Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Октябрь
2022

Кыргызстан–Европа Кеңеши келишимине кол коюуга даярдык талкууланды

0
Кыргызстан–Европа Кеңеши келишимине кол коюуга даярдык талкууланды

Кыргызстан менен Европа Кеңешинин ортосундагы кызматташтык келишимине кол коюу жараянына даярдык маселеси президент Садыр Жапаровдун аталган уюмдун президенти Шарль Мишель менен Астанадагы жолугушуусунда талкууланганын 27-октябрда мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди. Жапаров Европа Кеңешинин жетекчиси менен Казакстандын борбор калаасында өтүп жаткан «Борбор Азия — Европа Биримдиги» лидерлеринин биринчи жолугушуусу алкагында сүйлөштү.

Шарль Мишель “Кыргызстан менен Европа Биримдигинин ортосундагы кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташтык жөнүндө” деген аталыш менен даярдалып жаткан келишимди канааттануу менен белгилеп, Кыргызстанга кызматташуу боюнча конкреттүү долбоорлорду сунуштоого даярдык бар экенин билдирди.

Садыр Жапаров Европа Биримдиги менен кызматташтыкка быйыл 30 жыл болгонун, бул жылдар аралыгында аталган уюм Кыргызстан үчүн ишенимдүү өнөктөш жана негизги донорлордун бирине айланганын, ошондой эле эки тараптуу мамилелерди мындан ары да бекемдөө зарылчылыгын айтып, келишимге кол коюунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Европадагы 27 өлкөнүн башын бириктирген Европа Биримдиги менен өнөктөштүк жана кызматташтык тууралуу макулдашууга Кыргызстан 1999-жылы кол койгон.

Жаңыртылган макулдашуу тууралуу сөздөр 2017-жылдан бери айтылып келет. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин жаңы келишимге кол коюлганы жатканы тууралуу соңку маалыматы быйыл 13-апрелде жарыяланган. Анда негизги басым саясий кызматташтыкка, соода-экономика жана инвестиция мамилелерине, туруктуу өнүгүүгө бурулары айтылууда. (RK)




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
ATP

Лучший теннисист Казахстана сдал позиции в чемпионской гонке ATP






В Костомукше завершился открытый международный юношеский конкурс пианистов

Стилисты раскритиковали наряды присутствующих на инаугурации президента РФ

Соотечественники в Португалии провели акцию «Бессмертный полк»

История любви символов театра – в постановке Юрия Грымова