Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Октябрь
2022

Кыргыз-казак чек арасында аскердин башына ок тийгени кабарланды

0
Кыргыз-казак чек арасында аскердин башына ок тийгени кабарланды

21-октябрда кыргыз-казак чек арасындагы “Чалдыбар” өткөрмө бекетинде келишимдик негизде кызмат өтөп жаткан 21 жаштагы аскердин башына ок тийип, Кара-Балта шаарындагы ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу Кыргызстандын Чек ара кызматы маалымдады.

Учурда аскер эсине келе элек, анын абалы оор деп бааланууда. Алдын ала маалымат боюнча, курал кылдатсыздыктан улам атылып кеткен. Бул окуя боюнча Бишкек гарнизонунун Аскер прокуратурасы иштеп жатат.

Бул окуя боюнча чек арачынын жакындарынан комментарий алууга мүмкүн боло элек. 

Буга чейин, 19-августта Аскер институтунун алдындагы бөлүктө кызмат өтөп жаткан Сыргак Сабырбеков да октон каза болгон. Анын бир тууганы "Азаттыкка" ок анын чекесине тийгенин билдирген. Коргоо министрлиги ал 18-августта кечинде күзөттө турганда куралы атылып кетип, алган жараатынан ошол жерде каза тапкан деген маалымат тараткан.

Жоокердин өлүмүнө шектелип аталган аскер бөлүгүндөгү кароол жетекчиси Бишкек гарнизонуна камакка алынган. Башкы прокуратуранын “Азаттыкка” маалымдашынча, Кылмыш жаза кодексинин 128-беренеси (“Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү”), 394-беренеси (“Кароол кызматын өтөө эрежелерин бузуу”) боюнча кылмыш иши козголгон.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 20-октябрда Сабырбековдун өлүмүнө шектелип кармалган Аскер институтунун кароол жетекчисин үй камагына чыгарды.

Акыйкатчы институту атайын жумушчу топ түзүп, соңку беш жыл ичиндеги жоокерлердин өлүмүн, армиядагы зордук-зомбулуктарды иликтеп жатканын билдирген.

Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, 2020-2021-жылдары ондой жоокер жанын кыйган. Ал эми 2019-жылы Кыргызстанда аскерде жүрүп каза болгон 13 жоокердин өлүмү суицид катары бааланган. 2018-жылы 17 аскер кызматкери өз жанын кыйганы кабарланган. Андан сырткары зордук-зомбулукка байланыштуу бир катар фактылар катталган.

“Кылым шамы” уюмунун эсебинде, 2012-2016-жылдар аралыгында ар кандай жагдайда каза болгон жоокерлердин саны алтымыштан ашкан. Бул окуялардын дээрлик баарында жоокерлердин жакындары алардын суицидге барганына ишенбей, өз жүйөлөрүн жана далилдерин келтиришкен.(TSh)




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
WTA

Соболенко уступила Свентек в финале турнира WTA-1000 в Мадриде






На конференции по онлайн-образованию INSTADIUM в качестве эксперта выступила Настенька Цы

Не просто юбилейный, но рабочий. Путин открыл саммит ЕАЭС в Москве

Полицейские в Подмосковье обнаружили 300кг наркотиков в грузовике

Концерт для ветеранов к 9 Мая прошел в театре «Наш Дом» в Химках