Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Октябрь
2022

"Азаттыктын" кабарчылары гендердик теңчилик боюнча сынакта мыкты деп табылды

0

Кыргызстандагы Социалдык технологиялар агенттиги, Италиянын "Данило Дольчи" чыгармачылыкты өнүктүрүү борбору биргелешип уюштурган сынакта "Азаттыктын" кабарчылары мыкты аталышты.

Сынак "ДаткаАйым - гендердик теңчиликти жаңыча алдыга жылдырабыз" аттуу долбоорунун алкагында өтүп, Европа Кеңеши каржылык колдоо көрсөткөн.

Мында "Азаттыктын" кабарчысы Айгерим Акылбекова көп аял алуунун кесепети, экинчи аял болуп турмуш курган аялдардын укуктары боюнча жасаган видео материалдары үчүн сынакта 2-орунду ээледи. Материалда Кыргызстандын мыйзамдарында бир убакта эки же андан көп аял менен түтүн булатууга тыюу салынганы, мындай кылмышка барган эркек эки жылга чейин эркинен ажыратыла турганы айтылган.

"Азаттыктын" дагы бир кабарчысы Сабыр Абдымомунов үй-бүлөнүн түйшүгү менен кошо айылдын экономикасын көтөргөн, эң четки айылдарда жашап ондогон жумуш орундарын түзгөн элеттик кыз-келиндердин аракети тууралуу тартылган берүүсү үчүн атайын сыйлыкка татыды.

 

"Ачык Time" подкасты аркылуу кыз-келиндерге ыдык көрсөтүү темасына кайрылып, анын кесепетин жана жашоодогу таасирин талдаган берүү үчүн "Азаттыктын" дагы бир журналисти Санжар Эралиевге да атайын сыйлык берилди.

 

Сынакта биринчи орунду "Клооп" басылмасынын журналисти ала качуунун курмандыгы болгон Айзаданын өлүмү тууралуу тарткан материалы үчүн алды.

"ДаткаАйым - гендердик теңчиликти жаңыча алдыга жылдырабыз" долбоору гендердик дискриминацияны жоюу багытында мамлекеттик органдарга, маалымат каражаттарына көмөк көрсөтөт.

Кыргызстанда соңку кездери аялдарга жана балдарга карата жасалган зордук-зомбулук, үрөй учурган окуялар орун алып жатат. Ички иштер министрлигинин эсебинде, былтыр үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу 10 миңден ашуун факт катталган.

Дүйнөдөгү аялдардын коопсуздугу жана бакубаттыгы боюнча глобалдык индекстин (WPS) 2021-жылкы иликтөөсүндө Кыргызстан аялдар үчүн Борбор Азиядагы эң кооптуу өлкө деп табылган.(КЕ)




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Андрей Рублёв

Рублёв стал победителем «Мастерса» в Мадриде






ВС РФ разрешил гражданам зарабатывать на ошибках в курсе валют - Тинькофф-Банк вчистую проиграл клиенту

В Тамбовской и Липецкой областях ввели режим ЧС в сельском хозяйстве

В Новгородской области загорелся многоквартирный дом

Новый складской комплекс появится в промзоне «Житнево» в Домодедове