Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Октябрь
2022

Жонсон Британиянын премьерлигине кайрадан жарышка түшүүсү мүмкүн

0
Жонсон Британиянын премьерлигине кайрадан жарышка түшүүсү мүмкүн

Улуу Британиянын мурдагы премьер-министри Борис Жонсон ички добуш берүүдө 100дөн ашык консерватор-депутаттын колдоосуна ээ болгону кабарланды. Бул тууралуу бир катар британ басылмалары Жонсондун айланасындагы булактарга таянуу менен жазды.

Депутаттардын 100дөн ашыгы колдогон талапкер шайлоого катыша алат. Дагы бир талапкер болушу ыктымал Риши Сунактын жактоочулары Жонсонду колдогондордун саны тууралуу маалыматтан күмөн санап, аны далилдөөнү талап кылып жатышат.

Би-би-синин өзүнүн эсебине ылайык, консерваторлордун ичинен 203 депутат ар кайсы талапкерлерди колдой турганын коомчулукка жарыялашкан. Ачык пикирин айткандардын ичинен 53ү гана Жонсонду колдошкон. Бул Жонсондук тегерегиндеги булактар айткан санга жакындабайт.

Жонсондун каршылаштары – мурдагы финансы министри Риши Сунак 127 депутаттын, Жамааттар палатасынын лидери Пенни Мордонт 23 депутаттын добушуна ээ болгон.

Ушул маалга чейин Пенни Мордонт гана премьерликке жарышка түшөрүн расмий жарыялады.

Борис Жонсон быйыл жайда өз партиясындагы кесиптештеринин көпчүлүк бөлүгүнүн колдоосун жоготуп, кызматтан кетүүгө аргасыз болгон. Андан кийинки жарышта Риши Сунак менен Лиз Трасс эң негизги атаандаш болуп, Трасс утуп чыккан.

20-октябрда Лиз Трасс Улуу Британиянын премьер-министри кызматынан кеткенин жарыялады. Аны бул кызматка 6-сентябрда ошол учурдагы британ ханышасы Елизавета II дайындаган. Өкмөт башчылыктан 45 күндөн кийин бошогон Трасс өлкө тарыхында эң аз иштеген премьер болуп калды. (ErN)




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
WTA

Стало известно, с кем сыграет Вероника Кудерметова во втором круге турнира WTA-1000 в Риме






Появились кадры с возвращающимся в Россию генералом Суровикиным

МИД рекомендовал россиянам «учитывать имеющиеся риски» при планировании поездок в эту стану

МИД РФ: Россия жестко ответит на последние действия Британии

Грузовик насмерть сбил девочку на велосипеде в Подмосковье