Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Октябрь
2022

Кумтөр боюнча депутаттык комиссияга Исхак Масалиев төрага болду

0
Кумтөр боюнча депутаттык комиссияга  Исхак Масалиев төрага болду

«Кумтөр голд компани» ишканасы Кыргызстандын карамагына өткөндөн берки анын алтын казуу, сатуу ишин жана компаниянын ишмердүүлүгүн изилдей турган депутаттык комиссияга депутат Исхак Масалиев төрага болду. Бул маалыматты 27-октябрда «Азаттык» радиосуна депутат өзү тастыктап, мындай чечим күтүүсүз болгонун билдирди.

«Кийинки аптанын шейшемби күнү иштин багытын аныктай баштайбыз. Кумтөрдүн өзүнө, ишканага барабыз, тийиштүү органдардан маалымат сурайбыз, канча алтын сатылганын билүүгө аракет кылабыз»,- деди ал.

29-сентябрда түзүлгөн комиссиянын курамына Масалиевден тышкары 12 депутат кирген – Жанарбек Акаев, Адахан Мадумаров, Нилуфар Алимжанова, Нурланбек Шакиев, Улукбек Ормонов, Надира Нарматова, Мурат Мураталиев, Шайлообек Атазов, Максат Сарбагышев, Арсланбек Малиев, Жусупбек Коргонбай уулу, Балбак Түлөбаев.

26-августта “Азаттык” Кумтөрдүн алтыны боюнча макала жарыялаган. Анда расмий маалыматтарга таянуу менен Улуттук банк 2021-жылы өз резервинде сакталып турган чоң көлөмдөгү алтынды сатканы белгиленген.

27-августта “Кабар” улуттук маалымат агенттигине курган маегинде президент Садыр Жапаров кайсы убакта кайсы өлкөгө канча алтын сатылып жатканы жөнүндө маалымат ачыкталбай турганын билдирген. Ал "Кумтөр" баштаган бардык кендердин алтынын "Кыргызалтын" аркылуу Улуттук банк сатып аларын, аны чет өлкөгө алып барып, дүйнөлүк биржада сатып келип, кимден канча алтын алган болсо, акчасын кайтарып, эсептешип турарын, жылдын аягында "Кумтөрдөн" таза киреше казынага келип түшөрүн айткан.

30-сентябрда Кыргызстанда саясатчылар жана коомдук ишмерлер тобу Кумтөр боюнча коомдук комиссияга биригишкенин ага төрага болгон саясатчы Азимбек Бекназаров билдирген. Анын айтымында, комиссия маселени ар тараптуу, кѳз каранды эмес негизде иликтеп, коомчулукка маалымат берүүнү максат кылууда. Комиссиянын курамына Жогорку Кеңештин мурдагы депутаттары Кубанычбек Исабеков, Рамазан Дырылдаев, экономист Гани Абдирасулов, юрист Данияр Эркинбаев, талдоочу Айданбек Акматов, Талас облусунун мурдагы башчысы, активист Айбек Бузурманкулов кирген.

Алардын арасынан Бекназаров жана Айданбек Акматов азыр камакта отурушат. (RK)




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
ATP

После победы в Мадриде Рублев поднялся с 8-го на 6-е место в рейтинге ATP






Воробьёв возложил цветы к Могиле Неизвестного Солдата в Москве

Фашизм не пройдет!

МИД РФ: Россия жестко ответит на последние действия Британии

Александр Лукашенко рассказал коллегам по ЕАЭС о неудачах и задачах Союза