Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Октябрь
2022

ИИМ саясатчы, активисттердин суракка чакырылышы боюнча маалымат таратты

0
ИИМ саясатчы, активисттердин  суракка чакырылышы боюнча маалымат таратты

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө кызматы Кылмыш жаза кодексинин 36-278-беренеси (“Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу”) менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө амалдарын жүргүзүп жатат. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

“Атайын тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө, тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында айрым адамдардын массалык башаламандыктарды уюштурууга жана даярдоого, андан кийин бийликти мыйзамсыз басып алуу боюнча иштерге катыштыгы бар экендиги боюнча далилдер алынган”, - деп айтылат билдирүүдө.

ИИМ кылмышка шектүүлөрдүн жашаган үйлөрү тинтилип, Жазык процесстик кодексинин 96-беренесине ылайык кармоо иштери жүрүп жатканын маалымдады. Милициянын тергөөнүн жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат берилерин билдирди. Бирок ИИМ кимдер камалып, суракка алынып жатканы боюнча так маалымат берген жок.

Буга чейин оппозициялык саясатчы Равшан Жээнбеков “Массалык башаламандык уюштуруу” беренеси менен кармалганын адвокаты Замир Жоошев “Азаттыкка” маалымдаган. Укук коргоочу Азиза Абдрасулова жалпы 18 активист, саясатчынын үйү тинтилип, айрымдары милицияда сурак берип жатканын кабарлоодо.

23-октябрда эртең менен бир нече оппозициялык саясатчы, жарандык активисттердин үйүн милиция тинтүүгө алып, айрымдары милицияга жеткирилди. Саясатчылар Клара Сооронкулова, Жеңиш Молдокматов, активисттер Рита Карасартова, Эрлан Бекчоро, Али Шабдан милицияга жеткирилгени белгилүү болду. Журналист Канышай Мамыркулова милицияга чакырылганын кабарлады.

Акыйкатчы Атыр Абдрахматова милицияга чакырылгандар боюнча кызматкерлери иш алып барып жатканын кабарлоодо. Абдрахматова милицияга жеткирилгендер “массалык башаламандык” беренеси менен суралып жатканын билдирди.

22-октябрда Равшан Жээнбеков 15-октябрда Өзгөндө өткөн Курултайдын резолюциясына ылайык саясатчылар, саясий уюмдар, активисттер, саясий кыймылдар “Кемпир-Абадды коргоо” комитетин түзүшкөнүн маалымдаган.

15-октябрда Өзгөндө Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу элдик курултай өтүп, суу сактагыч өзбек тарапка өтүп кетиши ыктымал деген кооптонуу айтылган. 21-22-октябрда Ош облусунун Өзгөн районунда Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу жөө жүрүш өткөн.

22-октябрда президент Садыр Жапаров “Кабар” маалымат агенттигине маек куруп, анда кыргыз-өзбек чек ара маселеси боюнча түшүндүрмө берген. Жапаров Кемпир-Абад суу сактагычынын айланасындагы маселелерге кеңири токтолуп, чагымчылдар элге туура эмес маалымат берип жатканын билдирген. Садыр Жапаров келишимдер Жогорку Кеңеште ачык караларын айтып, андан кийин элдин 99% келишимди колдой турганына ишенерин билдирди. Жөө жүрүш, митингдерди кимдер атайын уюштуруп жатканын билерин белгилеген.

20-октябрда президент Садыр Жапаров баштаган жетекчилер кыргыз-өзбек чек арасынын айланасындагы кырдаал боюнча түшүндүрмө берип, жарандык активисттер, чек арага жакын айылдардын өкүлдөрү менен жолуккан. Берилген суроолорго президент Жапаров менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жооп берген. Экөө тең “жер берилди, сатылды” деп жалган маалымат таратпоого чакырып, Кыргызстан алып жаткан 19 миң 699 гектар жердин көпчүлүгү Өзбекстанга таандык болгонун айткан. Анын ордуна Кыргызстан Кемпир-Абад суу сактагычындагы 4485 гектар жерди берип жатканы белгиленген. (TSh)




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Анастасия Павлюченкова

Павлюченкова официально аккредитовала на турнир в Риме двух своих собак






Видели смерть, но не разучились смеяться. Советские режиссеры-фронтовики

Убившего россиянку Двизову в Турции мужчину задержали в Германии

В 6-м туре женского «командника» в Сочи шахматная сборная Москвы разгромила краснодарок, а «Сима-ленд» справилась с Татарстаном

Движение автобусов и электротранспорта будет ограничено в Томске 9 мая