Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Октябрь
2022

Баткенди калыбына келтирүүгө бюджеттен 100 млн. сом которулду

0
Баткенди калыбына келтирүүгө бюджеттен 100 млн. сом которулду

Кыргызстандын Финансы министрлиги маалымдагандай, 21-октябрга карата Баткен облусундагы жергиликтүү элди колдоого жана турак-жайларды калыбына келтирүүгө мамлекеттик бюджеттен 100 млн. сом которулду. Мындан тышкары чек ара аймактарына 110 млн. сом берилди.

Ал эми Баткенге жардам берүү максатында ачылган атайын эсептен 84 млн. сом которулган.

Финансы министринин биринчи орун басары Руслан Сүйналиевдин маалыматына караганда, бул каражат кыргыз-тажик чек арасындагы соңку жаңжалда жабыркаган тургундарга ыкчам жардам көрсөтүү үчүн Министрлер кабинетинин токтомуна жана буйругуна ылайык берилүүдө.

"Быйылкы жылга Баткен облусуна жалпы бекитилген бюджет 4 миллиард. 197 миллион сомду түзгөн. Ага ылайык, быйыл сентябрь айынан тартып өнүктүрүү программасынын алкагында Баткен облусуна 500 млн. сом бекитилген.

Мындан тышкары, Министрлер кабинетинин буйругунун негизинде капиталдык салымдардын көлөмү 3 миллиард сомго көбөйтүлгөн. Бүгүнкү күндө Финансы министрлиги тарабынан 1 млрд. сом бөлүндү",- деди Сүйналиев.

Министрликтин маалыматына ылайык, бөлүнгөн каражаттын баарын президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү тескейт.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы куралдуу кагылыштан кийин Баткен облусунун айылдарын калыбына келтирүү иштеринин жүрүшүнө сын пикирлер айтылган. 19-октябрда Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиева өкмөт “Баткен облусунун макамы жөнүндө” мыйзамды да аткарбай жатат деп сындаган.

Кыргыз-тажик чек арасындагы акыркы куралдуу кагылышууда Кыргызстандын 63 жараны мерт болгонун расмий кабарланган. Анын 48и аскер кызматкери, 15и жергиликтүү жай тургундар. Андан тышкары 206 киши ар кандай жаракат алды. Анын 145и жоокерлер, 60ы жай тургундар.

14-17-сентябрдагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кол салуудан Кыргызстандын айылдарынан 661 турак жай зыян тарткан. Анын 423ү жашоого жараксыз болуп калган, 238 үйдү оңдоого муктаж.

Ошондой эле 14 мектеп, беш саламаттыкты сактоо объектилери, 15 административдик, стратегиялык объектилер, бир көпүрө, 197 жашоо тиричилик камсыздоочу объектилер, 337 мал сарай жана 61 автоунаа талкаланып, өрттөлгөн.

"Озоди" радиосу жергиликтүү жашоочуларга шилтеме берип жаңжалда тажик айылдарында да дүкөн, турак жайлар өрттөлүп, талкаланганын жазды. Дүйшөмбү кыйроолор тууралуу расмий билдирүү жасай элек.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арада 200дөй жараны жаракат алганын кабарлаган. Көз карандысыз башка булактардан бул маалыматты тактоого мүмкүн болбой жатат.(ZKo)




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Виктория Азаренко

Азаренко: Я из среды, где не принято говорить о своих чувствах, поэтому пришлось учиться






«Гордость за Россию!» Пассажиры метро Москвы смотрели парад в прямом эфире

Жителей столицы пригласили на мастер-классы "Московской весны"

На Красной площади в Москве проходит парад Победы

Жители и гости Москвы смогут посетить фестиваль «Московская весна»