Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Октябрь
2022

Равшан Жээнбеков жапырт кармалгандарга жасалма айып коюлуп жатканын айтты

0

23-октябрда "массалык башаламандык уюштурууга даярданган" деген шек менен кармалгандардын бири, саясатчы Равшан Жээнбеков аларга жасалма айып коюлуп жатканын айтты. Мындай пикирин 24-октябрда Бишкектин Биринчи май райондук сотуна бөгөт чарасын кароо үчүн алып келингенде "Азаттыктын" кабарчысына билдирди. Ал эч ким мамлекеттик башалмандык уюштурууну план кылбаганын белгиледи:

"Бизди түрмө менен коркута албайт. Кемпир-Абад Кыргызстандын жери, аны бербегиле!"- деди ал.

Кармалгандардын дагы бири жарандык активист Али Шабдан бул окуяны "акылга сыйбаган көрүнүш" деп баалады. Рита Карасартова жана Чыңгыз Капаров да мыйзамдан аша чапкан кадамга барышпаганын билдиришти.

23-октябрда Бишкекте жыйырмадан ашуун оппозициялык саясатчы менен активисттердин үй-жайында тинтүү жүргүзүлүп, милицияга чакырылган жана 48 саатка камакка алынган. Алардын ишине байкоо салып жатканын акыйкатчы Атыр Абдрахматова билдирген. Кармалгандар акыркы күндөрү "Кемпир-Абад суу сактагычынын жерин Өзбекстанга берилишине каршы" пикирин билдирип келатышкан.

Алардын бөгөт чарасы 24-октябрда кечке жуук сотто карала баштады. Сот имаратынын сыртына алардын жакындары, тарапташтарынан турган бир нече киши топтолуп, адилет чечим чыгарууну талап кылып турушат. Укук коргоочу Гүлшайыр Абдирасулова кармалгандардын бири - Перизат Суранова менен адвокатын жолугуштурууга милиционерлер жол бербегени тууралуу  видеону Фейсбукка чыгарды. 

Ички иштер министрлиги (ИИМ) аларга Кылмыш жаза кодексинин 36-278-беренеси (“Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу”) менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө жүргүзүлүп жатканын маалымдаган.

24-октябрда Бишкекте жүздөгөн жарандар жүрүшкө чыгып, камалгандарды бошотуу талабы менен президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдошту. Ошто да ондон ашуун активисттин катышуусунда ушундай талап менен митинг өттү. Жалал-Абад жана Өзгөн шаарларында бийликтин саясатын колдогон акция уюштурулду.

Садыр Жапаров ушул күнү улуттук "Кабар" агенттигине курган маегинде камалгандардын ишине кийлигише албай турганын, чекитти сот кое турганын айтты.

Бийлик кыргыз-өзбек чек арасына байланыштуу чагымчылдар элге туура эмес маалымат берип жатканын билдирип келет. (SE)




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
ATP

Лучший теннисист Казахстана сдал позиции в чемпионской гонке ATP






Праздники охладили потребителей // Длинные выходные не привели к росту посещаемости торговых центров

За ЖКХ пустующих квартир теперь заплатят соседи: новые правила расчета

Плановую проверку чердаков и подвалов ко Дню Победы провели в поселении Михайлово-Ярцевское

График поездов на МЦД-4, Киевском и Горьковском направлениях изменится 11 мая