Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Октябрь
2022

Баткенде жараат алгандардын тогузу ооруканадан чыга элек

0
Баткенде жараат алгандардын тогузу ооруканадан чыга элек

Баткенде соңку чек ара коогалаңында жараат алгандардын 9у Бишкектеги ооруканаларда дарылануусун улантууда. Бул тууралуу 18-октябрда “Азаттык” радиосуна Саламаттык сактоо министрлигинин жарандык коргоо секторунун башкы адиси Кубаныч Калмаматов билдирди.

“Бирөө Бишкек шаардык тез жардам ооруканасында, калгандары Улуттук госпиталда жатат. Баарынын абалы орточо туруктуу. Баарын чыгарганга даярдап жатышат”.

Калмаматовдун айтымында, бейтаптардын баары эркектер, арасында аскер кызматкерлери да бар.

Жалпысынан кандуу окуя учурунда ооруканаларга 148 адам түшкөн, алардын 93ү аскерлер.

Жараат алган балдардын баары айыктырылып, чыгарылган.

16-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында кан төгүлгөн окуяны Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги "Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы" деп атаган. Дүйшөмбү кайра Бишкекти күнөөлөгөн.

Кыргызстан кол салуудан бери дегенде 63 жаранынан айрылды, алардын кыркы аскер кызматкери. Жараат алгандардын расмий эсеби 200гө жакындады. Жалпысынан 136 770 адам эвакуация болгон, алардын 6 миңдейи бүгүнкү күндөрдө атайын жайларда жа башкалардын үйүндө жашап жатышат.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арада 41 жараны каза тапканын, 200 чукулу жаракат алганын билдирди. "Озоди" радиосу өз булактарына таянып, 81 кишинин тизмесин жарыялады, жергиликтүү жашоочуларга шилтеме берип тажик айылдарында да дүкөн, турак жайлар өрттөлүп, талкаланганын жазды. Бул маалыматты башка көз каранды эмес булактан тактоо мүмкүн эмес болууда. (RK)




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
WTA

Саснович вышла в основную сетку турнира WTA-1000 в Риме






МИД рекомендовал россиянам «учитывать имеющиеся риски» при планировании поездок в эту стану

Айсен Николаев встретился с ветеранами Великой Отечественной войны

Путин: в России ждут поставок овощей из фруктов из Узбекистана

Лукашенко назвал победу в ВОВ связующей нитью между народами РФ и Белоруссии