Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Октябрь
2022

Сот жапырт кармалгандардын бөгөт чарасын түнү менен кароо себебин түшүндүрдү

0
Сот  жапырт кармалгандардын бөгөт чарасын түнү менен кароо себебин түшүндүрдү

Бишкектин Биринчи май райондук соту "жапырт башаламандык уюштурууга аракет кылган" деген негизде 23-октябрда кармалгандардын бөгөт чарасы иш убактысы бүткөнүнө карабай, түнү менен каралган себебин түшүндүрдү. Ишти кароо 24-октябрдан 25ине караган түнү, таңкы саат бешке чейин уланып, дээрлик бардыгын эки айга камоо тууралуу чечим чыгарган.

Райондук сот мындай чечимди сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө адам укуктарынын жана эркиндигинин сакталышын көзөмөлдөгөн тергөө судьясы кабыл алганын белгилейт.

Сот тараткан маалыматка караганда, судьялар Жазык-процессуалдык кодексинин 96, 97 жана 106-беренесинде көрсөтүлгөн тартипте ишти караган.

"Эгер материал түнү келип түшсө, тергөө соту көрсөтүлгөн убакытта, кийинки күнгө калтырбай кароого милдеттүү", - деп жазылган маалыматта. Ошондой эле кармалгандардын бөгөт чарасы мыйзамда көрсөтүлгөн тартипте каралганы, шектүүлөрдүн бардыгына бирдей мүмкүнчүлүк берилгени айтылат.

Буга чейин Акыйкатчы институту жапырт кармоолор учурундагы мыйзам бузуулар боюнча Башкы прокуратурага кайрыла турганын билдирген. Акыйкатчы Атыр Абдрахматова адвокаттарга ишенимдүү адамдары менен жолугууга тоскоолдук жаратылып, убагында процессуалдык документтерди ала албай калышканын "Азаттыкка" билдирген.

Кемпир-Абад суу сактагычынын жерин Өзбекстанга берилишине каршылык билдирип келаткан жыйырмадан ашуун оппозициялык саясатчылар жана активисттер 23-октябрда кармалган.

Ички иштер министрлиги (ИИМ)билдиргендей, аларга Кылмыш жаза кодексиндеги “Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу” беренеси (36, 278) менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө жүргүзүлүүдө.

Кармалгандар башаламандык уюштурууга камынганы тууралуу аудио интернетке тараган. "Азаттык" бул аудиотасманын чын-төгүнүн азырынча тастыктай алган жок.

24-октябрда Бишкекте жүздөгөн жарандар жүрүшкө чыгып, аларды бошотуу талабы менен президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдошту.

Президент улуттук "Кабар" агенттигине курган маегинде камалгандардын ишине кийлигишпесин, чекитти сот кое турганын айткан.

Бийлик кыргыз-өзбек чек арасына байланыштуу чагымчылдар элге туура эмес маалымат берип жатканын билдирип келет. (КE)




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Андрей Рублёв

В России назвали подвигом победу Рублева на "Мастерсе" из-за болезни






Путин: возможность платить картой МИР в Лаосе будет привлекать туда туристов

Фронтовой корреспондент

Праздничный салют по случаю Дня Победы состоится в Екатеринбурге, но горожане его не услышат

Гандбольный клуб «Чеховские медведи» вышел в финал Суперлиги