Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Октябрь
2022

Жапырт кармоо: Чыңгыз Капаров 20-декабрга чейин камакта калды

0
Жапырт кармоо: Чыңгыз Капаров 20-декабрга чейин камакта калды

23-октябрда кармалган саясатчылардын жана активисттердин бири Чыңгыз Капаров 20-декабрга чейин камакта калтырылды. Мындай чечимди 24-октябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарды. Анын адвокаты Айдар Сыдыков сот чечимин мыйзамсыз деп атады.

Анын алдында акыйкатчы Атыр Абрахматова Чыңгыз Капаров саламаттыгына байланыштуу камакта отурушу мүмкүн эместигин, Омбудсмендин кеңсесинин кызматкерлери сотко мониторинг жүргүзүп жатканын айткан. Капаров өзү мыйзам бузбаганын билдирген.

Чыңгыз Капаров - "Бүткүл жаштар" партиясынын лидери. 2021-жылы парламенттик шайлоого бир мандаттуу №3 Нарын округунан катышкан.

23-октябрда Бишкекте жыйырмадан ашуун оппозициялык саясатчы менен активисттердин үй-жайында тинтүү жүргүзүлүп, милицияга чакырылган жана 48 саатка камакка алынган. Алардын ишине байкоо салып жатканын акыйкатчы Атыр Абдрахматова билдирген. Кармалгандар акыркы күндөрү "Кемпир-Абад суу сактагычынын жерин Өзбекстанга берилишине каршы" пикирин билдирип келатышкан.

Алардын бөгөт чарасы 24-октябрда кечке жуук сотто карала баштады.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) аларга Кылмыш жаза кодексинин 36-278-беренеси (“Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу”) менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө жүргүзүлүп жатканын маалымдаган.

24-октябрда Бишкекте жүздөгөн жарандар жүрүшкө чыгып, камалгандарды бошотуу талабы менен президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдошту. Ошто да ондон ашуун активисттин катышуусунда ушундай талап менен митинг өттү. Жалал-Абад жана Өзгөн шаарларында бийликтин саясатын колдогон акция уюштурулду.

Садыр Жапаров ушул күнү улуттук "Кабар" агенттигине курган маегинде камалгандардын ишине кийлигише албай турганын, чекитти сот кое турганын айтты.

Бийлик кыргыз-өзбек чек арасына байланыштуу чагымчылдар элге туура эмес маалымат берип жатканын билдирип келет. (SE)




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
ATP

Российский теннисист поднялся на две позиции в топ-10 рейтинга ATP






Консультант Лейкина назвала китайский языком деловой успешности

Песков призвал не преувеличивать сложности переговоров Путина и Пашиняна

Владимир Путин встретился с премьером Армении Пашиняном в Москве

Саммит Евразийского экономического союза в Москве. Главное