Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Октябрь
2022

ИИМ кармалгандарга тагылган айып тууралуу маалымат берди

0

Башаламандык уюштурууга шек саналып кармалып, камакка алынган жарандардын айыбы бар экенин ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев Жогорку Кеңештин укук тартиби, кылмыштуулук жана коррупцияга каршы күрөшүү комитетинин жыйынында билдирди. Аширходжаев кармоолор жана тинтүүлөр Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлгөнүн айтты.

"ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан 20-октябрда Кылмыш жаза кодексинин 278-беренесинин 1-бөлүгү ("Массалык башаламандыктар") боюнча кылмыш иши козголгон. Ал кылмыш иши боюнча атайын тергөө амалдары жүрүп, анын жыйынтыгында 23-октябрда 22 адамдын үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, ошол эле күнү 21 адам кармалган. Аларга 24-октябрда айыптары угузулуп, Биринчи май райондук сотунун тергөө судьясы тарабынан 20 адам камакка алынды, бирөө ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылды. Бул кылмыш иши боюнча тергөө амалдары Жазык кодексинин алкагында жүрүп жатат. Кармоо жана тинтүүнүн мыйзамдуулугу прокуратура жана сот тарабынан каралган, мыйзам бузуулар аныкталган жок".

Аширходжаевдин сөзүн Башкы прокуратуранын өкүлү Эмилбек Абдыманапов да ырастады.

"Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын мүчөсү депутат Алишер Эрбаев министрдин орун басарынан кармалгандардын айыбына далилдер бар-жоктугун тактап сурады. Бул суроого Эркебек Аширходжаев "далилдер жетиштүү, курамында кылмыш аныкталды, ошол үчүн тергөө жүрүп жатат", - деп жооп берди.

Аширходжаевдин маалымдашынча, 21 адамдын кармалышы боюнча бир эле кылмыш иши козголгон.

"Ишеним" фракциясынын мүчөсү, депутат Руслан Жакышов башаламандык уюштурууга шек саналып кармалгандар эмне себептен ар кайсы райондук милиция бөлүмдөрүндө кармалып турганына кызыкты жана активист Атай Бейшенбек комитеттин мүчөсү болбосо да кармалганын сурады.

Эркебек Аширходжаев кармалгандарды ар кайсы милиция бөлүмдөрүндө камоо себебин Бишкек милициясынын убактылуу камоочу жайында орун калбаганына байланыштырды.

Жогорку Кеңештин укук тартиби, кылмыштуулук жана коррупцияга каршы күрөшүү комитети бүгүн, 25-октябрда башаламандыкка шек саналып жапырт кармоо боюнча Ички иштер министрлигинин жана Башкы прокуратуранын маалыматын укту.

Акыйкатчы институту жана кармалгандар менен көрүшкөн укук коргоочулар башаламандыкка шек санап, кармоо учурунда милиция кызматкерлери мыйзамсыз аракеттерди жасашканын айтып чыккан.

23-октябрда Бишкекте жыйырмадан ашуун оппозициялык саясатчы менен активисттердин үй-жайында тинтүү жүргүзүлүп, милицияга чакырылган жана 48 саатка камакка алынган. Алар акыркы күндөрү "Кемпир-Абад суу сактагычынын жерин Өзбекстанга берилишине каршы" болуп келген.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) аларга Кылмыш жаза кодексинин 36-278-беренеси (“Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу”) менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө жүргүзүлүп жатканын маалымдаган.

Кармалгандар башаламандык уюштурууга камынганы тууралуу аудио интернетке тараган. "Азаттык" бул аудиотасманын чын-төгүнүн азырынча тастыктай алган жок.

24-октябрда Бишкекте жүздөгөн жарандар жүрүшкө чыгып, камалгандарды бошотуу талабы менен президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдошту.

Ошто ондон ашуун активисттин катышуусунда ушундай талап менен митинг өттү. Жалал-Абад жана Өзгөн шаарларында бийликтин саясатын колдогон акция уюштурулду.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 24-25-октябрга караган түнү башаламандык уюштурууга шек саналып, жапырт кармалган 20 саясатчы жана активисттин бөгөт чарасын карап, баарын эки айга камакка алган чечим чыгарган.

Ага ылайык, кармалгандар Жаза аткаруу кызматынын 21-мекемесинде же СИЗО-1 деген аталыш менен жалпыга маалым болгон Бишкектеги №1 тергөө абагында 20-декабрга чейин камакта болот. Арасында саясатчы Азимбек Бекназаровдун камактагы мөөнөтү 23-декабрга чейин, Рита Карасартованын камак мөөнөтү 21-декабрга чейин деп белгиленди.

Жалпысынан 20 кишинин бөгөт чарасы аныкталып, чечим чыкты. Сот ишин таңкы саат бешке чейин улантты.

Бүгүн, 25-октябрда активист Атай Бейшенбек менен Акыл Айтбаевдин бөгөт чарасы каралары кабарланган.

Садыр Жапаров ушул күнү улуттук "Кабар" агенттигине курган маегинде камалгандардын ишине кийлигише албай турганын, чекитти сот кое турганын айтты.

Бийлик кыргыз-өзбек чек арасына байланыштуу чагымчылдар элге туура эмес маалымат берип жатканын билдирип келет.(ZKo)




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Андрей Рублёв

«Титул, которым я горжусь больше всего»: Рублёв одолел Оже-Альяссима и выиграл второй турнир серии «Мастерс» в карьере






Как День Победы отметили на Одинцовском подворье?

Президент Кубы осудил попытки приближения НАТО к границам России

Кокорин продлил контракт с «Арисом» ещё на один сезон

"Царьград": пилоты ВВС Франции раскрасили небо Марселя в российский триколор