Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Октябрь
2022

Кемпир-Абад: Чуулгандуу аудио тасма жана жапырт кармоо

0
Кемпир-Абад: Чуулгандуу аудио тасма жана жапырт кармоо

"Кемпир-Абадды сактоо комитетин" түзүү боюнча кармалган жыйырмадан ашык саясатчы, блогер жана активисттерге "массалык башаламандык даярдоо" беренеси менен кылмыш иштери козголду.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 24-октябрда кечке жуук алардын бөгөт чарасын кароону баштап, баарын 20-декабрга чейин камакта калтырган чечим чыгарды. Саясатчы Азимбек Бекназаровдун камактагы мөөнөтү 23-декабрь деп белгиленди. Сот башаламандык уюштурууга аракет кылган деген шек менен кармалган саясатчылардын жана активисттердин бөгөт чарасын кароону 25-октябрга караган түнү саат 3кө жакын да улантты.

Камакка алынгандар Жаза аткаруу кызматынын 21-мекемесинде же СИЗО-1 деген аталыш менен жалпыга маалым болгон Бишкектеги №1 тергөө абагында кармала турган болду.

Милиция алдын ала тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө айрым жарандардын массалык башаламандык уюштурууга, бийликти мыйзамсыз басып алууга катыштыгы бар экенин ырастаган далилдер алынганын билдирди. Акыйкатчы мекемеси аларды кармоо учурунда одоно мыйзам бузууларга жол берилгенин жана тергөөгө байкоо салууга тоскоолдук болуп жатканын белгиледи.

Үштү алган кармоолор. Башаламандыкка даярдык иши

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө кызматы Кылмыш жаза кодексинин 36-278-беренеси (“Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу”) деген кылмыш белгилери боюнча козголгон иштин алкагында тергөө амалдары башталганын жарыялады. Милиция ыкчам иликтеп-тергөө иштеринин жүрүшүндө айрым жарандардын жапырт башаламандык уюштуруп, бийликти күч менен басып алууга даярдык көргөнүн ырастаган далилдер алынганын билдирди. Ички иштер органдары кылмышка шектүүлөр жашаган үйлөр тинтилип, алар Жазык процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык кармалганын кабарлады.

ИИМдин басма сөз кызматынын башчысы Тилек Оторов бул кылмыш иштеринин жагдайлары тууралуу кошумча маалыматтар кийин берилерин айтуу менен гана чектелди:

"Кечээ күнү бул боюнча маалыматтарды бергенбиз. Азыр эми бизге Тергөө кызматы кошумча маалыматтарды берсе, ошого байланыштуу анан маалыматтарды беребиз. Буга чейинки маалыматтарга ылайык, бардыгына карата бир эле берене менен кылмыш иштери козголду".

23-октябрда Бишкекте бир катар оппозициялык саясатчылар менен активисттердин үйлөрүндө тинтүү жүргүзүлүп, суракка чакыртылган. Андан соң саясатчылар Асия Сасыкбаева, Клара Сооронкулова, Гүлнара Журабаева, Азимбек Бекназаров, Бектур Асанов, Жеңиш Молдоакматов, Равшан Жээнбеков, Кеңешбек Дүйшөбаев,активисттер Рита Карасартова, Шабдан Али, Чыңгыз Капаров, Улукбек Маматаев, Нурлан Асанбаев, Перизат Суранова, Айбек Бусурманкулов, Таалай Эшалиев, журналист-блогерлер Айданбек Акмат уулу жана Атай Бейшенбек кармалып, Бишкек менен Чүйдүн ар кайсы райондук милиция бөлүмдөрүнүн убактылуу кармоо жайларына киргизилген. Саясатчы Канат Исаев бир айга УКМКнын тергөө абагына камалганы маалым болду. Бишкектин Биринчи май райондук соту анын 2018-жылдын октябрында тандалган эч жакка чыкпоо тууралуу жазуу түрүндөгү бөгөт чарасын өзгөртүп, 23-ноябрга чейин камады.

"Тоскоолдуктарга толгон мыйзамсыздык"

Акыйкатчынын орун басары Алберт Колопов кармоолор мыйзам бузуу менен коштолгонун жана тергөөгө байкоо салууга тоскоолдук болуп жатканын билдирди:

"Бизге ИИМ тарабынан тоскоолдуктар болуп жатат. Айрыкча Тергөө кызматынын башчысы Улан Жапеков деген бар экен. Ошол киши тарабынан бизге тоскоолдук болду. Мыйзамга ылайык, бизге ал жактарга кирип, иштин жагдайларын сурап, тергөө материалдары менен таанышууга уруксат берилген. Бизге ошол жактан тоскоолдуктар болууда. Биз алардан "эмненин негизинде кармап келдиңер" деп сурадык. Анан ошону негиздеп, айтпай жатышпайбы. Кармалган жарандык активист Перизат Суранованы "кезмет бөлүмүнөн ал жакка алынып келинген жок" деп айтышкан болчу. Бирок мен имараттын ичине кирип барып, анын ошол жакта жүргөнүн капысынан көрүп калып жатпайымбы. Анысын эмнеге бизден жашырды деген маселе болду. Анан кармоолор учурундагы орой мамилелер, билдирме жиберилбей эле кармалган учурлар, тинтүү учурунда башка туугандарына тиешелүү буюм-тайымдарын алып кетип калган жагдайлар тууралуу расмий билдирүү тараттык. Биз мыйзам талабына ылайык тергөө амалдарын жүргүзүүнү талап кылуудабыз".

