Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Октябрь
2022

COVID-19: өткөн аптада 84 адамдан вирус аныкталды

0
COVID-19: өткөн аптада 84 адамдан вирус аныкталды

10-16-октябрь күндөрү Кыргызстанда 84 адам коронавирусун жуктурганы расмий тастыкталды. Бул тууралуу Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин басма сөз кызматы билдирди. Аталган мекеменин маалыматына караганда, 12 адам ооруканага жаткырылып, 72 бейтап үйүнөн дарыланууда.

"Өлкөдөгү бардык облустар жашыл аймакта, кооптонууга негиз жок", - деп жазылган маалыматта.

2022-жылдын башынан бери Кыргызстанда 21 586 адам коронавируска чалдыкты.

Учурда коронавируска каршы бустердик эмдөөнү күчөтүү үчүн 90 күндүк өнөктүк жүрүп жатат. Бустердик эмдөөнү мындан үч-төрт ай мурда коронавируска каршы вакцина алган жарандардын баары алса болот. Учурда өлкөдө Sinopharm жана Pfizer BioNTech вакциналарынын запасы жетиштүү экени айтылды.

Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда 1,3 миллиондон көп адам толук эмделди. Вакцинанын бир дозасы 1,6 миллиондон ашык адамга сайылды.

Кыргызстанда 2020-жылдын мартынан бери 21 412 адам COVID-19 вирусуна чалдыккан. Үч миңдей бейтап оорудан көз жумган. (ZKo)




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Уимблдон

Финалистка юниорского Уимблдона-2023 получила временное отстранение за допинг






Путин в поздравлении Лукашенко передал слова признательности ветеранам Белоруссии

В Муроме простились с 23-летним футболистом и тренером Егором Кашиным

Минобороны показало работу летчиков пилотажных групп с парада Победы с высоты

Традициям верны: 91-я эстафета «Серебряная ладья» прошла в День Победы