Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Октябрь
2022

Бишкек: Автобус жок, көчө тыгын, балдар кыйналды

0
Бишкек: Автобус жок, көчө тыгын, балдар кыйналды

Баш калаа Бишкектин мектептерде 177 миң окуучу билим алууда. Алар үчүн шаарда атайын транспорт каралган эмес. Мындан улам миңдеген жеткинчектер чоң кишилер сыяктуу күн сайын кичи автобустарга тыгылып, батпай калгандары жөө-жалаңдап мектепке барууга аргасыз.

Бишкек шаарынын коомдук транспорт көйгөйү көп жылдардан бери чечилбей келет. Мэрия мезгил-мезгили менен жол кирени кымбаттатып, шаарга жаңы үлгүдөгү автобустар келерин айтып келет. Бирок абал өзгөрө элек.

Бул айрыкча окуучуларга таасир этип, балдар таңда жана кечинде кыйналып жатканы байкалат. Айрым ата-энелер транспорт тартыштыгына байланыштуу баласын мектепке жеке автоунаа же таксинин баасы эртең менен жана кечинде көтөрүлүп кеткенине кайыл болуп жеткирүүгө мажбур. 

Октябрдын башында Бишкек мэриясы борбор калаадагы коомдук транспортто жүрүү акысын көтөрүү сунушун күн тартибине чыгарды.

Ага ылайык автобус, троллейбуста жол кире акысы 15 сомго, кичи жана жеке менчик автобустарда 21 сом, кечки саат 21:00дөн кийин 32 сомго көтөрүлүшү мүмкүн экени айтылууда.

Бишкектин четиндеги Ак-Жар конушу. Таң эрте мектепке жөнөгөн окуучулар. Ак-Жарда мектеп жоктугунан мындагы окуучулар шаарга каттап окууга аргасыз.

15 миңден ашуун адам жашаган Ак-Жарда бир гана маршруттук автобус шаарга каттайт. Эртең менен коомдук транспортко батпай калган балдар жөө-жалаңдап, мектепке жөнөшөт. Ал эми автоунаага үлгүрүп түшкөндөрү кыйналып-кысталып жетүүгө аргасыз. 

Тогуз жаштагы Алинада Ак-Жарда жашаган жүздөгөн окуучулардын бири.

"Мектепке эртең менен саат 7:00дө чыгам. Көп учурда маршруткага батпай калам. Айла жок жөө басам. Жөө баскан күнү сабакка кечигем. Азыр күн жарык. Кышында караңгы болгондо кошуна кыздар менен чогулуп алып чыгабыз. Антпесе абдан коркунучтуу. Биз жактан деле автобус жүрсө жакшы болмок".

Мындагы балдар маршрутка келип токтогондо эле жабалактап чуркап, эртерээк түшкөнгө аракет кылышат. Антпесе батпай калышы мүмкүн.

Окуучулар үчүн коомдук транспорт көйгөйү бир гана Ак-Жар конушунда эмес, Бишкектин так ортосунда да курч.

Бишкекте транспорт тартыштыгы окуу башталганда сезилет. Мисалы борбор калаадагы мектептерде 137 424 ашык бала окуйт. Алардын көбү үйүнөн алыс мектептерге барып окушат. Мындан улам балдар дайыма маршруттук автобустарга түшүүгө аргасыз.

Айрым ата-энелер коомдук транспорт жоктугунан балдарын менчик автоунаа мектепке алып барат. Мындан улам шаарда эртең менен жана кечинде тыгын да көп болот.

Бишкек мэриясы мектеп окуучулары үчүн атайын автобус уюштурууну бир нече ирет убада кылганы менен бул маселе ушул күнгө чейин ишке аша элек.

Бишкек шаардык кеңеши 2021-жылдын 1-ноябрынан тартып коомдук транспорттун жол киресин көтөргөн токтом чыгарган. Ага ылайык, шаар ичиндеги жол кире автобус менен троллейбуста 8 сомдон 11 сомго, кичиавтобус каттамы 10 сомдон 15 сомго жогорулаган. Окуучуларга жеңилдиктер каралган эмес, алар чоңдор сыяктуу эле жол акысын толук төлөшөт.

Жакындан бери жол кирени көтөрүү маселеси кайрадан көтөрүлө баштады. Ага ылайык, троллейбус менен автобустун жол киресин 15 сомго, микроавтобустарда күндүз 21 сом, кечки 20:30дан кийин 32 сом ал эми экспресс-автобустарда 22 сомдон 32 сомго чейин жогорулатуу болжолдонууда. Мектеп окуучулары канча төлөрү азырынча айтыла элек.

Айрым депутаттар окуучулар үчүн коомдук транспортто жүрүү акысыз болушу керек деп эсептешет. Мисалы, депутат Элвира Сурабалдиева 2019-жылы окуучуларды жол кире төлөөдөн бошотуш керек деп айтып чыкканы менен демилге кыял бойдон калууда.

Соңку эки айда шаарда алты маршруттук каттам жабылган. Алар 110, 127, 155, 170, 269 жана 281-маршруттук каттамдар. Бишкек мэриясы жол киренин арзандыгы жана күйүүчү майдын кымбатташынан улам ишин таштаган айдоочулар көбөйгөнүн билдирген. Мындан улам коомдук транспорт тартыштыгы дагы күчөгөн. 

6-класстын окуучусу Самат түштөн кийин окуйт. Ал окуудан чыгып, үйүнө барчу эки-үч троллейбуска батпай калды.

"Сабактан эрте эле чыгам. Бирок биз окуудан тараганда көчө эл көп болуп, автобус, троллейбусттар дайыма тыгын болот. Автобус күтүп тура берип кеч болуп кетет. Тыгын автобуска түшкөндө чоң эжелер сумкаңды ал, же отуруп баратсаң орун бер деп урушушат",  - деди Самат.

Кыргызстанда коомдук транспортко байланыштуу маселе өлкө эгемендик алгандан бери эле толук чечилбей келет. Жүргүнчүлөрдү тейлөө сапатына жана транспорт таңкыстыгы тууралуу коомчулукта нааразылык көп.




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
ATP

Андрей Рублев поднялся на шестое место в рейтинге ATP






На Красной площади в Москве начался главный Парад Победы

За три месяца на Орловщине долги за ипотеку выросли на 28%

РФ не пригласила на парад Победы официальных лиц недружественных стран

Путин и Шойгу коротко поговорили после парада Победы в Москве