Конституция жарандардын пикет-митингдерге жана башка нааразылык акцияларына тынч чогулуу эркиндигине кепилдик берет. Жашыруун жазылып алынып, Интернетке тараган аудиодо айрым оппозициялык саясатчылардын Кемпир-Абад боюнча митинг уюштуруу тууралуу сөздөрү камтылган. Бирок аудиодо Кемпир-Абадды коргоо комитетин түзүү боюнча оппозициялык жыйындын баштан-аяк толук мазмуну берилген эмес.

Ири митинг идеясы. Демократия сабактары

Интернетке тараган аудио тасмада парламенттин экс-спикери Асия Сасыкбаеванын үнүнө окшош адамдын Кемпир-Абадды сактоо талабы менен ири масштабдагы мөөнөтсүз митинг өткөрүү сунушун угууга болот:

"Урматтуу мекендештер, менин оюмча буга чейин кайрылуулар жана билдирүүлөр болду. Бизде азыр бир гана учур калды. Эң ири масштабдагы митинг. Болду. Келечекти ойлойлу. Эмне үчүн дайыма эле биздин бийлик сатылган болот? Эмнеге дайыма эле биз сатылган бийликти тандап алабыз? Ошондуктан азыр бир гана ири митинг. Мен башка жолду көрбөй турам. Бизди талкалайбы, сабайбы же колу-бутту сындырабы, мына ошол жол турат".

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитетин түзүү боюнча демилге көтөргөн тарапты демократияны пайдалануу аркылуу бийликти басып алууну көздөгөн саясий топ катары мүнөздөдү:

"Булар демократияны пайдаланып көнүп алышты. Алар барып эле "жок, сен эртең жооп бересиң, төңкөрөбүз, эртең барып туруп, бийликти басып алабыз" деген нерсе бул - демократияга каршы келет. Ал демократия эмес. Бул мамлекетте тартиптин жоктугу. Бул деген мамлекет катары калыптана элек банан өлкөлөрүндө кайталанып турчу көрүнүш. Мына ошондой тартипсиздикке, башаламандыкка жол берилбейт. Бизде азыр демократия бар. Мамлекет бекем. Эл шайлаган жетекчилик Конституция боюнча жанагындай чечимдерди кабыл алууга укуктуу".

Милиция тараткан учкай маалыматта жапырт башамаландыкка даярдыктын планы, каржы булактары, курал-жарактары, уюштуруучу жана аткаруучу тараптын ролу боюнча кылмыштын курамын камтыган жагдайлар көрсөтүлгөн эмес. Жашыруун жазылган аудионун мазмунуна караганда Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитети ар кайсы саясий күчтөрдүн башын бириктирүү шарттарын талкуулаган.

Ал эми үнү саясатчы Азимбек Бекназаровдукуна окшош киши бир учурда көп адам чогулган митинг уюштуруу реалдуу эместигин, бирок алар курултай чакыруунун үстүнөн иштеп жатканын айткан:

"Радикалдык жол. Аны өзүңөр айтып жатасыңар. Радикалдык жолго барууга күчүңөр жетеби? Мына ошол маселе. Эмне үчүн? Анткени биздин күчүбүз жок. Бирок Айбек айткандай, биз иштеп жатабыз. Биз курултайдан көрүп турабыз. Кылкылдатып, ошол жерде оң миңдей адам болсо, мына ошол күч болот. 50-30 адам менен буларга эч кандай таасир эте албайсың. Азыр жетиштүү күч жок. Реалдуу болуш керек. Бардыгы эле аш-той менен жүрүшөт. Биз азыр анын үстүнөн иштеп жатабыз. Аймак-аймак, район-район боюнча иштешип жатабыз".

"Түрмө менен коркутуу жыйынтык бербейт"

Жогорку Кеңештеги "Альянс" фракциясынын жетекчиси, депутат Жанар Акаев саясатчылар менен активисттердин жапырт кармалышын айыптап чыкты. Эл өкүлү оппозицияны түрмө менен коркутуу ишке ашпай турганын белгилеп, бийликти башка көз караштагыларды ынандырып, диалогго барууга үндөп, курчуган кырдаалды жөнгө салууга чакырды:

"Биз диктатуралык мамлекетке айланбашыбыз керек. Биздин эл аны көтөрө албайт. Анын үстүнө тышкы душмандар босогодо турганда, "баарыбыздын ички ынтымагыбыз болсун, биримдикте, чогуу жана бекем бололу" деп турганда мына ушундай камоолорго баруу саясий туруктуулукка доо кетирет. Ошондой эле ички ынтымакты ыдыратат. Бүгүнкүдөй окуя таптакыр акылга сыйгыс нерсе. Кыргызстанда кайсы бирөөлөрдү кармап, камап койсо эле, калгандарынын оозу жабылып, бардыгы унчукпай калбайт. Бир гана сүйлөшүү жолу, диалог болушу керек. Ынандыруу зарыл. Анын ордуна түрмө менен коркутуп, "камайбыз" деген өтө чоң жаңылыштык. Буга чейинки бийликтердин эң чоң каталары азыр да кайталанып жатканы абдан өкүнүчтүү".

23-октябрда Бишкекте бир катар оппозициялык саясатчылар менен жарандык активисттердин үй-жайлары тинтүүгө алынып, алардын колдонгон айрым буюмдары жана уюлдук телефондору далил заты катары алынып, андан соң алардын бардыгы суракка милиция бөлүмдөрүнө алынып барылган.

Андан соң бул иштин алкагында саясатчылар менен жарандык активисттердин көбү камакка алынган. Акыйкатчынын соңку маалыматы боюнча жалпы кармалгандар 20дан ашты.




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Рафаэль Надаль

Определился соперник Надаля в первом круге «Мастерса» в Риме






В Новгородской области загорелся многоквартирный дом

Агроном Воробьёв высказался об опасности майских заморозков

Имущество близких замглавы Минобороны России Иванова арестовали

Начались переговоры Путина с Пашиняном