Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Октябрь
2022

Бишкекте Кемпир-Абад маселеси боюнча акция өттү

0

Бишкектин Горкий паркында жыйырмадай адам кыргыз-өзбек чек ара келишиминдеги Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча кыргыз бийлигинин позициясына каршы акция өткөрүштү. Алар бардык саясий күчтөрдү биригип, Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстанга өтүшүнө каршы турууга чакырышты.

Ушул эле күнү Өзгөндүн Кызыл-Октябрь айылынын тургундары Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу жөө жүрүш өткөрүштү. Алар суу сактагычка жакын жайгашкан айылдарды кыдырышты.

Бүгүн, 22-октябрда Президент Садыр Жапаров “Кабар” маалымат агентигине маек куруп, анда кыргыз-өзбек чек ара маселеси боюнча түшүндүрмө берген. Жапаров Кемпир-Абад суу сактагычынын айланасындагы маселелерге кеңири токтолуп, чагымчылдар элге туура эмес маалымат берип жатканын билдирген. Садыр Жапаров келишимдер Жогорку Кеңеште ачык караларын айтып, андан кийин элдин 99% келишимди колдой турганына ишенерин билдирди. Жөө жүрүш, митингдерди кимдер атайын уюштуруп жатканын билерин белгилеген.

10-октябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети кыргыз-өзбек чек арасы, анын ичинде Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча эки тараптуу келишимдин долбоорун карап, көпчүлүк добуш менен жактырган.

15-октябрда Өзгөндө Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу элдик курултай өтүп, суу сактагыч өзбек тарапка өтүп кетиши ыктымал деген кооптонуу айтылган. 21-октябрда Ош облусунун Өзгөн районунда Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу жөө жүрүш өткөн.

20-октябрда президент Садыр Жапаров баштаган жетекчилер кыргыз-өзбек чек арасынын айланасындагы кырдаал боюнча түшүндүрмө берип, жарандык активисттер, чек арага жакын айылдардан өкүлдөрү менен жолуккан. Берилген суроолорго президент Жапаров менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жооп берген. Экөө тең “жер берилди, сатылды” деп жалган маалымат таратпоого чакырып, Кыргызстан алып жаткан 19 миң 699 гектар жердин көпчүлүгү Өзбекстанга таандык болгонун айткан. Анын ордуна Кыргызстан Кемпир-Абад суу сактагычындагы 4485 гектар жерди берип жатканы белгиленген. (TSh)




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
WTA

Саснович вышла в основную сетку турнира WTA-1000 в Риме






Два электрокара Tesla задержали на границе Литвы из-за санкций против РФ

Московская компания оцифровала более 550 тысяч документов времён войны

Политолог Мартынов: ЕАЭС дал мощный импульс для развития экономик стран-участниц

Университет в Финляндии уволил профессора из-за связей с Россией