Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Октябрь
2022

Коомчулук "Азаттыктын" сайтын жапкан чечимди айыптайт

0
Коомчулук

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги "Азаттык Медианын" сайттарынын ишин эки айлык мөөнөткө токтотуу тууралуу чечим кабыл алды. “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун жетекчилиги бул кадамды эркин медианын куугунтуктоо жана кыргыз демократиясына көлөкө түшүрчү чечим деп баалады.

26-октябрда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги "Азаттык Медианын" сайттарынын ишин эки айлык мөөнөткө токтотуу жөнүндө чечим кабыл алганын расмий жарыялады.

Министрликтин Маалыматтык саясат башкармалыгынын башчысы Салкын Сарногоева “Так эмес (жалган) маалыматтардан коргоо жөнүндө” мыйзамдын негизинде "Азаттык Медиага" кат жөнөтүлгөнүн билдирди:

“Министрликтин катына жооп катары “Азаттык Медиа” мекемесинен сайт тиешелүү чараларды көрүп, аталган материалды өз платформасынан алып салуу боюнча техникалык иштерди жүргүзүп жатканы тууралуу жооп келген. Бирок ушул күнгө чейин бул видео өчүрүлө элек. Жогоруда айтылгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги 204-токтому менен бекитилген “Интернет тармагында анык эмес (жалган) маалыматты жайылышына байланыштуу сайттын же сайттын баракчасынын ээсинин иш-аракеттерине даттануунун, анык эмес (жалган) маалыматты алып салуунун жана сайттын же сайттын баракчасынын ишин токтотуп туруунун тартибин" жетекчиликке алып министрлик хостинг/интернет провайдерлери жана байланыш операторлору аркылуу "Азаттык Медиа" сайттарынын ишин эки айлык мөөнөткө токтотуу жөнүндө чечимин кабыл алды”.

Салкын Сарногоева жабыркаган тарап катары арызды министрлик өзү демилгелегенин билдирди.

“Медиа полиси институту” уюмунун юристи Акмат Алагушев министрликтин чечимин мыйзамсыз деп атоодо. Анын айтымында, сайтты токтотуу тууралуу чечим кабыл алыш үчүн жабыркаган тарап же юридикалык жак болушу керек эле:

“Ошондо Маданият министрлиги өзү арыз жазып, өзү карап коюп жатабы? Бул такыр мыйзамга жатпаган нерсе. Анткени мыйзамда арыз берген адам анын кадыр-баркына, ар-намысына же беделине шек келтирсе, министрликке арыз менен кайрыла алары жазылган. А бул жакта арыз берген адам жок болуп жатпайбы”.

26-октябрда “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун президенти Жейми Флай “Азаттык” радиосунун жана “Настоящее время” телеканалынын айланасындагы соңку окуяларга байланыштуу билдирүү жасады.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосу окуяларды тең салмактап чагылдыруу принцибине олуттуу мамиле кылат. Биз суроо жараткан материалды кайра карап чыгып, стандарттарыбыз бузулган жок деген жыйынтыкка келдик. Кремль же кыргыз өкмөтү болобу, тең салмакталган материалды сайттарыбыздан алып салуу талабына моюн сунбайбыз. Журналисттерди коркутуу жана эркин медианын үнүн басуу аракети Кыргызстандагы демократияга көлөкө түшүргөн авторитардык ыкма”, – деп айтылат эл аралык медиа корпорациянын президенти Жейми Флайдын билдирүүсүндө.

Көз карандысыз журналисттер союзунун төрагасы Азамат Касыбеков “министрликтин бул чечиминен оболу Кыргызстандагы сөз эркиндиги жана так маалымат алууну каалаган окурман-угармандар жабыркайт деген пикирде.

“Эмне деп айтарымды билбей, нес болуп калдым. Эки айга жаап салуу аябай чоң көйгөй алып келет. “Азаттыкка” алып келбейт, сөз эркиндигине, адамдарга алып келет. Себеби “Азаттык” так маалымат берген маалымат булагы. Эки айга жок кылып салганы аябай чоң жаңылыштык. Фейк боюнча мыйзам тууралуу мурда эле чыркырап айтып чыккан элек. Депутаттар укпай, кабыл алып коюшту. Эми ошонун натыйжасын көрүп жатабыз”.

Социалдык тармактардагы реакция

Социалдык тармактын колдонуучулары "Азаттыктын" сайтынын эки айга жабылышы тууралуу өз пикирлерин жазып жатышат. Алардын арасында министрликтин чечимин сөз эркиндигин чектөө катары баалагандары да бар.

 

24-октябрда Кыргызстандын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Азаттык Медиа” мекемесине кат жолдоп, “Настоящее время” телеканалынын Ютуб каналынан “Кыргызстан жана Тажикстандын чек арасындагы катуу салгылаштар” деген аталыш менен түз эфирге чыккан берүүсүн алып салууну талап кылган. Министрдин орун басары Союзбек Надырбековдун колу коюлган катта бул материал “коомдогу кырдаалды курчутуп, өлкөнүн беделине көлөкө түшүрөт” деп айтылат жана 24 сааттын ичинде ал материалды өчүрүп салуу талабы коюлган.

“Азаттык” – каржылык пайда көздөбөгөн, көз карандысыз “Эркин Европа/Азаттык Үналгысы” корпорациясынын кыргыз кызматы. Кыргызстанда “Азаттык Медиа” деп расмий катталган.

“Азаттык” дүйнөдөгү жана Кыргызстандагы жаңылыктарды, коомдук турмуштун жана демократиялык өнүгүүнүн ар кыл жагдайларын радио, теле, Интернет, социалдык медиадагы платформалары аркылуу бейтарап чагылдырат.




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Андрей Рублёв

В России назвали подвигом победу Рублева на "Мастерсе" из-за болезни






МОСКОВСКИЕ СОТРУДНИКИ ВНЕВЕДОМСТВЕННОЙ ОХРАНЫ ПРИНЯЛИ УЧАСТИЕ В АКЦИИ «ГЕОРГИЕВСКАЯ ЛЕНТА»

ЕС в июне хочет запретить реэкспорт российского СПГ через Европу в третьи страны

ГИБДД пришел в театр кукол «Ульгэр» - Россия, Бурятия, дети и культура:

В Милане и Неаполе прошли шествия «Бессмертного полка»