Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Октябрь
2022

Президент Жапаров Борбор Азия жана ЕБ лидерлеринин жыйынына катышат

0
Президент Жапаров Борбор Азия жана ЕБ лидерлеринин жыйынына катышат

Президент Садыр Жапаров 27-октябрда иш сапары менен Казакстанга барат. Ал Астана шаарында өтө турган Борбор Азия жана Европа Биримдигине кирген өлкөлөрдүн лидерлеринин жолугушуусуна катышарын президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

"Борбор Азия жана Европа Биримдиги өлкөлөрүнүн лидерлери саясат, соода, транспорт, экология, коопсуздук чөйрөсүндөгү жана башка эл аралык айдыңдын күн тартибинде турган актуалдуу темалар боюнча кызматташуу маселелерин талкуулашат. Мындан тышкары Садыр Жапаров жогорку деңгээлдеги бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт", - деп айтылат маалыматта.

Иш сапардын алкагында Жапаров Кыргызстандын Казакстандагы маданият күндөрүнүн ачылыш аземине катышат.

Садыр Жапаров 12-14-октябрда Казакстандын Астана шаарында өткөн эл аралык иш-чараларга катышкан. Бул күндөрү Казакстанда Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешменин саммити, Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйыны жана “Борбор Азия – Орусия” форматындагы 1-саммитти өткөн. (КЕ)




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
ATP

Лучший теннисист Казахстана сдал позиции в чемпионской гонке ATP






Дептранс Москвы: три серьезные аварии произошли в ночь на 9 мая из-за непогоды

Песков рассказал, повлияет ли непогода на проведение парада Победы

Песков рассказал, как аномальная погода повлияла на парад Победы в Москве

Погода в Твери сегодня: сильный ветер праздник не испортит