Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Октябрь
2022

CPJ уюму "Азаттыктын" сайттарынын бөгөттөлүшүн “чектен чыккан цензура” деп атады

0
CPJ уюму

“Журналисттерди коргоо комитети” (Committee to Protect Journalists - CPJ) эл аралык укук коргоо уюму "Азаттык Медианын" сайттарынын ишинин бөгөттөлүшүн “чектен чыккан цензура” деп атады. Уюм 27-октябрда тараткан билдирүүсүндө "Кыргыз бийлиги бөгөттөөнү тез арада токтотуп, аткаминерлерге алар үчүн ыңгайсыз репортаждарды чыгарбоого чексиз мүмкүнчүлүк берүүчү мыйзамды жокко чыгаруусу зарыл” деп белгиледи.

«“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун кыргыз кызматынын сайтын бөгөттөө – бул маанилүү ЖМКга карата чектен чыккан цензура жана бул жалган маалымат тууралуу мыйзамдын өтө кооптуулугун көрсөтүп турат», – деди CPJ уюмунун Европа жана Борбор Азия боюнча программалык координатору Гүлноза Саид.

26-октябрда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги "Азаттык Медиа" мекемесинин веб-сайтын эки айга жабуу чечимин чыгарды. Министрлик тараткан билдирүүдө "маалымат айдыңында Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктарына каршы келген анык эмес (жалган) материалдарга (2022-жылдын 14-17-сентябрындагы окуялар тууралуу такталбаган маалыматтар) байланыштуу ушундай чара көрүлгөнү" айтылат.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун президенти Жейми Флай буга байланыштуу билдирүү жасап, сөз болгон материалда журналистиканын эл аралык стандарттары сакталганын белгилеген.

“Азаттыкка” тилектештигин жергиликтүү жана эл аралык башка да ири уюмдар, саясатчылар, активисттер билдирүүдө.

CPJ – 1981-жылы журналисттердин укуктарын коргоо максатында түзүлгөн эл аралык уюм. Ал дүйнө жүзү боюнча журналисттерге карата куугунтук фактылары тууралуу маалымат чогултат. (RK)




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Рафаэль Надаль

Определился соперник Надаля в первом круге «Мастерса» в Риме






Ереван заявил о нежелании участвовать в финансировании ОДКБ

Липецкая область ввела режим ЧС в сельском хозяйстве

«Символ бессмертия и героизма»: в Москве возложили цветы к памятнику Мусе Джалилю

Грузовик насмерть сбил девочку на велосипеде в Подмосковье