Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Октябрь
2022

Кытайда Компартиянын съездин утурлай жүздөгөн уйгурлар камалган

0
Кытайда Компартиянын съездин утурлай жүздөгөн уйгурлар камалган

Кытайда 16-октябрда башталып, 10 күнгө созулган Кытай Коммунисттик партиясынын ХХ съездин утурлай Шинжаңда жүздөгөн уйгурлар камалган. Бул тууралуу "Эркин Азия" радиосу ишенимдүү булактарына жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө таянып жазды.

Маалыматка караганда, уйгурларды кармоо июль айында эле башталган. Ал эми октябрда Шинжаң аймагына кирип-чыгууга тыюу салынган. "Эркин Азия" радиосу жазгандай, айрым булактар 2 миңдей киши кармалганын айтып беришкен. Ысымын атабаган полиция өкүлдөрү "кооптуу муун" деп эсептелген 2000-жылдары туулган жүздөн ашуун жигит кармалганын ырасташкан.

Кытайдын Шинжаң-Уйгур автоном районунда уйгур, казак жана кыргыздар баштаган мусулман жамааттарынын өкүлдөрү “саясий тарбия берүүчү лагерлер” деп аталган жайларга негизсиз камалып жатканы 2017-жылдан бери кабарланып келет. Ал жерде 1 миллионго чейин адам бар экени айтылып жүрөт.

Кытай Шинжаңдын тургундары диний же саясий көз карашы үчүн куугунтукталып жатканын четке кагып, алар кармалган лагерлерди кесипке үйрөтүүчү борборлор катары мүнөздөп келатат.

31-августта Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Адам укуктары боюнча башкармалыгынын көптөн бери күтүлүп жаткан баяндамасы жарыяланган. Анда Кытай бийлигинин Шинжаңдагы уйгурларды жана башка мусулман азчылыктарын күчтөп камап, кыйноого алып, катаал мамиле жасаганы “адамзатка каршы кылмышка” барабар болушу мүмкүн деп белгиленген.




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Арина Соболенко

Швентек и Соболенко устроили триллер за престижный трофей






Названы регионы, где большинство водителей ездит без страховки

В Петербурге с туристов за месяц собрали 19 млн рублей

Элитные VIP похороны услуги Санкт-Петербург

Директор школы Булаева: необходимость в репетиторах перед ЕГЭ снизилась