Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Октябрь
2022

Депутат Айдарбеков дипломатиялык рангынан ажыратылды

0
Депутат Айдарбеков дипломатиялык рангынан ажыратылды

Жогорку Кеңештин депутаты Чыңгыз Айдарбеков Атайын жана ыйгарым укуктуу элчи дипломатиялык рангынан ажыратылды. Бул тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун мамлекет башчынын басма сөз кызматы кабарлады.

“Бул чечим Айдарбеков Кыргыз Республикасынын жакынкы бир катар чет өлкөлөрдөгү чет өлкө мекемелеринин (элчиликтердин) кызматкери кезинде дипломат деген жогорку наамды дискредитациялаган жагдайлар ачылгандыгына байланыштуу кабыл алынган”, - деп айтылат маалыматта.

Бирок кандай жагдайлар экени маалыматта айтылган эмес.

Айдарбеков азырынча бул боюнча комментарий бере элек.

Кыргыз Республикасынын дипломатиялык рангдарын ыйгаруу тартиби жөнүндө жободо Дипломатиялык рангдар "Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө" мыйзамдын 21-27-беренелеринин жоболорун эске алуу менен өмүр бою ыйгарылары айтылат. Интернеттеги маалымат ылайык, Айдарбеков дипломатиялык рангды 2018-жылы алган.

20-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттары Чыңгыз Айдарбековду Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагалыгынан чакыртып алган.

Мунун алдында Айдарбековду комитет төрагалыгынан алуу маселесинде парламентте талаш-талкуу жаралган. "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын лидери Адахан Мадумаров мындай учур ар бир депутаттын, комитет төрагасынын башына келе турганын айтса, эл өкүлү Элмурза Сатыбалдиев "комитет коллегиалдуу орган экенин, анын чечимдерине кол койбой коюусу жоопкерчиликтен качуу экенин" айткан.

10-октябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети кыргыз-өзбек чек арасы, анын ичинде Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча эки тараптуу келишимдин долбоорун карап, көпчүлүк добуш менен жактырган. Чыңгыз Айдарбеков кыргыз-өзбек чек арасы, анын ичинде Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча эки тараптуу келишимдин долбоору тууралуу парламенттин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин чечимине кол коюудан баш тарткан. Ал муну чек ара келишимине байланыштуу депутаттарга тиешелүү документтер толук берилбегени менен түшүндүргөн.

Айдарбеков Жогорку Кеңешке "Альянс" партиясынын тизмеси менен келген. Ал депутат болгонго чейин Кыргызстандын Жапонияда элчиси, андан кийин тышкы иштер министри болуп иштеген. (TSh)




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
ATP

Рублёв поднимется на шестое место в рейтинге ATP после победы на «Мастерсе» в Мадриде






МИД рекомендовал россиянам учитывать риски при планировании поездок в Мексику

Погиб и похоронен… в двух местах

«Россия непобедима». Ветеран Иванцов рассказал о войне и боевом братстве

Консультант Лейкина назвала китайский языком деловой успешности