Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Октябрь
2022

Абдирасулова бийликти жапырт кармалгандарды бошотууга чакырды

0

Укук коргоочу Азиза Абдирасулова 27-октябрда Бишкекте өткөн маалымат жыйынында Кыргызстандагы акыркы жапырт кармоолорду "саясий куугунтук" деп атады.

Ал президент Садыр Жапаровдун өзүн, 2017-жылы тарапташтары менен чогуу кармаганда да алардын укугун коргоп жүргөнүн эске салып, кармалгандарды бошотууга бийликти чакырды.

23-24-октябрь күндөрү жапырт кармалып, камалган жыйырмадан ашуун адамдын жакындары бүгүн укук коргоочу менен бирге маалымат жыйын куруп, кармоолордун мыйзамсыз экенин айтып чыгышты. Алар башаламандыкка шектелип, камалгандардын арасында жөн гана ой-пикирин ачык билдирген карапайым адамдар да бар экенин белгилешти.

Биринчи май райондук сотунун чечими менен эки айга камалган Али Шабдандын жубайы Нурайым Сыдыгалиева жолдошу өз оюн эркин айтканы үчүн гана камалганын билдирди. Күйөөсү үйдө жалгыз багуучу экенин айтып, президент Садыр Жапаровдон аны бошотууну өтүндү.

Жарандык активист Айсулуу Кудайбердиева кармоо мыйзам бузуу менен болгонун, кармалгандардын арасында саясаттан алыс карапайым адамдар бар экенин айтты.

Кемпир-Абад суу сактагычынын жерин Өзбекстанга берүүгө каршы чыккан жыйырмадан ашуун оппозициялык саясатчылар жана активисттер 23-24-октябрда кармалып, калайман башаламандык уюштурууга даярданган деген шек менен эки айга камакка алынган. Ички иштер министрлиги (ИИМ) алар Кылмыш кодексинин 378-беренеси ("Массалык башаламандык уюштурууга даярдык") менен кылмыш ишинин алкагында кармалганын билдирген.

27-октябрь күнү мурдагы элчи Мамбетжунус Абылов ИИМдин Тергөө башкармалыгына суракка алып келгени кабарланды.

Башаламандыкка шек саналып жаткандардын баары өздөрүнүн мыйзамсыз кармалганын айтышууда.

Президент Жапаров улуттук "Кабар" агенттигине курган маегинде камалгандардын ишине чекитти сот кое турганын айткан.(ZKo)




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
WTA

WTA огорчила Елену Рыбакину после турнира в Мадриде






Боевые приобретения. Настоящий праздник мужественности прошел в Москве

Что произошло 8 мая в истории Якутии

Герой России Александр Колесов посетит парад Победы в Москве

Пельмени "Амур" разные заведения смогут готовить только после получения права