Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Октябрь
2022

"Кемпир-Абадды коргоо" комитетинин ишин Касиет Мамырбай улантарын билдирди

0

Жарандык активист, эки айга камалган Рита Карасартованын кызы Касиет Мамырбай "Кемпир-Абадды коргоо жана кыргыз-тажик чек арасындагы маселелерди чечүү" комитетинин ишин улантууну колуна алды. Ал бул тууралуу бүгүн, 27-октябрда маалымат жыйынында билдирди.

Касиет Мамырбай апасы мыйзамсыз кармалганын белгилеп, сөз эркиндигине басым жасалып, пикирин ачык айтып, бийликти сындагандарга саясий куугунтук болуп жатканын айтты.

Касиет Мамырбай аталган комитеттин ишин улантуу жана жапырт камалгандардын үй-бүлөлөрүн колдоо максатында атайын эсеп ачылганын 25-октябрда Инстаграммдагы баракчасына жазган.

Кемпир-Абад суу сактагычынын жерин Өзбекстанга берүүгө каршы чыккан жыйырмадан ашуун оппозициялык саясатчылар жана активисттер 23-24-октябрда кармалып, "калайман башаламандык уюштурууга даярданган" деген шек менен эки айга камакка алынган. Ички иштер министрлиги  алар Кылмыш кодексинин 378-беренеси ("Массалык башаламандык уюштурууга даярдык") менен кылмыш ишинин алкагында кармалганын билдирген.

27-октябрь күнү экс-элчи Мамбетжунус Абылов ИИМдин Тергөө башкармалыгына суракка алып келгени кабарланды.

Башаламандыкка шектелип кармалгандардын баары өздөрүнүн мыйзамсыз кармалганын айтышууда.

Президент Жапаров улуттук "Кабар" агенттигине курган маегинде камалгандардын ишине чекитти сот кое турганын айткан.(ZKo)




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
WTA

Соболенко уступила Свентек в финале турнира WTA-1000 в Мадриде






МИД рекомендовал россиянам учитывать риски при планировании поездок в Мексику

Консультант Лейкина назвала китайский языком деловой успешности

Погиб и похоронен… в двух местах

Песков: сложности в отношениях РФ и Армении есть, но не стоит их преувеличивать