Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Октябрь
2022

Иранда шиилердин күмбөзүнө чабуул жасалып, кеминде 15 адам өлдү

0
Иранда шиилердин күмбөзүнө чабуул жасалып, кеминде 15 адам өлдү

Ирандын Шираз шаарындагы шии агымын карманган жарандардын сыйынуучу жайына жасалган чабуулдун курмандыктары кеминде 15ке жетти. Бул тууралуу Ирандын мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттары кабарлады.

Окуя 26-октябрда болгон. Шах Чераг күмбөзүнүн жанында кечки намаз окулуп жаткан маалда белгисиз адам туш келди ок чыгарган. Алгач 10 чакты адам өлүп, 40тай адам жараат алганы айтылган.

Ирандын расмий бийликтери ок чыгарган киши кармалганын маалымдады. Жергиликтүү соттук бийликтин башчысы Казем Мусави чабуулга “бир гана террорчу” аралашканын айтты.

Ирандын президенти Ибрагим Раиси кылмышты уюштургандарга “катаал жооп” болорун убада кылды. Өлкөнүн ички иштер министри Хоссейн Амир-Абдоллахян “террорчулар сырттан жөнөтүлгөнүн” айтты.

Чабуулду уюштурууга “Ислам мамлекети” террордук уюму жоопкерчилик алды. Аталган радикалдык кыймыл 2017-жылы Ирандын парламентине жана Ислам Республикасынын негиздөөчүсү аятолла Рухолла Хомейнинин мүрзөсүнө чабуул жасашкан.

Шираз шаарындагы соңку чабуул Ирандын коопсуздук күчтөрү нааразылыкка чыккандар менен кайрадан кагылышкан күнгө туш келди.

Хижаб кийүү эрежесин бузду деп айыпталган студент Махса Амини убактылуу кармоочу жайда каза тапкандан кийин өкмөткө каршы акциялар тутанган. Бийлик нааразылыктарды күч менен басууда. Акция уланып жатканына 40 күндөн ашты, андагы курмандыктар 200дөн ашты. (ErN)




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Андрей Рублёв

Рублев о победе на "Мастерсе" в Мадриде: у меня нет слов






Проверки домов на безопасность прошли в районе Якиманка

Захарова: Россия прилагает активные усилия по освобождению заложников ХАМАС

На мотоциклы из кортежа президента открыт предзаказ — старт продаж в 2025 году

Эксперт Президентской академии в Санкт-Петербурге про финал Всероссийской олимпиады школьников