маанилүү" деп белгилеген. 

"Азаттык", "Клооп", "Кактус Медиага" каршы митингди чектен ашкан кадам деп эсептейм. Мамлекеттин чыныгы душмандары  коррупционерлердин бет кабын сыйрып, кылмышын иликтеп жаткан бул маалымат каражаттары коом үчүн абдан керектүү. Сөз эркиндигин сактап калуу мамлекеттин, элдин келечеги үчүн өтө маанилүү",-деп жазган. Ал ошондой эле Атай Бейшенбек уулуна карата каралоо аракеттерин айыптады. 

13-октябрда Бишкекте “Азаттык Медианын” кеңсесинин алдында “Азаттык”, “Клооп”, “Кактус Медиа” жалпыга маалымдоо каражаттарынын (ЖМК) жабылышын талап кылгандар акцияга чыккан. Бул акция Жогорку Кеңеште депутат Надира Нарматова көз карандысыз үч медианы жабуу боюнча кол топтоп жатканы айтылган учурга туш келди. Депутат өзү мындай маалыматты четке кагууда. Парламентте жана коомчулукта сөз эркиндигине карата кысым күчөгөнү айтылып, эркин медиага чагым сынга кабылды.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун президенти Жейми Флай кыргыз бийлигин “Азаттык” радиосунун журналисттерин жана кеңсесин бутага алгандардын кыймыл-аракетин иликтөөгө үндөдү.

“Азаттык Медиа” мекемеси 13-октябрда Бишкектеги кеңсесинин алдында уюштурулган акциянын катышуучусунун журналисттерди коркутуп-үркүткөнү боюнча милицияга кайрылды. (КЕ)




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
ATP

Российский теннисист поднялся на две позиции в топ-10 рейтинга ATP






Президент Кубы Диас-Канель Бермудес пожелал России успехов в проведении СВО

Участие в параде Победы приняли женщины-военнослужащие

В Ставрополе 70 студентов получили медали Минобороны РФ за участие в параде Победы

Ситуация с недопуском россиян на рейсы Turkish Airlines решается на уровне Кремля