Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Октябрь
2022

Пакистандын экс-премьери Имран Хан беш жыл бою мамлекеттик кызматка бара албайт

0
Пакистандын экс-премьери Имран Хан беш жыл бою мамлекеттик кызматка бара албайт

Пакистандын Шайлоо комиссиясы 21-октябрдагы чечими менен мурдагы премьер-министр Имран Ханды беш жыл мамлекеттик кызматта иштөө укугунан ажыратты. Буга башка мамлекет башчыларынан алган белектерди мыйзамсыз саткан деген айып түрткү болду. Хан ошондой эле бул белектерди сатуудан түшкөн акчаны кымырып алганы үчүн да айыпталууда.

Пакистанда өкмөт кызматкерлерине баасы кайсы бир суммадан ашпаган белектерди гана сактоого уруксат берилет.

Имран Хандын адвокаты Жогорку сотко доо-арыз менен кайрыларын билдирди. Ал эми мурдагы өкмөт башчынын партиясы "Техрик-и Инсаф" тарапташтарын комиссиянын чечимине каршы көчөгө чыгууга чакырды.

Үч жылдай бийликте отурган мурунку крикет жылдызы Имран Ханга 10-апрелде парламент ишенбөөчүлүк көрсөтүп, кызматтан кетүүгө аргасыз болгон.

70 жаштагы Имран Хан саясий кризистин тутанышын АКШдан көрүп келет. Ал Кытай жана Орусия менен жакындаганы үчүн Вашингтон ага каршы кутум уюштурду деп эсептейт. Бирок буга эч кандай далил келтире алган эмес. АКШ мындай дооматтардын баарын четке каккан.




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
WTA

Саснович пробилась во второй раунд турнира WTA-1000 в Риме






Жители Ногинска отметили День Победы парадом

Лукашенко похвалил парад Победы на Красной площади в Москве

В театр «Ульгэр» в Бурятии ГИБДД обучило детей безопасноти - Россия, дети и культура, безопасость на дорогах

Гандбольный клуб «Чеховские медведи» вышел в финал Суперлиги