Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Октябрь
2022

Астана: Рахмон Путинди Борбор Азия өлкөлөрүн "сыйлоого" үндөдү

0
Астана: Рахмон Путинди Борбор Азия өлкөлөрүн

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон "Борбор Азия - Орусия" саммитинде Орусиянын мамлекет башчысы Владимир Путинди өнөктөштөрүн урматтоого чакырды. Рахмон Астанада сүйлөгөн сөзүндө Дүйшөмбү Москванын кызыкчылыктарын сыйлай турганын, бирок анын ордуна ошондой мамиле кылынбай жатканын айтты.

"Биз кайда жана эмнени бузганбыз? Кайда, ким менен саламдашпадык? Саламдашканбыз жана эч качан эч нерсени бузган жокпуз. Биз ар дайым негизги стратегиялык өнөктөшүбүздүн кызыкчылыгын сыйлап келгенбиз, бирок бизди да сыйлашын каалайбыз. Биз эмне африкалык өлкөлөр сыяктуу бөтөн элбизби?", - деген Рахмон.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев саммитин төрагасы катары Рахмондун сөзүн бөлүүгө аракет кылды, бирок тажик президенти "биз ушул үчүн чогулдук" деп сөзүн улантты.

Ал Путинге кайрылып, Борбор Азия өлкөлөрүнө "мурдагы Советтер Союзундагыдай" мамиле жасабоосун өтүндү.

"Ар бир өлкөнүн өзүнүн көйгөйлөрү, маселелери, салт-санаасы бар. Орток пикирди таап, ар бир республика менен өзүнчө иштешүү керек", - деди Рахмон.

Казакстандын борбору Астана шаарында 14-октябрда КМШнын саммитин улай “Борбор Азия – Орусия” форматындагы жыйын өттү. Ага Орусиянын жана Борбор Азиядагы беш өлкөнүн президенттери катышты.

Алты лидердин чогулушунда соода-экономикалык, транспорттук-логистикалык, энергетика, айыл чарба, миграция, маданий-гуманитардык маселелерди талкууланганы айтылды. Мындан сырткары алты өлкөнүн президенттеринин жыйынында Ооганстандагы кырдаал да сөз болгону маалымдалды.

Бул жыйын да маалымат каражаттарында баштан-аяк чагылдырылган жок. Ар бир президенттин басма сөз катчылары өз президентинин баштапкы билдирүүлөрүн гана таратышты.

Бул арада Телеграм-каналдарда “Борбор Азия – Орусия” лидерлеринин жыйынында Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун ачуу сүйлөгөнү тартылган видео тарады.

Мындан бир күн мурда орус президенти Владимир Путиндин демилгеси менен кыргыз-тажик чек арасындагы абалды талкуулоо үчүн уч тараптуу жолугушуу өтүп, ага Кыргызстан, Тажикстандын президенттери Садыр Жапаров менен Эмамоли Рахмон катышкан. (КЕ)




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
WTA

Анастасия Потапова вышла во второй круг турнира WTA-1000 в Риме






Гандбольный клуб «Чеховские медведи» вышел в финал Суперлиги

Шойгу дал приказ организовать салюты в Москве и других городах России

Фронтовой корреспондент

Путин: возможность платить картой МИР в Лаосе будет привлекать туда туристов